Президент Курманбек Бакиев Жогорку Кеңешке «Манас» эпосу жөнүндө” Мыйзамдын долбоорун жөнөттү

2010-жылдын 31-мартында Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине «Манас» эпосу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жөнөттү.

Бул Мыйзамдын долбоору «Манас» эпосун кыргыз элинин кайталангыс руханий мурасы катары сактоого, өнүктүрүүгө жана кеңири жайылтууга байланыштуу маселелерди жөнгө салуу максатында иштелип чыккан.

Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Ынтымак Курултайынын делегаттарынын сунуштарын жана пикирлерин эске алуу менен иштелип чыккан.

“Кабар” МА, 31.04.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.