Алыкул Осмоновду эстеп

Алыкулдун асыл дүйнөсүнө таазим

КРнын эл жазуучусу Кеңеш Жусупов менен дил маек

– Кеңеш агай, Алыкул Осмоновду эстеп жүрөсүзбү?
– Кантип унутайын. Адабият, маданият жана рухий дүйнөгө тамызгы, бунтар, айрыкча тиричиликтин сонундугун жар салган акын да. Деле жашоого, чыгармачылыкка күч-кубат берип, рухий дүйнөнү телчитип, ушул деңгээлге жеткирген. Биздин көзүбүздү ачтырып, ойготкон кыргыздын рухий дүйнөсүн оболотуп көтөрүп турган алтын түр­күктөр – улуу муунду эстөөгө, ардактоого, үйрөнүүгө жана кийинкилерге мурасты аманат калтырууга милдеттүүбүз. Ошол биз ардактаган муундун бир өкүлү Алыкул Осмонов. Азыркы күндө Алыкулдун эки сүрөтү иш бөлмөмдө илинүү турат. Бири китеп текчемде, А.Осмоновдун фотосүрөтү. Артында Алыкулдун өз колу менен латын арибинде жазганы бар: “Кымбаттуу курбум Ажынтайга. Алыкул 24.II.39. Москва” дептир. Экинчи графика менен тартылган чоң сүрөттү талант­туу сүрөтчү Ишен Сагынов тартып, белекке берген. Шотанын китебиндеги Тариел, Автандилдин эрдиктерин элестетип тарткан, Алыкул калемсабын кармап турат. Бир куплет ыр жазылган. Бир бурч­та: “Акын Алыкулга жан дүйнөсү менен таазим этип жана анын анык күйөрмандарынын бири Кеңеш Жусуповго С.Ишеновдон. 19.03.90.” деген кол тамга.

Мага улуу акындын сүрөтү таңды күнү нечен жолу көзгө урунат. Ал карандай көнүмүш адатка айланбады, сүрөт акындын өзүн элестетип, өзүмдү эстетип, коңгуроо кагып тургандай. Анан Алыкулдун ырларын эстеп жарпымды жазам. Өзүмдү Алыкулдун чыныгы күйөр­ман окурманымын деп айтууга акым бар.

– Ар жылы 12-декабрь сиз үчүн кандай күн?
– Быйыл, 12-декабрда Алыкулдун жан таслим болгонуна таамай 60 жыл болду. Жарык дүйнөгө келгенине 95 жыл толду. Шаарда болсом кыш суугуна карабай 12-дека-брда Ала-Арчадагы улуу акындын кабырына барып куран окуйм. Жакында Алыкулдун жылдыгын белгилеп эскерүүгө демилгечи топ менен кошулуп гүл коюп, куран окудук. Кээде Жараткандын улуулугуна таң каласың, кыргыздын бир улуу уулу Алыкул Осмонов а дүйнө кетсе, ошол күнү муңдуу журтка ырайым кылып, экинчи бир улуу уулду, Чыңгыз Айтматовду ыраа көргөнүн карачы. Буйрук ушу, 12-декабрда кыргыздын эки залкар талантына куран окуп калдык бейм.

– Акын Алыкулду эстеген кандай топ экенин айта аласызбы?
– Алыкулдун рухий дүйнөсү, кадыр-баркы, поэзиясынын сыры улам барган сайын окурмандарга кеңири ачылып жатпайбы. Бизнесмен Турусбек Мамашев, маданият күйөрманы Жылдыз Муслимова баш болушкан Алыкулдун айылдаштары, туугандары акындын күнүн эскерип, кечесин өткөрүүгө демилге көтөргөндөрүнө ыраазы болдум. Алар 12-декабрда Каптал-Арыктан А.Осмоновдун музейинде эскерүү кечесин өткөрүп келишти. А.Осмоновдун атындагы адабий сыйлыкты каржылоого, 28-декабрда эскерүү кечесин филармонияда өт­көрүүгө жана акындын эки китебин басмадан чыгарууга демилге жасап жатканы азыркы күндө башкаларга, айрыкча бизнесмендерге, бай саясатчыларга, деле маданияттуу адамдарга үлгү да болот деп ойлойм.

– Балким окурман Буга чейин деле далай ирет Сизге суроо бергендир – Алыкул Осмоновдун ырлары менен качан тааныштыңыз эле?
– 1955-жылы айылдагы китепканага “Алыкул Осмонов” деген китеп түшүптүр. Анын ичинде акындын тандалган ырлары жана сынчынын макаласын окудум. Алыкул мага башка акындардан өзгөчө сөзү таттуу көрүндү. Айрыкча акындын Шота Руставелинин “Жолборс терисин жамынган баатыр” дастаны аябай таң калтырган, кээ бир ырларын жаттап да алгамын. Алыкулду туурап да ыр жазып көрдүм.

