Эл бааласын эмгекти эселентип

SooronovOКөркөм адабий китепке болгон мамилеми, ой-пикирими, китептин адам өмүрүндөгү, коомдогу маанисин, таасир-күчүн, тарых тамгасы, эл кенчи экенин, анын азыркы кейиштүү абалын кеп кылып учурунда гезит бетине (өткөн жылы «Кыргыз Туусуна») бирооз сунуш киргизгеним бар эле. Ал көйгөй дагы эле көңүлүмү өйүгөнү – өйүгөн.

Эми минтип акын-мударис Омор Соороновдун эки китептен турган «Кол жазмалар жөнүндө сөз» аттуу эмгеги колума тийди. Аты айтып тургандай кол жазмалар жөнүндө. Демек, автор өзүнөн мурда өзгөлөрдү, таланттардын каймактарын калпып алып, алардын кылымдап жабыкта жаткан жандүйнөсүн – алтынга алмаштыргыс эмгектерин (алтын демекчи, аны казып кум-таштардан ажыратып, элеп-чайкап дегендей, далай маңдай терди агызгандан кийин гана алтын аты затына ээ болот эмеспи) окуп чыктым.

Эки томдукту окуп чыгып, окурмандарга ой толгоомду ортого салып ушундай китеп бар экенин айтып-деп, авторго ыраазычылыгымды билдирбесем боло турган эмес, анткени, ушунча кубаныч, ушунча толкун купуя кала албайт. Бул – өлгөндөр тирилген кубаныч! Анда-санда эле кээ бирөөлөрүнүн анча-мынча ырларын ар кайсы басма сөздөрүнөн окуп калганыбыз болбосо, алардын өмүр-тагдырынан жарытылуу эч нерсе билбегенибиз жалганбы?

Бүйүрүбүз кызып, чаңкообуз канбай, кайрандардын эмгектерине жетпей… Көрсө, өлбөс-өчпөс, арыбас-ачпас дүнүйө бизге көрүнбөй бекем-бекем катылып, кайрылып келер заманын күтүп, мезгилсиз жарыкка чыкса бурмаланып, буулугуп жаткан тура чиркин!

Араб, латын алфавитиндеги кол жазмаларды орус тамгасына которуп отуруунун өзү эле эмне деген эмгек! О.Сооронов аны менен эле чектелбей, эки доордун эриш менен аркагын токуп эртеңки муунга, келечектеги укум-тукумубузга кала турган зор эмгекти жаратканына, туу тутунган инсандарыбыздын бетине тартылган көшөгөнү ачканына, жалганга жаадай тартылган Сөз кереметине башымды төмөн ийип: -Баракелде! – дедим. Өткөндөр өткөнү менен караңгылыктын кара шайтандары таланттарга кара көз айнек менен караганын дагы эле койбойт. Кечээ эле Айтышта алдына акын чыгарбаган актаңдай төкмө кыргыздын байрагындай болгон Майра Керим кызын кайсы эле “аткаминерлер” баалап коюптур… Өлөөрүн билген Майра: «Табытым опера-балет театрынан чыгарылса, эл-журтум менен коштошуп кетсем» дегенине «болбойт, наамы жок» деген жооп болгон экен. Мына сага адабият-маданият чыгаандарын аздектей тургандардын Рух дүйнөсү! Ошону айткан немеге  «Теректей бой берген Кудай теменедей Рух бербептир» го. Болбосо, тирүүсүндө сыйлашка үлгүрбөй калса, акыркы каалоосун орундап арбактын алдынан өтүп койсо болбойт беле. Караандарын калдайтып өкүмөт өңдөнүп эл алдында эл эсебинен нан жеп жүргөндөрүнө гана күйөсүң.

Өткөн өмүрлөрдүн өчкөн чырагына өз өмүрүн билик кылып жандырып, өкүмөттүн бар жогуна карабай,  өмүрлүк жубайы Сонордун, балдарынын колкабышы менен чыгарган О.Соороновдун «Кол жазмалар жөнүндө сөз»  китебинен өткөн доордогу кыргыз акындары жөнүндө көңүл тоё маалымат алып, арасынан «Аялдан чыккан ак таңдайды» окуп өзгөчө толкундандым, бул китептин акыры жүрүп адабий тарыхыбыз катары окуу китебине айланышына көзүм жетти. Анаргүлгө суктандым, таңкалдым. Өткөн заман такыялуу таланттарга ачыкка чыгууга жол бербесе да, кемсинтсе да акын Кудай берген кудуреттүү ыр дүйнөсүн таштабай жеңилбептир, жеңиптир. Өмүрдөн небак өтсө да элде калган өнөрү өлбөй бизге чейин келиптир, түбөлүк кала бериптир. Батыштан чыккандардын, Европа акындарынын кыргыз шакирттерине, ошолорду туурап, кээде алардан сапма сап уурдап алып асмандап жүргөндөргө: – Өз уңгуңа, улутуңа, уругуңа ка­расаңчы, өзгөлөрдү өздөштүргөнчө Анар гүлдөй өз нускаңды калтырсаңчы, Аннаны эмес, Анаргүлдү туурай бер өз угутуң түгөнсө, – дээр элем.

Ал эми алгачкы романчы алп жазуучубуз маркум Мукай Элебаев жөнүндөгү асыл мурас – автордун Мукайга тургузган алтындан кымбат эстелиги.

Ушул кыйын-кыстоо күндөрдө адабиятыбыздын элге жете албай мүңкүрөп турганына карабастан, заман көчкүсүнөн суурулуп чыгып өз каражатына 250 нускада зор китепти  жарыкка чыгарган эмгекти Эрдик, Баатырдык деп айтайын. Миңдеген, миллиондогон окурмандарга 250 китеп тамчы суудай да жетпей турганы өкүнүчтүү дей туруп, экинчи томдон орун алган көлөмү чакан макалаларда айтылган маселелер ар бир кыргызга абадай зарыл экенин түшүнгөн, кыргыз Эл үчүн күйгөн, Эл үчүн деп, Мекен үчүн деп капитал жыйып жүргөн бирөө бар, ошол бирөө ушул китепти Эл пайдасы үчүн биз- нестин бийигине чыгарат,-деп ишенгим келет. Эл окуш керек ушуну!

Ошону менен бирге урматтуу даанышман, кеменгер Омор Соороновго: Ар бир «Мен – кыргызмын»,- деген жарандын китеп текчесинен «Кол жазмалар жөнүндө сөз» китебиңиз орун алсын, – деп ак тилек айтып, өзүм да акын деген ыйык атты аркалап жүргөндөн кийин каалоомду ыр менен аяктайын.

Ашкерелеп кызматта кимдин кимин,
Аздектепсиз ашыкпай тилдин дилин.
Аркалапсыз далай жыл эмгектенип,
Ташка тамга баскандай Сөздүн жүгүн.

Жан ачыткан жалганга коюп кылтак,
Жолуңузду жолдоочу шакирт чыкмак.
Чаңкаганын кандырып мурас-маек,
Касиеттүү сөз жайын билди урпак.
Эл бааласын эмгекти эселентип,
Көңүлүңүз Көк Туудай көкөлөсүн!

Айшеке Курманова, “Жаңы ордо”, 26.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.