Талантаалы Бакчиев, манасчы, филология илимдеринин кандидаты, И.Раззаков атындагы КТУнун доценти АЗЫРКЫ МАНАС ТААНУУНУН АБАЛЫ ЖАНА АГА КОЮЛГАН ДООМАТТАР

Кыргызстандагы азыркы орто, жогорку окуу жайларында өтүлүп жаткан “Манастаануу” окуу курсунун тегерегинде жүрүп жаткан эл ичиндеги ар кандай ой-пикирлер көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып, көңүлүн өрөпкүтүп келет. Айрым бир учурларда аты аталган окуу курсун “жоюу керек” деген пикирлер айтылып калып жүрөт. Дагы бир айрымдар “Манастаануу” курсу “улутчул окуу” деп да айтылып келүүдө. Мына ушул жана башка ушул сыяктуу ой-пикирлерге карата мен өзүмдүн жеке мамилемди билдирип коюуну туура көрдүм.

“Манас” – кыргыз элинин көп кырдуу, көп сырдуу тарыхын, улуттук эс тутумун, акыл-эсин, аң-сезимин сактап келген маалымат булагы, улуттук-генетикалык код. Ал укумдан-тукумга, тукум кууп, аян аркылуу өтүп келген руханий баалуулук. “Аян”, “түш”, “кайып”, “дааруу” ж.б.у.с. сөздөрдү айта келгенде эле айрым кыргыздар, өзгөчө академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү бала кезинде, айыл ичинде угуп-көрүп эле жүрүп, азыр тикесинен тик туруп, бейтааныш сөз уккансып чоочуп кетет. Бул жагынан алганда биз – кыргыздар кызык эле элбиз, кыргыз айтса ишенбей, башка бир улуттун өкүлү айтса, таң калып: “чын эле ушундай турбайбы” деп, ынанып калабыз. Ал эми айтаар сөзүбүз кичине болсо да ынанымдуу болушу үчүн мына ошол Батыш менен Чыгыш элдеринин пикирлерин эске сала кетейин: “Манас – бул байыркы түрк тилдүү элдердин дубасы (санск. “Манастар хира-а” – “Менин күнөөлөрүмдү кечир”), эң жогорку акыл-эс (высший разум), жогорку деңгээлдеги киши (сверхчеловек), адамдын ички сезими (внутреннее чувство человека), кишинин аң-сезимин негиздеген жана иреттеген жогорку жетинчи деңгээлдеги аң-сезим (концептуализирующее и систематизирующее сознание человека высшая ступень сознания – седьмое сознание) деп түшүндүрүп келишкен. Ал эми белгилүү орус окумуштуусу Н.Рерих өзүнүн “Түбөлүктүүлүк жөнүндө…” аттуу китебинде: “Манас – бул жогорку деңгээлдеги ойдун чыңалуусунун негизинде жаралып, бөлүнүп чыккан нур, жарык, энергия. Биз муну аныктап, баалуулугун изилдеп, турмушка ашырышыбыз керек” (Рерих Н.К. “О Вечном…” – М.: Политиздат, 1991. стр.172) деп, какшап жатат.

Ооба, Манас – адамзаттын ар кайсы өнүгүү кыйдамдарында келип туруучу ар кандай формадагы, деңгээлдеги, ар кандай мейкиндиктеги кубулуштур. Бирок кыргыздар үчүн, Манас – элди биримдикке алып келүүчү чыгаан баатыр, даанышман иретинде жана анын баатырдыгын, даанышмандыгын баяндаган кайып сөз иретинде келип отурбайбы. Мүмкүн биз көрө албай, туялбай, сезе албай, тааный албай турган дагы бир кыйла сырлар катылып жаткандыр же аны таануунун учуру келе элекпи? А мүмкүн, тааныгыбыз келбей тургандыр?

“Манасты” атабыз тааныбаган кайдагы бир “эпос” деген грек сөзү менен чектеп, “эпос” түшүнүгүнүн өтө тар мүмкүнчүлүктөрүнө камап салдык. Ал эми ошол “Манас” кайып сөзүн кабыл алып, элге жеткирип турган манасчы эмеспи? Манасчылардын эл ичиндеги орду обурактуу. “Манасчылар кудайдын колдоосунун, кайыптардын дааруусунун натыйжасында айтып калышкан” деген ишеним кыргыз элинин аң-сезиминде орноп келет. Мындай ойду манасчылардын өздөрү да тастыктайт. Көчмөн кыргыз элинин сыйынганы жана таянганы Манас. Сыйынса да, колдоо сураса да, алкаса да, сүйүнсө да, кайгырса да “Манас!” деп турат. Кыргыз эли Манастын өзүн эле эмес, анын дүйнөсүн жана ага тийиштүү бардык нерселерди да өзгөчө ыйык тутушат. Мунун себеби эмнеде? Эмне үчүн Манаска болгон элдик ишеним ушунчалык зор, ушунчалык бекем? Эмне үчүн жалпы кыргыз эли (эл ичиндеги кайсы бир уруу эмес) бир Манаска жана анын дүйнөсүнө ушунчалык зор маани бөлүп, кыргыздын колдоочусу-пири катары тутуп келет?