– А.Осмонов жөнүндө алгачкы эмгектерди кимдер жазган?
– Акындын өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө эң биринчи сынчы Шаршенбек Үмөталиев жазган. Университетте окуп жүргөндө анын “Алыкулдун өмүрү жана чыгармалары” деген китебин окугам. Мага өтө жаккан. Эмнегедир жазуу­чу, сынчы катары ал кишинин чыгармалары басмадан чыкпай жүрөт.

– Сиз дагы А.Осмоновго байланыштуу “Ыр сабындагы өмүр” деген китеп жаздыңыз. Ага учурунда, 1975-жылдары комсомолдук сыйлыкты алганыңызды биз студент кезде эшиткен элек. Акынга кайрылганыңызга эмне себеп болгон?
– 60-жылдын аягында Алыкул Осмонов жөнүндө адегенде көркөм чыгарма жазууну эңсегем. Акындын өмүрүн иликтеп туугандарына, жоро-жолдошторуна, калемдештерине, аны билген ынак адамдарга, акын сүйгөн Айдайдын энесине, оту күйбөй ажырашкан зайыбы Зейнепке Ташкентке чейин барып жолугуп суражыладым. Акырында Алыкулдун жашоодогу жан таттуу деп чебеленбеген эрдигин, поэзиядагы эм­гек­чилдигин, жан дүйнөсүн, ти­рүү элесин көркөм чыгармага ыраа көрбөдүм. Катаал, кайгылуу, кыялкеч, баладай ишенчээк, сентименталдуу жана тирүүлөргө үлгү, чакырык болгон бактылуу өмүрдү бир гана Алыкул Осмонов жашагансып туруп алды. Мээнеткеч жана кан-жандан бүткөн нурлуу ырларды жазган акындын элесин элестеткен, өмүрүнө кошумча боло тургандай даректүү баянды эркин жазсам дегем. Мунумду таланттуу калемдеш досторум да колдошкон эле.

– Алыкулдун өмүрүнө, чыгармачылыгына кийин эмнеге кайрылбай калдыңыз?
– Менин милдетим – бир кезде окурманга анчейин белгисиз акындын чыгармачылык психологиясына ой жүргүзүп, кызыктуу өмүр таржымалын аз да болсо толуктап, анын акындык сабагын учурунда айта алдым деп ойлойм. Ооба, акындын ырларын окуган сайын купуя сыры улам ачыла берет.

Мен таппаганды, чечмелебегенди кийинки чыгармачылык, инсандык өмүрүн, кесиптик сырын өзүнүн ачканы пайдалуу. Кудая шүгүр, акын Алыкул Осмонов жөнүндөгү жаңы изилдөөлөрдү кийинки муундун өкүлдөрү улантып, толуктап келе жатышат.

– Алыкулдун акындык сабагына кандай оюңуз бар?
– Ырас, бүгүнкү күндө Алыкул Осмоновду туурап жазгандар, поэ­зиянын жол-жобосун, ыкмасын, тажрыйбасын дыкат үйрөнүп, мыкты өздөштүргөн, дасыккан элге белгилүү эле акындар кыйла бар. А бирок, Алыкулча тарткылыктуу тагдырында кайгы-азап тартып, жалгыздыкка, ооруга алдырбай, шаабы суубай, чыгармачылыкта көшө­рүп изденген, рухий дүйнөсүн таза асырап, “ар бир күнү үчүн күрөшкөн адам гана жашоо, эрдикке татыктуу” деген ураан таштап, чындыкты ыйык туткан, сөздөн сулуулукту, керемет ой, улуулукту жараткан, элин-жерин нагыз сүйүп жарык дүйнөгө ыраазычылыкта тобокел, кыялкеч жашагандар бизде аз го. Алыкул ошобереги ак маанай тагдыры, куттуу рухий байлыгы менен улук, баа жеткис жана шаа жеткис! Береги алабарман заманда Алыкул Осмонов жана ал теңдүү улуу акындардын поэзиясы жана ширин, нуска сөздөрү жапа тарткан элдерге аябай керек.

