Белгисиз кыздын Алыкулга жазган ашыктык каттары

Алыкул Осмонов 12-декабрда көзү өткөн. 61 жыл мурда. Кечээ улуу акынды эскерүү күнү анын дүйнөсүнө дагы бир ирет баш багууну, сагынычты таратууну көздөдүм. КР Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун Кол жазмалар фондусунан акындын каттарын, күндөлүктөрүн, блокнотторун карап отурдум. Көбүрөөк жазылган бир күндөлүгү латын арибинде экен, анын айрым жерлери жакшы окулса, көп жерлери түшүнүксүз экен. Каттарынын арасынан белгисиз кыздын кириллица ариби менен жазылган каттарына көңүлүм түштү. Кыздын Алыкулга болгон ашыктыгы ушунча ысык, ушунчалык чын дилден жазылгандыгын каттагы сүйлөмдөр айтып турат. Ашыктык сезими ырлары менен да коштолуптур. Мурда-кийин басма сөз беттеринен, Алыкул тууралуу китептерден андай катты окуган эмес элем, ошондуктан ал мага баарынан кызык болду. Каттар 1948-49-жылдары жазылган.

Улуу акын кат жазганды эмес, окуганды жакшы көрчү экен
Алыкулдун күндөлүгүндө 1947-жылдагы дата коюлган “Кат окуганды жакшы көрөм, жазганды (кат – ред.) жаман көрөм” деп жазганы бар.

Чынында эле Алыкул кат окуганды жакшы көрчү окшойт. Окуучулук бир дептер толтура жазылган белгисиз кыздын ашыктык катын тытпай, сактап койгону буга күбө. Катты ким жазгандыгы табышмак бойдон калыптыр. Ал табышмактуу кыздын алгачкы каты минтип башталат:
“Кымбаттуу агай Алыкул! Жүрө­гүңүз кубанычтуу, көңүлүңүз ачыкпы? Кең Фрунзе калаасында, кереметтүү толкундун арасында, жагымдуу салкын абасында эркин дем алып, кадимкидей жакшы турасызбы? Дениңиз сак, көңүлүңүз шатпы? Кабагыңыз ачык, кайгынын туманы алыспы?

Толкундуу өткүр жүрөктүн берекети төгүлүп, ак кагаз бетин аймалап, жорго калем жазсам деп шашып жатабы?

Күчтүү толкун арбаса, көңүлдүн кирин кетирип, мелтиреген Айдай…, мээримдүү жардай, түнт ойду буруп, каргашага канжар уруп, кайгыны шаттык басып, назик көңүлдүн чебер узу, жалындаган жүрөктүн эрке кушу, аскадан өтүп аралап, булуттан да ашабы?”.

Табышмактуу селки экинчи катында жүрөктөгү өртүн айткан
“Кымбаттуу агай! Бул табышмактуу кат менен менин жайымды билгиңиз келер!.. Катын арнап, тартуу кылган ким экен деп оюңузга кетер!.. Мен ким болсом да сиз үчүн жүрөгү тунук, көңүлү кирсиз, чыныгы тилектештердин биримин.

Бирок чочубаңыз! Ак кагаз изин тартуу кылган, белгисиз махабатка моюн сунган, бирөөнүн тагдырына жол курган убаралуу… “Онегиндеги Татьянадай го деп…

Мейли чочусаңыз, чоочурсуз. Бирок таң калбай, талдап окуурсуз. Менин ким экенимди кийинчерээк көргөнүңүздө гана сезип-билип толук түшүнөөрсүз”.

“Алыкул агай! Көзгө кадалган кылканды ажыратууга чеберлик менен аспап керек болсо, жүрөктү тымызын чаккан чалканды ажыратууга эмнелер керек? Алоолоп күйгөн өрттүн жалынын өчүрүүгө жайлоонун тунук булагы керек болсо, жүрөккө жармашкан өрттү өчүрүүгө эмнелер керек? Бирөөлөргө дарылыкка суу керек болсо, көңүлдүн кирин кетирүүгө эмнелер керек? Кокусунан бирөөлөрдүн жүрөгү дартка айланса, экинчинин жүрөгүнө сезүү таасири байланабы? Кокусунан тунук жүрөк жараланса, экинчинин тынч жүрөгүн туман ой чалып санааркатабы?”

