Шейне Коринин “Милли жана Мейси парады” китеби кыргыз тилинде жарыкка чыкты

Кыргызстанда америкалык жазуучу Шейне Коринин “Милли жана Мейси парады” балдар үчүн арналган китеби кыргыз тилинде жарыкка чыкты. Мындай маалыматты АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган китеп Кыргызстанда мамлекеттик тилдеги балдар адабиятын өнүктүрүүнү колдоого алуу максатында жарыкка чыкты. Китепти кыргыз тилинде басып чыгарууну АКШ элчилиги каржылаган.

“Милли жана Мейси парады” балдар китеби Кыргызстандын бардык аймактарындагы китепканаларга таркатылат.

Эл аралык балдар китебинин күнүнө карата уюштурулуп жаткан бул китептин бет ачары үстүбүздөгү жылдын 2-апрелинде Бишкектеги К.Баялинов атындагы республикалык балдар жана өспүрүмдөр китепканасында өтөт. Ага АКШнын Кыргызстандагы элчиси Татиана К. Гфэллэр баштаган Маданият мамлекеттик агенттиги, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү катышат.

Белгилей кетсек, Эл аралык балдар китебинин күнү 2-апрелде – улуу жомокчу Ханс Кристиан Андерсендин туулган күнүндө белгиленип келет. Бул датаны белгилөө 1967-жылы Балдар китеби боюнча эл аралык кеңештин демилгеси жана чечими менен кабыл алынган.

М.Ибраева, “Кабар” МА, 31.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.