Бактыгүл ЧОТУРОВА

Алыкулдун адабий ааламы

Улуу акын Алыкул Осмонов ти­рүү болгондо быйыл 95 жашка чыкмак. 35инде мезгилсиз дүйнө салган калемгер дагы жашай түшкөндө эмне деген керемет чыгармаларын берер эле деп өкүнүч ойго кабыласың. Оору бир жактан, эпке келбеген үй-бү­лөчүлүк турмушу экинчи тараптан мазесин алып, сүзмөдөй эзилген акындын азаптуу тагдыры жүрө­гүңдү оорутат.

Албетте, дүйнө айдыңынан алганда көзү тирүүсүндө эле “классик” аталып, өздөрүнө өлбө-өчпөс эстелик калтырып кеткен талант ээлери аз эмес. Акындары, жазуучулары, сүрөтчүлөрү, музыканттары, башкалары да бар. Атак-даңктын сересине ар киши ар башка жол, ар башка тагдыр менен келген. Өз шедеврлерине каны-жанын, жүрөк-жүлүнүн, бүткүл талант дараметин берип кайталангыс кереметин жаратышкан.

Бул жагдайдан алганда Алы-кул Осмоновдун жолу татаал да, оор да болду десек болот. Кенедейинде жетим калып, ар кимдин ирегесинде жүрдү. Жарытылуу кийимге, курсагы тоё тамакка жетпей, суукта калган күндөрүндө кургак учук оорусу жабышты. Токмоктогу балдар үйүнө кабыл алынып, алгач ирет мээримдүү адамдардын жылуу сөзүн укту. Андагы тарбиячысы Грунья Савельевнага кийин эр жеткен курагында:

. .. Алыс кеттим,  бармын, өлүү эмесмин,
Мен барбасмын,  сен да мага келбессиң.
Жан боорумдай көңүлүмдө көз жашың,
Ата-энемден көз
жаш көргөн эмесмин – деп ырын арнаган эмеспи.

Балдар үйүнөн соң а кездеги негизги окуу жайы болгон педтехникумдан билим алды. Айдай Жигиталиевага болгон сүйүүсү жолдуу болгон жок. Кыз ата-энесинин сөзүнөн чыга албай, айылдаш жигитке турмушка чыгып, төрөттөн каза болду. Алыкул теңтушунун карындашы, Москвадан театралдык институтту бүтүп келген Зейнепке үйлөнүп, турмуш жолун баштоого умтулду. Кызы Жыпар бир айга толбой жатып чарчап, акын терең кайгыга батты. Жары чыгыштык кылып, анын турмушунун “жалгыздык” деген оор келкиси башталды. Акындын алдында бүт өмүр-тагдырын ырга байлап, аны менен көкүрөк күйүтүн, арман-көйүн басып, куруп бараткан жазмышы келгенче иштеп калуудан башка жол калган жок.

Алгачкы ырлары көңүлүнө толбоду. Грузин акыны Шота Руставелинин “Жолборс терисин жамынган баатыр” дастанын, орус классикасын кыргызча которушу ага чыгармачылык дем, чеберчиликтин чоң мектеби болуп берди. Акын дүйнөлүк адабият менен элдик оозеки чыгармалардын үлгүлөрүн куштун эки канаты сыяктуу тең кармап, калемгерликтин кенен мейкиндигин ачууга жетишти. Албетте, мында борбую ката электен берки көргөн азап-тозогу, турмушту эрте таанып-билүүсү, жанын кыйнап, өмүрүн улам соолтуп келаткан оорусу, үй-бүлөчү­лүгүндөгү оош-кыйыштар да терең изин калтырганы шексиз.

“Алыкулдун ордуна турмуш менен, эл менен аз байланышы бар акын болсо, өзүнүн дарты үчүн кам көрмөк эле. Бирок, Осмонов андайлардан бийик турду. Поэзия кандайдыр бир майрамды, кубанычты, жашоону алып келет, эмгектин гана күчү поэзиянын туңгуч стихиясын алып келет деп ишенген. Алсырап ооруган акын турмушту чыныгы художниктерче даңазалап кетти”, – деп жазган балкар акыны Кайсын Кулиев.

“Маяковскийдин рифмасынын бөтөнчөлүктөрүн чыгармачылык менен түшүнүп, Осмонов ал бө­төнчөлүктөрдү өзүнүн өсүп жаткан кыргыз тили менен берген. Осмонов Маяковскийдин поэмасын которгондон кийин кыргыз поэзиясы үчүн бүтүндөй жаңы манерада, жаңы стилде жазган”, – деген Мухтар Ауэзов 1955-жылы Кыргызстан Жазуучулар союзунун пленумунда сүйлөгөн сөзүндө.

