Майрамкул Асаналиев, сүрөтчү: “Кыргыздын жигити колго түшсө кул болбойт, кызы күң болбойт”

“Аян бул графикадагы жаңы ачылыш. Муну көп кылымдардан берки ой менен убакытты синтездеген ата-бабабыздын өзүнчө философиясы же формуласы десек болот. Майрамкул Асаналиевдин графикалык баракчаларында Ааламдын эшигин тарс этип ачып, тынчтыкты, даанышмандыкты жайылткан сырдуу күч бардай”.
Юристанбек Шыгаев,
КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер

Майрамкул ага, бул “Манас” баатырдын сүрөтүн эмне болуп тартып калдыңыз? Айрым сүрөт чеберлери бул эмгекти аян аркылуу тартканыңызды айтып калышат, биз кандай болгонун сиздин өз оозуңуздан уксак.
Чындыкты айтсам, муну тартуу оңойго турган жок же жөн эле эбептен-себеп болуп да тартып калган жерим жок. Манас баатырдын сүрөтүн тартуу үчүн алгач анын ким экендигин толугу менен билүү жана терең түшүнүү керек болду. Себеби, чогулган билим идеянын, ойдун өзөгүн түзөт. Аны тартаардан мурда адам бардык жагынан өзү даяр болушу керек. Ушундан улам, Саякбай Каралаевдин үчилтигин толугу менен окуп чыктым. Бактым бар экен, Кудай жалгап, көзү тирүүсүндө Кусейин Карасаев менен Түгөлбай Сыдыкбековго жолугуп, алардан Манас тууралуу кеңири түшүнүктөн сырткары баталарын да алдым. Алардан соң, Чоюн Өмүралиев, Асан Жакшылыков менен бул темада пикир алыштым. Күндөрдүн биринде, кичүү карындашым Гүлзат түш көрдүм, Манжыл-Ата мазарына барып, мал союшуңуз керек экен, жолуңуз ачылат деп калды. Аңгыча Ч.Өмүралиев телефон чалып, көлгө барарымды укканда, “көл деген кайыптардын мекени” деп калды. Барсам, карындашым мага долонону колума карматып, ал жөнүндө укмуш кызыктуу нерселерди айтып салса боло, өзүмчө эле муюп укканым менен анын баарын дароо эле унутуп койдум.

Атам менен бир туугандарым Манжылга барып, кой союп жатсак, ары жактан үч кыз келип, жаныбыздагы булактын көзүн тазалай башташты. Мен биринчи барып, Манжылынын жол-жобосун билбегенимди туйган тиги кыздар ээрчитип алып, бир бакты кучактап: “Манас менен Чыйырды ушул бактын түбүндө жатышкан жана ушул жерден аян алып, Манас төрөлгөн”- дешти. Манжылынын сырын жакшы билишкен тиги нарындык кыздарга аябай таң калдым. Өзүмчө жомок дүйнөсүнө туш болгондой болдум. Төмөн түшсөк малдын эти бышып, дасторкон жайылып калыптыр. Жанымдагы кыздар “бул малдын ээси ким?” деп сурашканда, атам “бул Майрамкул” деп калды. Анда “туруп жүгүнгүлө, ата-бабаңардын рухтары келди” дешти. Анан жүгүнүп, ошол түнү такыр уктай албай койдум.

Кийин Бишкекке келгенде да, көптөгөн Манасты изилдеген окумуштуулар менен жолугуп, ар бир залкар инсандан Манас тууралуу өзүмө керектүү деталдарды алып турдум.

Жаңылбасам 1996-жылы болуш керек, өзүмдүн өнөрканамда түнкү саат үчтөр чамасында сүрөт тартып жатсам, кисточкалар салынган 200 граммдык стакан кандайдыр бир үндүн таасиринен улам, чачырап сынып кетти. Сынганда да ар кайсы жакка чачырабастан, түптүз болуп бир сызыкта жайгашып калганы мени абдан таң калтырды. Кийин аны чогултуп, ыргыталы деп жатсак, Олег Зайцев деген окумуштуу менен Чоюн Өмүралиев келип, жанагы стакандын сыныктарында кыргыздын тамгаларын көрүшүп, мага көрсөтүп жатышпайбы. Ушундан кийин Манастын сүрөтүн тартуу башталды.

Ошондой күндөрдүн биринде, Манас тууралуу түш көрүп калдым. Бирок, түшүмдө Манас атанын жүзү такыр көрүнбөй койду. Себеби, ыйык нерсебизди тебелетүүгө жол бербешибиз керек экен. Мухамбет пайгамбардын жүзүн да эч кимге көрсөтүшкөн эмес. Мындан тышкары, адамдын жүзү көрүнгөндө табышмактар чечилип калат.

