Ыйыктык же Абды Сариев менен Бүбү Мариам Жайсаңдын “Манасы” жөнүндө

(Башы)

Бүбү Мариам экөөбүздүн каалоо-тилегибиз ишке ашкан жок. Турмуш күн санап, саат санап өзгөрүп турду. Ошого жараша Бүбү Мариам дагы сөзүнө тура албады. Ушул абалыбызды Улуу Кудай билгенби, же Жайсаң атабыздын тынчы кеткенинен уламбы, айтор, биз экөөбүз тең өмүрүбүздө көрбөгөн, укпаган бир адам аркылуу Улуу Кудай эскертүү жибергенин гезиттен окуп, менин айлам алты түгөнгөн… Азыр ошо гезитке чыккан, Улуу Кудайдын эскертүүсүн (экөөбүзгө эле эмес, жалпы кыргыз элине) окурмандарга толук берип андан соң сөз улайлы:
Жайсаңдын “Манасы” – Кыргыздын туу чоку илимий эпосу.

Азыр көп басылмаларда “Жайсаң” аттуу жаңы чыгып жаткан көп томдуу ыр китептер тууралуу ар кандай ой-пикирлер айтылууда. Биз бул жөнүндө транскосмикалык байланыш менен “Жашыл китептин” бир бөлүкчөсү “Кыргыздар дүйнө элин жакшылыкка алып барат!” аттуу китепчени кабыл алуу милдетин аткарган жана жарыкка чыгарууга себепкер болгон журналист Абдымамбет Сариевге кайрылдык.

– “Жайсаң” рухтар аркылуу келген китеп дейт. Сиз дагы ушул тармак боюнча иштейт экенсиз. Көп адамдар бул китепти рухтардан келбей эле өзүлөрү жазган, ойдон чыгарылган нерсе деп кабыл алып жатышат. Деги, Жайсаңдын арбагы келип Бүбү Мариам Муса кызына диктовка кылганы туурабы же элди алдаган көз боёмочулукпу?

– Мен ал китепти окуган жокмун. Бирок, сыртынан көргөм “Нускада” көп китептер катары. Окубагандан кийин маани берген эмесмин. Анткени, азыр ар кандай темадагы китептер көп чыгып жатат. Бул дагы кудайдын буйругу. Аларды мактоого же сындап шылдыңдоого, жек көрүүгө биздин укугубуз жок. Эл өзүнө керектүүсүн тандап алып, керексизин карап да койбойт.

“Жайсаң” жөнүндө мага маалымат келет деп ойлогон эмесмин. Анткени, ага мен кызыкпаптырмын. Көп китептин бири катары көрүп жүргөм. Айтып койчу нерсе: Мен миллиондогон адамдардын биримин. Кудайым мага ырайым кылып өзүнүн касиеттүү илим алып келүүчү күчтөрү менен “Жашыл китепти” кабыл алууга себепкер кылып жатат. Жайсаң жөнүндө 2000-жылдын март айынан бери үч жолу маалымат келди. Мен ошолордун толук текстин албай-кошпой гезит бетине берейин, сен дагы кошпой чыгарышың керек. Ар ким өз милдетин так аткаруусу керек.

(15-март, 7:00, 2000-ж.)
“Кудайдын аты менен баштаймын. Кудуреттүү Кудайдын буйругу менен кыргыздардын байыркы өтүмүшүн билдирүү үчүн жана дал ошол билдирүү аркылуу азыркы кыргыздардын ички ынтымагын чыңдоо жана келечегине абайлап мамиле жасоону аныктап, тактай турган Кудайдан рухтар аркылуу келген илим- эпос “Жайсаң” болуп эсептелет.

“Жайсаң” деген ат менен берилип жаткан илим-эпос деген- кудуреттүү Кудайдын бар экендигин аныктай турган, кыргыздардын алгачкы жаратылып жасалгандыгын далилдей турган, кыргыздардын сырдуу, сүрдүү, бийик руханий деңгээлдеги ой-сезимдерин далилдей турган, кыргыз ынтымакка келбесе жашоо турмуштары оордоп, башка бир туугандарына (башка улуттарга) кор болуп кала тургандыгын баяндаган кыргыз улутунун туу чоку илимдеринин бири болуп эсептелет.

Кудуреттүү Кудайдын бул эпос илимин кабыл алдыруу жана аны жалпы кыргыз элине жеткирүү дал ошол эпос-илим менен кыргыз элин тарбиялоо үчүн Кудуреттүү Кудай өзүнүн сүйгөн Мария кызын бул дүйнөдө ар кандай турмуштук оор сыноолордон өткөрүп, багып-кагып тарбиялап алып келди жана ар кандай адамдарды себепкер кылып, бирөөлөргө кордотуп, бирөөлөргө колдотуп жашоо-турмуштун ак-карасын, жамандык-жакшылыгын көрсөтүп, чыңап, бышыктырды.