Александар Фадеев “Литературная газетанын” 1953-жылдын 29-октябрындагы санында: “Токтогул, Осмонов, Сарыханов, Дурдыклыч – булардын баары биздин советтик адабияттын өлбөс-өчпөс эң сонун му­рас­тары” деп жазса, орус адабиятчысы Н.Грибачев 1954-жылы “Советтик Кыргызстан” журналынын № 10 санында: “Азыркы убакта кыргыз поэзиясы бир кыйла тажрыйбага ээ болду. Дүйнөдөн мезгилсиз кайткан Алыкул Осмонов кыргыз поэзиясынын азыркы кездеги формаларын өнүктүрүү ишине көп эмгек сиңирип кетти”, – деп белгилеген.

“Акын ал кезде каардуу дарт менен күрөшүп, бирок акыры өз көкүрөгүндөгү ырайымсыз микроб­дорду алаксытып да, алдап да  болбосун жакшы түшүнүп, акыры келе турган кырсыкты күтүп жүргөнүн билчү эмесмин”, – деп жазган коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков кийин өзүнүн “Алыкул Чолпон-Атада” деген эскерүүсүндө. – Жашоо аппетити жаңыдан келип, дүйнөнүн кызыкчылыгына эми батып келатканда ушул укмуштай кооз дүйнө менен коштошууга аргасыз болгондой анда далбас уруунун да, моюн сунуп дарманы бошогондуктун да, ар нерсени кыртышы сүйбөй, титиреңдөөнүн да кыпындай элеси жок болучу. Ал өз трагедиясын суктанарлык шарапаттуулук жана эрдик, жетилген даанышмандык менен күткөн бул жарык дүйнөдө канчалык аз мезгили калса да, ага мээрими ошончолук арткан кадимки чоң адам экени мага кийинчерээк белгилүү болду” (“Алыкулга гүлдесте” китеби, “Кыргызстан”, 1975-ж. 136-б.).

Мындай пикирлерин улуттук адабиятыбыздын А.Токомбаев, Т.Сыдыкбеков, Т.Үмөталиев, А.Токтомушев, К.Жусупов, С.Эралиев, С.Жусуев сыяктуу көрүнүктүү өкүлдөрү да билдиришкен.

Белгилүү адабиятчы Шаршенбек Үмөталиев Алыкулдун чыгармачылыгына абдан кызыккан, ал боюнча бир катар илимий макалаларын жазган адам болгон. “1952-жылдын 9-февралында Москвага бардым. А жерге СССР Илимдер Академиясынын М.Горький атындагы дүйнөлүк адабият институтунун аспирантурасына кирүү үчүн барган болчумун. Ошол эле күнү бир тааныштыкына убактылуу жайланышкан соң дегдеп жүргөн Москваны көрөйүнчү деген ой менен тышка чыктым. Кычыраган кыш. Катуу суук болуп тургандыгына карабай бир топ жерди кыдырып, бир жерге туш болдум. “Метрополь” деген мейманкана экен. Ошонун жанындагы китеп дүкөнүнө кире калсам, эл талашып эле бир китепти алып жатыптыр. Эмне китеп экен деген ой менен мен да аралаша түштүм. Бир кишинин колунан көрүп калдым: “Алыкул Осмонов. Мой дом.” Ушундай жазуусу бар сары китепче экен.

Таңыркай түштүм, Алыкулдун китебин ушундай зор Москвада талашып алып жатса, бу чынында эле чоң акын турбайбы деген ойдо болдум, ары сыймыктандым,” – деп жазган ал “Акын дүйнөсү” деген эскерүүсүндө (“Алыкулга гүлдесте” китеби, “Кыргызстан”, 1975-ж. 74-б.).

Акындын  ошол “Мой дом” деген китеби учурунда Сталиндик сыйлыкка көрсөтүлүп, тиешелүү документтерин жөнөткүлө деп Кыргызстан Жазуучулар союзуна Москвадан кагаз келбейби. Баягы куураган көрө албастыктын кесепети тийип, ал Жазуучулар союзундагы кайсы бир эки жүздүү адамдын суурмасында кала бериптир.

Акын ден соолугунун айынан, ошондой эле керемет жердин ка-сиети өзүнө тартып, “Койсары” курортунда, Чолпон-Ата шаарында көп болгону, мыкты деген чыгармаларын ушул жерлерде жаратканы ырларынын этегиндеги маалыматтардан көрүнүп турат. Ал Чолпон-Атанын көл жак четиндеги кургак учук ооруканасында дарыланып, эл менен баарлашып, жаңы туугандарды тапкан. Алардын дасторконунан даам сызып, кымыз ичип, жээктеги жолум ташка көчүк баскан калыбында көл менен көкүрөк сырларын бөлүшкөн. Ошондон улам:

Ысык-Көл – кыргыз көлү  кылкылдаган,
Кыз-келин кылаасында  шыңкылдаган.
Кылымдар колдон түшкөн  маржан болуп,
Көрүнбөй тереңинде  жылтылдаган.

