“Сахна” театры элдик дастандын негизинде спектакль койду

images_1299Нарын шаарында «Сахна» көчмө театры «Аксаткын менен Кулмырза» дастанын нарындыктарга тартуулады. Бул көчмө театр  классикалык салттардан  четтеп пластикага, пантомимага, кыйытуу түрүндө символдоштурууга басым жасоо менен ойду көрөрманга жеткиргени менен баалоого татыды. Классикалык декорациядан  айырмаланып сахнаны жазалгалоодо жөнөкөйлүккө, актерлор кийим шартына, гримге маани бербей эмоция, кыймыл аракет менен көрүүчүгө идеяны жеткирүүгө аракет кылышкан.

Режиссер Нурлан Асанбеков элдик  дастан менен белгилүү философ, акын Барпынын дүйнөнүн жаралышы, Жер,Суу, өлүм ж.б. сыяктуу түбөлүктүү темаларды чагылдырган көркөм саптарын  жуурулуштурган. Оюнда режиссер актерлор  аркылуу сөздүн күчүн эле колдонбостон оюнду байыркы кыргыздардын  ритуалдык  бийлери менен айкалыштырган.

Т.Дүйшөналиев, «Кабар» МА, 31.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.