Аты өчпөс асылзат акын

12-декабрь кыргыз элинин улуу классик акыны Алыкул Осмоновдун дүйнөдөн кайткан күнү. Акындын жарык дүйнөгө келгенине быйыл 95 жыл, дүйнөдөн өткөнүнө 60 жыл болуптур. Баягы эле жылдан жылга былк этпеген, чечилбеген маселелер. Алыкулдун үйү кандай абалда, музейдин жагдайы, чыгармалары басылып жатабы? Же Алыкулдун аты бир брендге, жеке адамдарга пайда алып келиш үчүн эле пайдалануудабы? Акындын ырларын, өрнөктүү өмүрүн, чыгармачылыкка мамилесин кантип келечектеги муунга жеткириш керек? Айтор ушул сыяктуу суроолор толтура…

Каптал-Арык айылындагы Алыкул Осмоновдун музейинин директору Нестан СЫДЫГАЛИЕВА: “Декабрда Алыкулдун 95 жылдыгын өткөрүүнү пландаганбыз”
Быйыл Алыкул Осмоновдун 95 жылдыгын өткөрүү боюнча демилге көтөргөн экенсиздер, иш кандай жүрүп жатат?
Негизинен бул юбилейди белгилөөнү өз демөөрчүлөрүбүз менен ишке ашырганы турабыз. Азырынча өкмөттөн бир тыйын бөлүнгөн жок. Быйыл Каптал-Арыктагы анын музейинин ачылганына 20 жыл, акындын дүйнөдөн өткөнүнө 60 жыл толуптур. Учурда бул эки дата тогошуп калды. 24-ноябрда биз Каптал-Арыкта музейдин 20 жылдыгын, акындын 95 жылдыгын белгилеп, поэзия кечесин өткөрдүк. Эми декабрда Бишкекте Алыкул Осмоновдун 95 жылдыгына арналган кече өткөрүүнү пландаштырганбыз. Быйыл өкмөттүн тоголок даталарды гана юбилей катары белгилөө боюнча жарлыгы чыккан. Бирок биз болбой эле аракет кылып жатабыз. Себеби Алыкул Осмоновдун 90 жылдыгы да ушундай шылтоо менен өтпөй калган эле. Эми бул кишиникин унутта калтырып койгонубуз болбойт го.

Демөөрчүңүздөр кимдер?
Негизги демөөрчүбүз Турусбек Мамашов.

Азыр музейдин абалы кандай? Анын жанына Алыкулдун он беш күн гана жашап, чарчап калган кызынын урматына “Жыпар эс алуу жайын” ачам деген максатыңыз бар эле, ал эмне болду?
Биздин музейде Алыкул Осмоновдун кийген кийими, урунган буюмдары, кол жазмасы, келинчеги Зейнеп эненин жоолугу сыяктуу кызыктуу буюмдар бар. Акын жупуну жашаган эмеспи. Андыктан экспонаттардын жалпы саны миң. Ал эми “Жыпар эс алуу жайын” уюштуруу боюнча маселени азырынча кагаз иштери кармап жатат. Буюрса бул идея да ишке ашат. Быйыл музейге улуттук деген статус алуу боюнча аракет кылып жатам.

Жеке өзүңүз Алыкулга тууган болуп кетет экенсиз. Ушул тууралуу айта кетсеңиз?
– Алыкул таякем тууралуу атам Болотбек көп айтып берээр эле. Атымды да “Жолборс терисин жамынган баатырды” окугандан кийин коюптур. Тагдырды карабайсызбы, кийинки жылдарда мен таякемдин музейин жетектеп жатам. Акындын музейи 1990-жылы 75 жылдык мааракесине карата ачылган. Азыр бул жер акындын жердештери үчүн ыйык. Үйлөнүп жаткан жаштар адеп эле музейге баш багышып, акындын эстелигине таазим этишип, эскерүү китебине ой-пикирлерин жазып калтырышат. Жылда музейде акындын каза болгон күнүндө жана туулган күнүндө, жадыраган жаз айында маданий иш-чаралар өткөрүлүп турат. Көрүнүктүү акын-жазуучулардын катышуусу менен алыкулдук окууларды, поэзия кечелерин өткөрүп келебиз. Алыкул фонду түзүлүп, Кайыңдыдагы банктан атайын эсеп ачылган. Жылда эрте жазда музейдин айланасына тал-теректердин, карагайдын көчөттөрүн отургузабыз.