Эпос-илимди кабыл алууда жер эсебинде колдонулуп жүргөн Ыйса пайгамбардын эсебиндеги сандык цифралуу жылдар колдонулбоого тийиш. Анткени, бул жашоо-турмушта пайдаланылган 2000 жылдык мезгил убактысы “Жайсаң” деп аталган Кудуреттүү Кудай рухтарды (Жайсаңдын арбагын) ортомчу кылып өткөрүп берип жаткан “Жайсаң” аттуу илим-эпостун дооруна, доордун ичиндеги кылымдарга туура келбейт. Анткени, бул илим-эпос азыркы христиан жана ислам дүйнөсү жарала электеги байыркы кыргыздардын өткөнү жана азыркы кыргыздардын келечегине жол көрсөтүүчү шоола болуп эсептелет.

Кудуреттүү Кудай Мария кызы аркылуу азыркы кыргыздарга жарыя кылдырган бул илим-эпоско Кудуреттүү Кудайдын Мария кызы да, ага көмөктөшүп жарыкка чыгарууга аралашкан адамдар да автор болууга укугу жок.

Кудуреттүү Кудайдын буйругу менен келген бул илим-эпосту менчиктөөгө, автор болууга аракет кылган адам Кудайдан жазаланып, Азапка батат жана адамдардын арасында өзүнүн ишеничин жана кадыр-баркын кетирип, Кудуреттүү Кудайдан келген, Мария кызы аркылуу кыргыздарга берген бул Кудуреттүү илим-эпоско болгон шектенүүлөрүн пайда кылып, жалпы кыргызга болгон тарбиялык ишти аксатып, күнөөгө дуушар кылат.

“Жайсаң” аттуу эпос-илим – Кудуреттүү Кудайдын буйругу жана өзгөрткүч касиети, анын ырайымы менен жалпы кыргыздын күнөөсүн кечиргени үчүн өзүнүн Кудайдын сүйгөн кызы Мария аркылуу (рухтарды өткөргүч катары пайдаланып) келген кудурет, керемет коштогон кыргыз элин бириктирген, ички дүйнөлөрүн тазалап, ким экенин аныктай турган, эсине келтирип көзүн ача турган, өткөнүн айтып, укулап-чукулабай сүйгүзө турган, кыргыздын кадыр-баркын көтөрө турган илим-эпос болуп эсептелет.

Бул маалымат биринчи жолу март айында келген. Ал эми 28-майда эртең мененки саат 6:30дагы кабарда мындай айтылат:
“Кудайдын аты менен баштаймын. Кудуреттүү Кудайдын буйругу менен рухтар аркылуу Муса кызы Марияга келген Манас илимий эпос кимдир бирөөлөрдүн коргоосуна муктаж эмес жана бул тарыхый-илимий эпоско Ыйса санагындагы цифралар колдонулбоого тийиш. Анткени, Манас жана ага байланыштуу окуялар христиан дүйнөсүнүн башатын түзгөн Ыйса, ал эмес Ыйсага чейинки мезгилди ичине камтыган, семит элдери жарала электеги окуялардын кошундусу жана кыргыз элинин Манас доорундагы кыргыздардын Кудайдын каарына калып, кайра биринчи ирет кечирип, Манасты жараткандагы окуялар болуп эсептелет жана бул тарыхый-илимий эпоско Ш. Эсенгул уулунун же бул эпосту рухтар аркылуу кабыл алып жаткан Б.М. Муса кызы автор болууга укуктары жок. Алар дал ушул менчикчил, атак-даңкка умтулган тескери сапаттары менен кыргыз элине өтө керектүү Манас илимий-тарыхый эпосунун жайылып тароо мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарышып, эпоско болгон элдин ишенимин кетирип, шектенүү пайда кылышууда. Адамдар илимий-тарыхый эпостун чындыгынан шектенишип, ишенбей мамиле жасоолорунун кесепетинен уландылары чыкпай, жол тосулуп жабылууда…

Илимий-тарыхый эпосту китеп кылып жарыкка чыгарууга чоң күч жумшап, себепкер болгон, баалуу эмгек сиңирген Шарыпкул Эсенгул Уулу жана эпосту түздөн-түз кабыл алып, жазууга себепкер болуп жаткан Б.М.Муса кызы Жайсаң деген ысымды автор катары жазып, китепке Манас деп ат коюп чыгаруулары алардын атак-даңкын көтөрөт жана өзүлөрү эңсеген ой-пикирлерине жеткирип, кудурети күчтүү Кудайдын мээримине татыктуу кылат”.

“Жайсаң” китеби жөнүндө акыркы дагы бир маалымат 28-майда эрте мененки саат 7:30да келди. Анда минтип айтылат:
“Кудайдын аты менен баштаймын. Кудуреттүү Кудайдын буйругу менен Жайсаң аркылуу Манас тарыхый-илимий эпосту кабыл алууга себепкер болгон Муса кызы Мария өз милдетин өтөөдө шектенүүчүлүк менен мамиле жасап, бул илимий эпосту кабыл алуу анын милдети экенин так билбей жана билгиси келбей, ушул эпос аркылуу, көптөгөн өзүнүн материалдык жана моралдык муктаждыктарын чечип алууну көздөп, анысы аткарылбай калгандан кийин бул илимий эпоско шектенүү менен карап, бирде ишенип, бирде ишенбей дал ошонусу үчүн жолу жабылып, азапка батып кудайдын жазасын көрүүдө.

