Кытайда Кыргыз маданиятынын күндөрү өтөт

Кытайда Кыргыз маданиятынын күндөрү өтөт. Бул туурасында республиканын Маданият мамагенттигинин басма сөз кызматы билдирет. Маданият мамагенттигинин деректири Ибрагим Жунусовдун кытайлык коллегасы Цай У менен болгон Пекинде өткөн жолугушуусунда үстүбүздөгү жылдын жай айларында КЭРдин СУАР аймагында Кыргыз маданиятынын күндөрүн өткөрүү тууралуу макулдашылган.

Билдирилгендей, Ибрагим Жунусов жана Цай У аталган иш-чараны 2012-жылы КЭР жана Кыргызстандын ортосундагы дипломатиялык байланыштардын түзүлүшүнө 12 жыл толгондугун утурлап өткөрүүнү чечишти.

МА, “Кабар” МА, 30.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.