Жанмаанай
Алыкул поэзия дүйнөсүнүн аян берүүчүсү
Алыкул дегенде арттагы азыноолак өмүрүм тизмектелип көз алдыма келе түшөт. Балалыгым, сүйүү, сүйүүдөн көңүл калуу, жашоо, өмүр, анын кыскалыгы, достук, достуктан көңүл калуу, акын болом деген максатым, “көпкө умтулуп, бирок азга жетпегеним”… Эмне дегенде мыкты акындын ырлары гана адамды өзүн өзүнө таанытат, адамдык жакшы касиеттерин ойготот, аруулайт, чыйралтат турбайбы. Жакшы чыгарма окуган адам ошол сезимдердин толкунунда, буркан-шарканында, терең бийигинде өзүнө тиешелүү эстетикасын табат, калыптайт экен да.

* * *
Алыкулдун чыгармаларына чет элдик адабиятчылар да зор маани беришкен. Анын ырларын которгон англис акыны жана адабиятчысы Уолтер Мэй мындай дейт: “Мындан көп жыл мурда Алыкулдун чыгармачылыгы, өмүрү менен таанышканымда эле акындын жүрөгүнөн оргуштап чыккан чынчылдыгы жана өз ишине ушунчалык жан дилинен берилгени таңданткан. Өмүрдүн булагы мезгилсиз соолуп баратканына карабай акындын чыгармаларында өзүнө өзү бекем ишенүүсү, жашоо максаты – бул дүйнөгө жакшылык нурун себүү менен адамдардын көңүл кушун көкөлөтүү экени жогорку деңгээлде көркөмдөлүп сүрөттөлөт…”

* * *
Алыкул… албетте бул ысымды атоонун өзү чоң жоопкерчилик. Мен бул улуу акындын поэзия дүйнөсүнөн жаңыдан ооз тийе баштаган тестиер курагымдан анын фанатына айланып, керек болсо өзүмдү Алыкул эсептеп, аны туурап чоңойгонума күлкүм келет. Акын тууралуу жазылган Кеңеш Жусуповдун ” Ыр сабындагы өмүр”, Памирбек Казыбаевдин “Мезгил жана Алыкул” деген китептерин адабият сабагынан окуткан Мурат агайдан сурап алып ар бир сөзүн баса калып окуп, балалык кылып баскан турганым, кийингеним, а тургай мүнөзүм менен акын Алыкул Осмоновго окшошууга аракет жасап калгам. Кышкысын үйдөгүлөр “тумак кий, башыңа суук тийет” дегенине карабай аныкына окшоп кеткен кепкамды баса кийип, жакасы көтөрүлө турган жаман пальтомду үстүмөн түшүрбөй жүргөнүмдү кантейин. “Жакшы ыр жазсам бутунан өөп жөнөтөм” деген саптарынан улам мен да түн күзөтүп, пальтомду желбегей жамынып алып чырактын жарыгында чыкса чыкпаса да ыр жазымыш болуп, күндүзү каадалуу кишидей ойлоно баса баштаган учурум 12-13 жаш курагым эле. Кээде гана оюн-зоокко алаксып өзүмдүн “Алыкул” экеним эсимден чыгып кетпесе, анын ыр дүйнөсүнө кезиккен кезден баштап негизинен ал сыяктуу олуттуу болуп, эки-үч сабак ыр издөө менен алектенип, бара-бара бул тууроо адатка, адат мүнөзгө айланып кетерин туйбапмын. Бирок эми башымды ташка урсам деле менден Алыкул чыкпай калды го… Аны туурап, атургай аны гана өзүмө татыктуу атаандаш катары эсептеген ашынган амбициялуу от мезгилим өттү. Ушул жаңы жылда Алыкул көзү өткөн куракка келем… Так ушул жерде да акындын ырлары жардамга келет, ал аны мен үчүн жазгандай: “Мен уялам, мына мындан уялам, көзгө толор бир чоң эмгек кылбагам…”

* * *
Султан акын Жолон Мамытов “мен жыйырма жашымда жалгыз эле мен деп төш какчумун, отузумда мен жана Алыкул дей баштадым, кыркка келгенимде Алыкул эле деп калбадымбы” деп айтчу дешет.

