Гапар Айтиев атындагы Улуттук сүрөт музейинде көргөзмө ачылат

6-апрелде Бишкекте Гапар Айтиев атындагы Улуттук сүрөт музейинде Россиядан, Украинадан, Беларустан, Грузиядан, Казакстандан, Өзбекстандан, Германиядан  жана Кыргызстандын өзүнөн алынган “1989-2009: Өзгөрүлүп жаткан дүйнө – эсте каларлык мезгил” деген азыркы фотосүрөттөрдүн жана видеонун көргөзмөсү ачылат. Бул туурасында анын уюштуруучусу – “Б”Арт Контемпорари” коомдук фондусу билдирген.

Анын маалыматтары боюнча, көргөзмөгө коюлган иштер Берлин дубалы бузулгандан кийин 1989-жылы башталган мурдагы Советтер Союзунун өлкөлөрүндөгү терең кайра түзүүлөрдүн динамикалуу процесстери кандайча кабыл алына жана чечмелене тургандыгын көрсөтөт.

Көргөзмөгө 200 фотосүрөттөр жана видеолор коюлат. Көргөзмөнүн концепциясын Берлинден куратор Юле Ройтер айым иштеп чыккан. Гете атындагы Немис маданий борбору бул көргөзмөнү Москвада, Минскиде, Киевде, Тбилисиде, Ташкентте, Алма-атыда, Санкт-Петербургда, Новосибирскиде жана башка шаарларда көрсөтөт.

ЖТ, “Кабар” МА, 29.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.