Ысык-Көл – кыргыз көлү  шарпылдаган,
Көркүнө көктөн башка
тартынбаган.
Замандар кербенчидей  чубап өтүп,
Чарчаса саясында салкындаган
–  деп жазган да.

Кургак учук ооруканасындагы Алыкул 1945-жылдан 1950-жылга чейин келип дарыланган учурунда жашаган үй өткөн жылы Чолпон-Ата шаар башкаруусунун чечими менен А.Осмоновдун үй-музейине бөлүнүп берилген эле. Үй-музей уюштуруу демилгесин фотожурналист Б.Асанбаев жана анын жубайы, “Азаттык” радиосунун кабарчысы Р.Борбукеева көтөрүшкөн болчу. Музейге атайын такта илинип, ичине улуу акынга байланыштуу материалдар, акын-жазуучулардын ага арнаган чыгармалары чыккан китептер, акындын көзү тирүү кезинде пайдаланган буюмдары коюлган.

Жакында ушул үй-музейде А.Осмоновдун Бишкек шаарында басылган “Көл толкуну” ырлар, поэмалар жыйнагынын бет ачары болуп, ага облусттук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Н.Кененбаева, Бишкек шаарынан келген акын-жазуучулар, жергиликтүү бийликтердин жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты. Китеп Алыкул Осмоновдун 95 жылдык мааракесине арналып, Ысык-Көл районундагы Бостери айылынын тургуну, жеке ишкер Бактыбек Чалжановдун демөөр­чүлүгү жана үй-музейдин негиз­дөөчүсү Бактыбек Асанбаевдин демилгеси менен 1000 нускада жарык көргөн.

Китептин бет ачарына арналган салтанатта Н.Кененбаева Алыкул Осмоновдун улуттук адабиятыбызда алган ордуна, анын чыгармачылык өзгөчөлүктөрүнө токтолуп, акындын 1974-жылы жарык көргөн “Көл толкуну” китебинин кайрадан басылышы республиканын маданий турмушундагы урунттуу окуя болуп каларын белгиледи. Кыргыз эл акыны Рамис Рыскулов, Кыргыз эл жазуучусу Орозбек Айтымбетов, Алыкулдун чыгармачылыгын изил­дөөчү П.Казыбаев калемгердин жеке турмушуна жана классик катары чыгармачылык өзгөчөлүктөрүнө токтолушса, Ысык-Көл районунун акиминин милдетин аткаруучу Н.Насирдинов үй-музейдин жанынан 10 га. жер бөлүнүп, Алыкул Осмоновдун паркы уюштурула турганын белгиледи. Бул – жакшы. Эс алуу паркы ачылып, көпчүлүктүн көңүл көтөрөр жайына айланышы колдоого алар иш. Буюруп, чечилип калса, анын учурдагы кыргыз менталитетинин капшабында калып, бирөөлөрдүн “жемине” айланып кетпешин тилейли.

Алыкул көзү тирүүсүндө эле урмат-сыйга жетип, адабий коомчулуктун жогорку баасын алган деш кыйын. Ал өз чыгармаларын өзү танып, китептен китепке өсүү, изденүү ичинде болгон. Бир четин мүлдө кыргыз көтөрө алгыс “зор килемин” бүтүрүп кетсем деп умтулган, ага көз майын, көкүрөк жалынын бүт жумшаган. Жакшы сөз айт­кандар да, “Махабат” жыйнагын баш кылып басма сөздө негизсиз эле жамандап чыккандар да болгон. Биз жогоруда айткандай, анын улам көтөрүлүп келаткан толкунун көрө албай, Сталиндик сыйлыктан да куру калтырышкан. Антсе да, турмуш ар бир нерсени эртеби-кечпи өз ордуна коет эмеспи. Акын өзү:

Мен уялам, мына мындан  уялам,
Көзгө толоор бир чоң  эмгек кылбагам.

Колун кезеп жолуң болгур  дегенсийт,
Жер шарынан күлүк учкан
заманам, – деп жазганына карабастан, ал улуттук, жалпы эле дүйнөлүк адабияттын классиги катары аалам айдыңында татыктуу ордун ээлеп, замандар түпкүрүнө бара бермекчи.

Абдыжапар ЭГЕМБЕРДИЕВ, акын, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Алыкул сыйлыгынын лауреаты

“Кыргыз Туусу”, 28.12.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.