Минтип собол артынан собол узатып жатып, биз жооп табууга аракет кылабыз. Кыргыз улутунун кайсы бир өкүлү үчүн мындай суроолор күлкү келтирээрлик, болбогон суроолор катары угулушу мүмкүн. Ал эми башка улуттун өкүлү үчүн, же Кыргызстандын урбанизацияланган жаш муундары үчүн ынандыраарлык кандай жооп кайтарсак болот? Буга чейин калыптанып калган илим жана анын деңгээлиндеги көз караш мындай суроолорго татыктуу жооп бере албай жатат. Ошондуктан “азыркы Манастаануу” илими туңгуюк абалга туш болуп отурат. Буга бирден бир себепкер болгон мурдагы материалисттик, атеисттик көз караштагы илимдин принциптери. Азыркы күндө материалисттик багытындагы принциптер жеке эле гуманитардык илимдерди эмес, так илимдерди да туңгуюк абалга алып келип, кептеп салды. Анын эң чоң бир далили катары азыркы дүйнөлүк экономикалык кризисти да айтсак болот.

Мына ошол эски көз караштын айынан, “Манасты” биз көркөм чыгарма катары гана таанып калдык. Ошол оюбуз менен гана чектелип, ары карай кадам таштай албай турабыз. Манасчылыкты болсо, “акындык өнөрдүн бир түрү” деп түшүндүрүп, манасчы башынан кечирген арбак дааруу процессин “курулай мактануунун”, “элден өзгөчөлөнүүнүн” аракети, а түгүл “курулай миф” катарында кабылдап келгенбиз. Ал эми манасчылык өнөрүндөй кылымдар бою эл ичинде жашап келген табигый кубулуш, салттуу көз караш менен эч эсептешпей туруп, расмий илим ал ойду четке кагып келди. Ошондуктан болсо керек, Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын бардык адистиктерине милдеттүү сабак катары кирген “Манастаануу” курсу (тилекке каршы айрым менчик жана чет элдик жогорку окуу жайларына дагы да болсо бул курс кире элек), азыркы жаштардын талаптарына жооп бере албай, супсак берилип жатат. Себеби, аларга биз “Манасты” жөө жомок катары түшүндүрүп, анын уңгусуна, философиясына сереп салбайбыз, тагыраак айтканда сереп сала албай келе жатабыз.

Кылымдар бою “Манас” баянын айтып келе жаткан “манасчыны” биз табигый кубулуш катары тааныгыбыз келбей жатат. Бул бүгүнкү күндүн чындыгы! Мындай мамиле, кыргыз элинин жалпы эле эзотерикалык (грек. тандалган адамдардын купуя сыры), окультизмдик (адамдагы жана космостогу сырдуу күчтөрдүн бар экендигин тааныган окуу), флюиддик (лат. физикалык тирүү жандыктардын жана физикалык заттардын бөлүп чыгарган энергетикалык нуру) ж.б.у.с. жаатындагы кубулуштарга карата болуп жатат. Ал эми Кыргызстандын азыркы расмий илимий чөйрөсү таптакыр эле кежирленип, моюн толгогону толгогон. Мүмкүн, жогоруда айтылган Манастын айланасындагы кубулуштар табигый кубулуштарга кирбегендир, андай болсо анын чын-төгүнүн далилдеп, аныктоо зарыл. А мүмкүн, Кыргызстандын азыркы расмий илимий чөйрөсүнүн деңгээли жетишээрлик эмес? Андай болсо, ачыгын айтуу керек. Кандай болгон күндө да, кайсы бир кубулушту, өзгөчө эгерде ал табигый түрдө келип чыккан кубулуш болсо, чануудан мурда, аны изилдеп, аныктап, жок дегенде байкоо жүргүзүү абзел. Ал эми илимдин негизги принциби, милдети табигый кубулуштарды чануу эмес, изилдөө эмеспи? Жок, эгер чама-чаркы чакталуу болсо, чечкиндүү түрдө, мурдагы көз караштарды, мамилелерди кайрадан карап чыгып, изденүү процессине өтүшү зарыл. Мындай аракеттер азыркы сенек болуп калган расмий илим тарабынан түшүнбөөчүлүктү жаратып, өтө терс кабылданышы мүмкүн. Дүйнөлүк илимдин тарыхында мындай мисалдар ого эле арбын болгон. Мындай мамиленин келип чыгышынын бирден бир себеби, эчендеген жылдар, кылымдар бою калыптанып түзүлүп калган моделдерге жедеп көнүп, жаңыны кабыл ала албагандыгында. Себеби, азыркы көз караштын көп жылдык тажрыйбасы бар, туруктуу модели бар. Мына ошондуктан ал ишенимдүүрөөк, жакыныраак. Ал эми жаңынын иши жаңы. Жаңы нерсе ар дайым кооптонууну, ишенбөөчүлүктү жаратат.