Бүтүндөй элдин рухун маска аркылуу көрсөтүүгө аракет кылдым. Бул образ Манастын чексиздиги. Манасты толук эч ким айтып бүткөн эмес. Чоң манасчылардын бири да. “Канчасын айттың?”- деп сурашканда, “бир чоң чара болсо, ошонун бир чымчымын гана айттып”- деп жооп беришкен. Кээ бири өмүр бою айтса дагы аны аягына чейин бүтүрө алган эмес, анткени Манастын өзү чексиз аалам.

Демек, ушундан улам, сиз тарткан картинада Манас баатырдын жүзү көрсөтүлбөй, маска жабылган тура. Эми сиз бул картинадагы деталдарды чечмелеп берсеңиз?
Бул композиция аркылуу эмнени айтайын деп жатам? Кыргыз элинин кармана турганы, анын өзөгү Манас экенин баса белгилегим келип жатат. Кыргызстанда бир чоң иш-чара болуп, ар кайсы өлкөнүн жогорку кызмат тепкичтериндеги аткаминерлери келип, ал делегацияны тосуу үчүн, Дасмиянын кыргыз айылына алып барышат. Ошондо баары жанагы боз үйдөгү дасторконго олтуруп жатышса, Кытайдын вице-премьер-министри олтурбай, мен тарткан ушул сүрөттү карап тура берет. “Сиз неге дасторконго олтурбай жатасыз?”- деп андан сурашса, “ушул сүрөттү карап, кыргыз элинин улуу экендигин сезип жатам жана мен мобу маданиятка, мобу сүрөткө ээ болгон улуу элге таазим этип турам”- деген экен. Ошондон кийин туризм агенттигин жетектеп жүргөн Т.Мамашов мага телефон чалып, чакырып, аябай сүйүнүп, бетимен өөп, ыраазычылыгын билдирген жайы бар.

Бул картинанын өзөгүн эпостогу төмөнкү ыр саптары түзөт:
“Айың менен Күнүңдүн,
Бир өзүнөн бүткөндөй.
Алтын менен Күмүштүн,
Ширөөсүнөн бүткөндөй.
Алды калың кара жер,
Жердигинен түткөндөй
Асты жагын карасаң,
Ажыдаардын түрү бар.
Арт жагынан карасаң,
Алтымыш эрдин сүрү бар.
Кара чаар кабылан,
Капталынан чамынып,
Чолок Көк жал арстан,
Жандай салып камынып,
Алп кара куш үстүндө,
Канаттары калдайып,
Тырмактары арбайып…”

Манас ай тамга менен күн тамганы жана кабыланды өзүнө тотем кылган. Асман деген бүркүт, Кабылан жер, ажыдаар суу, бул деген үч дүйнөнүн биримдиги. Кыргыздарды Азиянын арстандары, шер мүнөздүү эл дешкен алар менен чабышып жүргөн кытайлар. Шер деген сырттан. Сырттан деген бийик тоодо жашаган илбирс. Илбирс эркиндикти сүйгөн жаныбар, бирөөгө баш ийүүнү каалабайт. Топтошуп эмес, жалгыз жүрүүнү жактырышат.

Ушундан улам, кытайлар “бул кыргыздын эркеги колго түшсө кул болбойт, келини колго түшсө күң болбойт. Буларды жеңиш үчүн баатырдык касиеттерин жоготуш керек”- деген экен.

Картинадагы Манас баатырдын артында Алп каракуш жана 60 эрдин сүрү бар байыркы кырк чоронун кырк уруусунун эн тамгасы турат. Жөнөкөйлөтүп айтканда, кырк кандыктын белгиси. Чоролордун баары ар элдин ханы болушкан. Ошол кырк кандыктын башын бириктирип, аларга бийлик жүргүзүп келген Манас канкор болгон. Канкор десе, биз терс маанини түшүнөбүз. Сөздүн түпкү маанисин түшүнбөгөндөр туура эмес чечмелеп салгандан улам, ушундай түшүнүк пайда болгон. Чындыгында, канкор деген – кандын каны, Кудайдан кийинки жерде бийлик жүргүзө турган султандын султаны деп чечмеленет. Манас кыргыздын падышасы болгон. Ал эми падышаны да кытайлар кудайдын жердеги өкүлү катары карашып, ага 40 жаштан кичүүлөрдү киргизишчү эмес.

Кырк уруунун тамгасын татар кемпирден Таалай Ташмаматов деген окумуштуу алып, бирок кемпир ага “кой айланайын, менин тукумума зыян болот”- деп анын чечмеленишин коркуп түшүндүрбөй койгон экен. Мунун ар бирин чечмелеп чыксак болот.

