Кыргызстанда “Жыйырма биринчи кылымдын манасчысы” эл аралык конкурсу жарыяланды

Кыргызстанда Мурас жылына карата  “Жыйырма биринчи кылымдын манасчысы”  эл аралык  манасчылардын конкурсу жарыяланды.

Бүгүн иш-чаранын  уюштуруучулары билдиргендей, тандоо туру 1-майда Бишкекте өтөт. Тандоо туруна  Кыргызстандан да, башка өлкөлөрдөн келген да  16 жаштан жогору манас айтуучулар катыша алат. Тандоонун шартына ылайык, катышуучулар «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпосторунан калыстар тобу сунуштаган эки  үзүндүнү айтууга тийиш. Ар бир  манасчыга 10 мүнөттөн убакыт бөлүнөт. Тандоо турунан өткөн 5 манасчы конкурстун биринчи айлампасында күч сынашат.

атышуучуларга коюлган негизги талаптарга ылайык, алар эпосту толук бойдон билүүгө тийиш жана аткаруу чеберчилиги, улуттук кийимди тандоосу, сценада өзүн алып олтуруу маданияты болуусу зарыл.

Конкурстун сыйлык фонду 1 млн сом.

«Zpress.kg» МА, 01.04.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.