“Борбордук Азия – диалогдун жана кызматташтыктын аймагы”

459EC7A7-2942-4879-8A96-3E7F7C3E07EE_mw800_mh600Бишкекте 29-мартта ачылган “Борбордук Азия – диалогдун жана кызматташтыктын аймагы” Эл аралык форумдун максаты – коңшулаш мамлекеттер ортосундагы маселелерди диалог жолу менен чечүүгө жетишүү.

Дүйнөнүн 14 мамлекетинен өкүлдөр катышып жаткан “Борбордук Азия – диалогдун жана кызматташтыктын аймагы” эл аралык форуму Кыргыз өкмөтүнө караштуу Маданият агенттигинин, Эл аралык “Диалог Евразия” платформасынын жана эл аралык “Руханият” ассоциациясынын колдоосунда уюштурулду.

Аталган форумда алгач эл аралык “Диалог Евразия” платформасынын төрагасы Нурлан Орозалин сүйлөдү:
Тарыхы жана маданияты эң жакын Борбордук Азиянын – Кыргызстан, Казакстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан өлкөлөрү абалтан кошуналык жакын мамиледе жашап келишет. Бирок бул жакын өлкөлөр ушул кезге чейин айрым маселелерди биргелешип чечүү боюнча – мисалы, жер, суу, чек ара дагы башка маселелерди чечүүдө – бирдей келишимдерге келише элек.

Эч кимге жашыруун эмес, Кыргызстандын айрым жерлеринде улуттар аралык жаңжалдар болуп кетип жатат. Диний ажырымдар келип чыгууда. Мындай маселелер албетте түшүнүшүп сүйлөшүү менен гана чечилет. Форумдун эң башкы максаты – мына ушул.

Эл аралык “Диалог Евразия” платформасынын демилгечиси, алгачкы төрагасы, дүйнөлүк улуу жазуучу, улуу инсан Чыңгыз Айтматов болгон. Чыңгыз Айтматовдун урматына платформанын жетекчилиги “Айтматов” атындагы орденди негиздеп, өтүп жаткан Форумдун алкагында аталган орден менен алгач президент Курманбек Бакиев сыйланды.

Президент Курманбек Бакиевдин платформанын жетекчилигине ыраазычылыгын жыйында президенттин администрация жетекчиси Каныбек Жороев окуп берди.

Түркиянын улуттук улуу кеңешинин жыйынынын депутаты Илхам Кундуз “Ала-Тоого, ата-баба жериме келип турганыма абдан сүйүнөм. Түрктөр – алатоолук кыргыздардын урпактарыбыз” деп баштады:
Албетте чечилбей келаткан маселелер көп. Ал маселелерди диалог, толеранттуулук жана түшүнүшүү жолу менен чечишибиз керек. Мындай маселелерди максатка ашырууда – учурдагы муун, жаштарыбыз көп жардам бериши керек. Мен бул максаттардын Борбордук Азияда гана эмес, жалпы Евразияда ийгиликтерге жетишерине үмүт артам.

Орусиянын мамлекеттик кеңешчиси, Калмыкия өкмөтүнүн инвестициялык саясат министри Камилжан Каландаров Бишкекте өтүп жаткан Форумдун бир эле Борбордук Азиянын эмес, жалпы планетанын проблемаларын талкууга аларына, мындан кийин да алган багытын улантаарына , достуктун бир эл аралык аянтына айланаарына орусиялыктар ишеним байларын билдирди:
Союздун кулашы менен бир топ проблемалар өсүп чыкпадыбы. Баары эле бизге жакшы ою менен келип жатышпагандыр… Бирок, Кудайга шүгүр, Евразиянын коопсуздугу, келечек жана калктардын маданияты үчүн ою жакшы адамдар, өлкөлөр жок эмес.

Эл аралык “Диалог Евразия” платформасынын Кыргызстандагы өкүлү, Жогорку Кеңештин депутаты Асан Ормушев мамлекеттер аралык мамилелерди элдин интеллектуалдык катмарынын өкүлдөрүн катыштыруу менен чогуу чечүүбүз зарыл деген пикирде:
Орто Азиянын – Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркменстан өлкөлөрүнүн ортосунда учурда суу, энергетика, жер, газ маселелери боюнча чечилбей келаткан проблемалар көп. Алдыда аталган маселелер боюнча талкуулар жүрүп, биз сүйлөшүү жолу менен ички маселелерди ийгиликтүү чечебиз деп ойлойм.

“Борбордук Азия – диалогдун жана кызматташтыктын аймагы” форумунун катышуучулары 30-мартта андан ары ишин улантуу үчүн Ысык-Көлгө жөнөп кетишти.

Фатима Абдалова, “Азаттык”, 30.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.