Ар бир символ, тотем тууралуу узун сабак, узун кеп кылсак болот, себеби мындагы бир эле символ тууралуу бир саатка чейин айтып берсе болот.

Манас баатырдын алгачкы сүрөтүн Кусейин Карасаев көргөндө, “эй балам, сен абдан бактылуу бала экенсиң. Илгери, Манастын баш сөзүн жазган кишини атып салган, сен аны коркпой сүрөткө тарттың. Мен Манас дей коем деп, менин 32 тишимди чагып, түрмөгө тыгып ташташкан. Мен көргөн кордукту балам, кара чаар жылан көрбөсүн. Эл мени көргөндө карышкырды көргөндөй каччу, касиетти кармаган элди эл душманы кылып көрсөтүүгө илгерки бийлик жакшы эле аракет кылышкан. Сен тирүү басып жүргөнүңө сүйүн, заман жаман дейсиң, заман жакшы.”- деп айтканы күнү бүгүн да эсимде.

Бул картинаңызда кыргыздын бүтүндөй дүйнөсү жатканын баары эле аңдап биле бербесе керек. Ошондой болсо да, ушул кезге чейин мындай канча сүрөт тарттыңыз жана аларды канчага саттыңыз эле? Аларды баалап алгандар болдубу?
Эми мен мынчага сатам деген ой менен сүрөт тартпайм, сүрөттүн маани-маңызын терең түшүнгөндөр өздөрү чөнтөгүнөн чыкканын берип кете беришет. Бул сүрөт олтура калып эле тартыла калчулардан эмес, аян менен тартылганын белгилеп кетким келет. Эң алгачкы картинамды 2000-жылы Чолпонбек Абыкеев келип, 500 долларга сатып алып, кээ бир чиновниктер иш бөлмөсүнө бийлик жүргүзгөн президенттин сүрөтүн илип алышса, Абыкеев ушул Манас баатырды кабинетине илип алганын белгилеп кетким келет. Экинчи картинаны Р.Акматбаевдин жубайы 800 долларга сатып алган. Андан соң, Жогорку Кеңештин депутаттары Ленинградга алып кетишкен. Ал жерде ушул күнгө чейин Манас баатырдын сүрөтү Кыргызстанга бөлүнгөн бурчта илинип турат.

Сизге ушул сүрөтүңүздү, деги эле идеяңызды колдоп-коштогон бийлик өкүлдөрү болдубу?
Биринчи эмес, төртүнчү бийлик өкүлү болгон Сыртбай Мусаев деген белгилүү патриот журналист, тилчи агайыбыз бар. Ошол КТРге жетекчи болуп баргандан кийин, эки күн өтпөй туруп, мени өзүнө чакырды да, “Теңири-Манас композицияңды киргиз”- деп айткан. Көп өтпөй эле эфирден рекламалардын ордуна, мен даярдаган тасма кете баштады. Ал башталаар замат тээ асмандан уюлгуп, Теңирден нур жерге түшкөндө жер аруулана түшөт. Ошондо, “Айың менен күнүңдүн бир өзүнөн бүткөндөй, Асман менен жериңдин тирөөсүнөн бүткөндөй”- деп Саякбай Манас айта баштайт. Тилекке каршы, 2004-жылы 24-март окуясы башталып, КТР жетекчилигинен С.Мусаев кетээри менен жогорудагы тасма исламчыл көз караштагылар тарабынан репрессияланып кеткен. Бизге бүгүнкү күнү С.Мусаевге окшогон патриот кишилер жетишпей жатат. Муну айтып жатканым, бир акылман “кыргыздар балдарын ушул Манас менен тарбиялаш керек, себеби кыргыздын колдоочусу Манас. Манас турганда кыргыз эли эч качан жоголуп кетпейт”- деген экен. Башка элдер Манасыбызды билип, сезип, бизге суктанып жатышса, биз өзүбүздүн өзөгүбүздү биле албай, таба албай жатабыз. “Ата-бабаларыбыздын арбагы үшкүрүнүп жатат”- деп бир досумдун да айтканы да бар эле.

Аз күн мурда бир иш-чара болуп, Бишкектин жогор жагындагы Манас айылына барып калсам, Владимир деген орусча аты бар кыргыз аксакал мага келип, “ой Майрамкул, сен мобу сүрөтүңдү дагы бир ирет тартасың, ошол сүрөттү элибиз көбөйтүп, ар бир кыргыздын үйүнүн төрүндө илиниши керек. Бул сүрөт кыргыздын иконасы болушу керек”- деген пикирин билдирди. Балким, ага аң-сезимдин жетилиши жана убакыт зарыл чыгар. Күтө туралы, анан дагы көрөрбүз.

Маектешкен Байтур Акылбеков, “Алиби” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 18.01.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.