Азербайжанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт

Кыргызстандын маданият агенттигинин директору Ибрагим Жунусов Азербайжандын КРдагы элчиси  Ариф Агаев менен маданият кызматтыштыгы боюнча сүйлөшүү жүргүздү.

Бул тууралуу Маданият агенттигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган маалыматка таянсак, Кыргызстанда учурда 20 миңге жакын азербайжан жашайт.

Элчи Ариф Агаев азербайжан диаспорасы өзүнүн улуттук маданиятын сактап жана өнүктүрүп жаткандыгына канаантангандыгын билдирди.

Тараптар ушул жылдын Азербайжандагы Кыргызстандын маданият күндөрүн, ал эми келерки 2011-жылы  Кыргызстанда Азербайжандын маданият  күндөрүн өткөрүүнү пландаштырды.

«Zpress.kg» МА, 02.04.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.