* * *
Мейли, Алыкулдай акын болбой эле коеюн. Бирок ал менин өз турмуш жолумда жок болуп кетпей, кандайдыр бир деңгээлде адам болушума чоң таасир берди. Адабият жолуна тартты. Чындыгында өткөөл куракта мени көзөмөлдөп, тарбия бере турган эч ким деле болгон эмес. Атам төрт жашымда өлгөн, апам турмушка чыгып кеткен, мени багып чоңойткон таенем карыган дегендей. Анүстүнө заман оош-кыйыш болуп, элдин келечектен үмүтү үзүлүп, өспүрүмдөрдү алдым-жуттум болуу, тономой, чабышмай идеологиясы каптады. Ай дээр ажом, кой дээр кожом жок болгондуктан менин көчө баласына айланып кетишиме толук шарт бар болчу. Табиятымдан энергиям ашып-ташып тургандыктан урунарга тоо, урушарга жоо таппай калган учурлар болгон. Ушундай мезгилде мени Алыкул сактап калды деп ишенимдүү айта алам. Анын көп окуганын туурайм деп айылыбыздын чакан китепканасын тытып окуп, шаарга келгенден кийин ал кездеги Ленинкага, Чернышевкага байма-бай каттап, ал сыяктуу салабаттуу болгонго аракет кылып, ыр жазам деп түйшөлүп, алдыма чоң максат коюп, айтор, бармактай кезимден жан азык түйшүгүнөн бошобой келишим мени көп жаман нерселерден арачалады.

* * *
Алыкул менен ооруй баштаган кезимде ал тууралуу түш көргөм. Бирок аны эч кимге айткан эмесмин. Бир чети купуя сыр катары сактап, бир чети өзүмдүн улуу акынга байланыштуу көргөн түшүмө кимдер кандай карайт, бирөөлөр ишенбей койсо эмне болот деп тартынсам керек. Алыкул тууралуу жазылган ар кандай авторлордун материалдарын окуп жатып, акындын мен эле эмес ага таасирленген башка адамдардын да түшүнө ар кандай болуп киргенин кезиктирип, алар бул тууралуу ачык эле жазганын көрүп анан шерденип турган кербезим…

Менин анда Алыкул Осмонов кай жерде жашап өткөнүн деле көрө элек кезим. Китептен окуп, кийин чоңойсом ал жашаган үйдү көрөм, баскан-турган жерлерин аралайм деген тилегим бар эле, аны аткардым. Ошол түшүмдө көп адамдар чогулуп, “сен Алыкулдун үйүндө жашашың керек” деп мага анын үйүн берип коюшту. Сыртынан заңгыраган аппак там. Туюмумда ал үйдүн ичине мага чейин эч ким кирбеген экен. Өз оюмда “бул жерде Алыкулдун арбагы бар эмеспи, ошол үчүн эч ким кирбеген да, а мен кантип коркпой жашайм” деп коем. Топтолгон адамдар ал үйгө мени жалгыз киргизип ийишип, өздөрү сыртта калып калышты. Жүрөксүп, бөлмөлөрдү аралап баратам. Ар бир бөлмө тыкан, таза. Алар бирде чакан көрүнүп, бирде кенен, бийик сезилип жатты. Анан эле үйдүн бир жак капталын карасам капкара экен, орчук-бурчук таш. Көрсө, үйдүн ал капталы килейген там боюндай болгон ташка жармаштырылып курулуптур. Жүрөгүм шуу дей түшүп, анан эмнегедир ойгонуп кеткем. Бул түшүмдү эч кимге жоруткан эмесмин, азыр деле жорулушун каалабайм.

Баса, биз манас айтуучулардын түшүнө Манас кирерин билет эмеспизби. Аны аян деп жүрүшөт. Дегеним, Алыкулдун ар бир фанатынан сурасаңыз, алардын дээрлик көпчүлүгү акын тууралуу түш көрүшкөн. Бул жерде Алыкул да ыр дүйнөсүнүн аян берчүсүнө айланган десек болчудай.

***
1993-жылы борборго келип, окууга тапшыра электен мурун Алыкул тууралуу жазылган китептерден алган дарек боюнча анын Тимирязев көчөсүндөгү үйүн издеп жөнөдүм. Шаарды таптакыр билбесем да сураштырып жүрүп аталган көчөнү, акындын үйүн таптым. Тегерегинде көбүнчө орустар жашашат экен. Анда бул үй жакшы деле карала элек эле. Сыртына гана Алыкул Осмоновдун үйү экени белгиленип коюлуптур. Байкасам бирөөлөр жашап жаткандай. Андыктан издеп келген үйдү сыртынан гана көрүп, улуу акын ушундай чакан үйдө жашап, улуу чыгармаларды жазганына таңданып кеткем. Көрсө, мен балалык кылып, улуу адамдар өздөрү да Манас сыяктуу алп кишилер болот, алар чоң иштерди кенен үйлөрдө отуруп алып жасашат деп ойлоп жүрүпмүн.

Зайырбек АЖЫМАТОВ, «Жаңы Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 03.12.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.