Муса кызы Мария мындан ары төмөндөгүдөй тартипте иштөө керек:
1. Манас илимий-тарыхый эпосту кабыл алуу анын ыйык милдети экенин так билүү жана аны аткаргысы келбей кыйшактаса, шектенип иштөөнү каалабаса баары бир кудурети күчтүү Кудай жазалап туруп, илимий-тарыхый эпосту кабыл алдырарын билүү.
2. Муса кызы Мария эпосту кабыл алдыруучу Жайсаңга эркелебей, тайрактабай андан илимий-тарыхый эпосту толук кабыл алууга жетишүү.
3. Илимий-тарыхый эпосту кабыл алууда тоого-ташка, талаа-түзгө чуркабай, убакыт-саатты белгилебей күн сайын каалаган учрда үйдө, ыңгайлуу жерде кабыл алуу үчүн кудурети күчтүү Кудайдан сурануу.
4. Кабыл алуу учурунда ар кандай ашыкча кыймыл-аракеттерди жасоодон, оштонуп ар кандай сөздөрдү сүйлөп кошолонтуп адамдарды таң калтыруу жана чочулатуу жоругунан алыс болуу.

Бул илимий-тарыхый эпос дүйнө элин кыргыздар жакшылыкка алып баруу миссиясын өтөөдө кыргыздардын ички дүйнөсүн тазалап, аларды баш коштуруп, улуттук ар намысын жогорулатып өзүнүн (Манас эпосунун) келүү миссия-милдетин өтөйт жана жакшылыкка алып барууда авангарддык ролдордун бирин аткарат. Жайсаңдын Манас илимий-тарыхый эпосун китеп кылып чыгарууда Муса кызы Мария өзүн эпосту кабыл алууда себепкер экенин аннотацияда белгилеп, китепти көчүрүшүп, жарыкка чыгарууга себепкер болгон Ш. Эсенгул уулуна алкыш айтып жазуу керек”.

– Биз, адамдар Муса кызы Мария менен Ш. Эсенгул уулуна кандай мамиле жасашыбыз керек?

– Аларга өтө чоң урмат, сүйүү менен мамиле жасоо керек. Анткени, алар чоң миссияны аткарып жатышат. Аларды кордоп, шылдыңдаган, сындаган, ушактаган адамдар Кудайдын жазасын алып азапка батышат.
(Азия Нуру №12 (38)2000-жыл)

Бул макаланы окугандан кийин өзүмө терең ыраазылык пайда болду. Айтылган ойлордун бардыгы мен каалагандай эле. Түз эле менин көңүлүмдөгүнү кеп кылып жатат. Ошол маанайым менен гезитти көтөрүп Бүбү Мариамга барсам, ал абдан туталанып отуруптур. Сөзүмдү укпай эле түнү менен транска түшүп, гезитте айтылгандарды толук окуганын билдирди да; “бул сиздин кылганыңыз, сиздин сөзүңүз” деди орой. Мен андай адамды да, гезитти да мурда билбегенимди айттым эле, “Анда, жанагы жээниңиз (Сулайман Рысбаев деген окумуштуу) же кызыңыздын (Гүлмира Эсенгулованын) кылганы!” деп кыйкырды. Сөз айтууга дарманым келбеди. Дарыланып, дастанды сүйлөшүүнүн ордуна тойгуча “май токоч” жеп, үйгө бардым да, өчүмдү экөөнөн алдым. Телефондогу эки саат сүйлөшүүм жыйынтык бербеди. Экөө карганып кутулушту. Абды Сариев деген көзү ачык жигит жазуучулардын секретары экен, дегеле камырабай, Кудайдан алганын кайталады.

Ошентип, Абды Сариев аркылуу Улуу Кудайдын берген эскертүүсү бизге оң таасирин берген жок. Ошондон көп өтпөй Бүбү Мариам капчыгы калың жигиттерге кошулуп (алар кимдер экенин мурда жазгам) изин жашырып, дайынын таптырбай кетти…

Кудайдын буйругу бузулду. Жайсаңдын өтүнүчү аткарылбай, ыйык дастан элге сиңбей калды…

Акырында айтаарым: Улуу Кудай тарабынан берилген ыйык туюмдарды, сөздөрдү, сырларды ж.б. кармана билүү, тутуна билүү, сактай билүү, аткара билүү көрүнгөндүн колунан келбейт экен. Анын айыбын жалпы эл тартарын түшүнүү өтө кыйын турбайбы! Улуу Кудайды таануу, ишенүү пенделердин көкүрөгүндө бирдей өнүкпөсө, анын кайсы бир пенде аркылуу бергенине кантип ишенмек эле!.. Эгерде кыргыз эли Кудай таануу, Манас таануу, кыргыз таануу илимине чындап көңүл бурбаса, ушул таз кейпинен өзгөрбөй кыйнала берери бышык.

АЯГЫ

Шарыпкул Эсенгулов, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, жазуучу,
«Кереге (“Кыргыз гезиттер айылы”), 16.11.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.