Кыргыз элинин улуттук салттуу маданиятынын бир көрүнүшү катары “манасчылык өнөрүн” толук эсептөөгө болот. ХХ кылымдын 30-жылдарынан тартып, фольклористтер менен этнографтар манасчылык өнөрүнө кызыгуусун арттырып келишкени менен илимий обьект катары изилдөөгө алышкан эмес. Ал эми манасчылык өнөр тууралуу биз азыр эмне билебиз? Колубузда кандай маалыматтар бар? Ооба, манасчылардын аркасынан түшүп, көкүрөгүнө сактап, баяндап келген “Манастын” текстин үлгүрүшүнчө кагазга, аудио-видеотасмаларга түшүрдүк. Сурамжылап отуруп, кыскача, обзордук түрдө өмүр баянын, портретин түздүк. Өмүр баяны менен кошо алардын “Манасты” айтып калгандыгынын айрым бир себептери жөнүндө кыскача маалымат алдык. Дагы?

Мындай кейиштүү абалды кыргыз эле эмес, жалпы дүйнөлүк илимде да байкаса болот. Бул жөнүндө белгилүү орус окумуштуу-фольклористи Б.Путилов мындай дейт: “Атаганат, моюнга алышыбыз керек. Биздин жана чет элдик илим бул маселенин үстүндө болгон мүмкүнчүлүктөрүн толук кандуу жумшай алган жок. Эпостун тарыхы, генезиси, мазмуну, поэтикасы деп жатып, биз айтуучунун табиятын жана айтуучулук өнөрдүн маселелерин борбордук орунга кое албай келдик. Улам бир айтуучунун вариантын кагазга түшүрүү менен алектенип жатып, биз анын өнөрүнүн калыптанышына, текстти өздөштүрүшүнө, эпосту аткаруудагы өзгөчөлүктөрүнө, вариативдүүлүгүнө, өзүнүн репертуарына болгон жеке көз карашына көңүл бура албадык. Айтуучунун аркасынан сая түшүп, эпостун текстин жазып алабыз деп жатып, анын жан дүйнөсүн түшүнүүгө үлгүрө албай калдык. Жазылып алынган текст аркылуу биз айтуучунун деңгээлин аныктап жаттык. Ал эми эпос жыйноочулардын көпчүлүгүндө, айтуучулук өнөрүн иликтей турган, так иштелип чыккан программа да, методика да болгон эмес. Мына ошондуктан, азыркы күндө сейрек кездеше турган айтуучу жана анын өнөрү жөнүндө кеңири маалымат бизде жок болуп жатат” (Путилов Б.Н. Эпическое сказительство: Типология и этническая специфика. – М.: Издательская фирма “Восточная литература” РАН, 1997. 10 стр.).

М.Пэрри, А.Лорд, Б.Путилов сыяктуу окумуштуулардын айтуучулук өнөрдүн келип чыгышы, калыптанышы жөнүндө ири илимий изилдөө иштерин эске албаганда, абал чын эле кыйын. Айтуучулук өнөр сыяктуу феноменди изилдөөдө азыркы фольклористика илиминин мүмкүнчүлүктөрү өтө эле чектелүү болуп калды көрүнөт. Андыктан, антропология, трансперсоналдык психология, этнология, теософия, философия ж.б. илимдердин катышуусу менен гана айтуучулук өнөрдүн айрым сырларын ачууга келечекте мүмкүнчүлүк ала алабыз. Бул жагынан алганда, манасчынын практикасы (башынан өткөргөн окуялары, тагдыры) табылгыс, баалуу илимий изилдөө обьектиси катары кызмат аткарып бере алат. Ошол эле “манасчылык өнөр” аркылуу “Манасты” таанууга дагы бир жолу ачылат.

Ал эми Кыргызстандагы окуу жайларында “Манастаануу” окуу курсу “улутчул” маанайда берилип жатат дегендиктин өзү суу кечпеген сөз. “Манас” кыргыз улутунун руханий баалуулугу. Демек, ал кыргыз улутунун дүйнөтаанымын, тарыхын, маданиятын, тилин өзүнө камтып, чагылдырган руханий дүйнө. Кыргыз улутун таанытуунун бирден бир жолу жана мүмкүнчүлүгү мына ошол “Манастаануу” курсу эмеспи? Бул жагынан алганда, “Манастаануу” улутчул эмес улуттук. Манас өзү да кыргыз улуту үчүн күрөшкөн.

(Уландысы кийинки санда)

“Эл сөзү” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 29.12.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.