“Издеймин, таппайм! Жалдырап үн катпайм”
“Эх! Ар-намыска канча сабыр кылсам да жаш жүрөктүн жалынына чыны эрдик кылалбадым. Сиз эгер кайрымдуу болсоңуз, эрксиз … ээленген жүрөктү гана күнөөлөңүз… Катымдын аягын ушинтип жазуудан мурун, сизден көптөн-көп суранаар өтүнүчүм, кечирим суроого уруксат этиңиз. Сыр деген кымбат нерсе го… Жол баштап, сырын ачат деп асты жаман көрбөңүз…

Да… агай! Жашоодо адамды чындап эмгек баалайт… Эмгекти сындап, эрдик талдайт. Турмушта адамгерчилик, сыйлашуу сыпаты кандай асыл нерсе… Өлбөгөн өнөр, талыбаган эмгек, өчпөгөн атак калтыруу, өмүрдө кандай кубаныч, кандай сонун сыймык! Бирок бул керемет ар бир адамдын колунан келе бербейт”.

“Издеймин, таппайм!
Жалдырап үн катпайм
Көрсөм деп көксөйм,
жалындайм, өчпөйм.
Санааркайм, эңсейм,
зарыгам жетпейм,
Ойлоном, чөгөм, оюмду бөлөм…

Турмушта кемчиликсиз же жаңылбаган адам баласы болбойт эмеспи… Ошол өз кетирген кемчилигин аягына чейин сезе билип, көпкө өкүнүчтө жүрүп, акыры башын тартып, өтө өкүнүп кечирим сураса, ырайымдуу жооп алыш кандай кубаныч…

Бирок элесим алыс… Кездешүү табышмак… Сырдын ачкычы сизде. Сырдын сандыгы булуттун арасында… Оюмда эч бир кир жок кылдай… Бирок сиз чечип, түшүнүңүз чындай! Бул кат менин калемимдин күчү эмес, жүрөгүмдүн күүсү. Бул ыр менин элесимдин изи эмес, жалынымдын түсү… Бул ак кагаз сыры “көпкө” арналган белги эмес, жүрөгүмдөн сызылып чыккан чыныгы элес!”

“Мени унутуп калган чыгарсыз…”
“Кымбаттуу Алыкул агай! Табышмактан өтүп, эми чындыкка, ачык сырга келели. Сулуулугунан жылуусу, көрүнүшүнөн көркөмү, көбүнөн натыйжасы деген турбайбы. Ошол сыңары сиздин убактыңызга тоскоол этип, сөзүмдү арбытып, созо бербей, кыскача жыйынтыгын берейин. Кат, кагаз аркылуу сыр өтө кенен чечилбейт эмеспи. Сөз казынасын ачууга акыры бир шарт, убакыт да келер”.

“Агай! Сиз мени унутуп да калган чыгарсыз. Акырында ушунтип кат жазат деген ой оюңузга да келбеген чыгар. Менин баягы көрүнүшүм, өң-түсүм сиздин элесиңизден эбак алыстап да кеткен чыгар”.

“… Мен өзүмдүн көптөн күткөн максатымдын биринчи тепкичин бастым. Ошондуктан өкүнбөйм. Калган тепкичтин акырына чыгууга өмүр жетишсе, тартынбайм”.

“…Бир күнү дагы бир курдашым менен үйүңүздүн алдына барып… кирип барууга , чынында эрдик кылалбадым”.

“Сиздин “Ай, Жамийла, нур Жамийла, Жамийла” деген ырыңыз эмнегедир мага өтө жагат. Мүмкүн ошол ырдын маанисинде да бир себеп бардыр”…

“Эгер сизге өтө эле оор болбосо, 1949-жылдын март айы, “Советтик Кыргызстан” журналынын арасынан менин атымды таап аларсыз… Болбосо, 1945-жылдын июнь-август айларын эстеңиз…
1949-жыл, 19-июнь.

Ушундай мазмундагы каттарды КР Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун Кол жазмалар фондусунан Алыкулга арналып жазылган белгисиз кыздын катынын кол жазмасын окуп чыгып, акынга ашык болгон кат ээсине да, катты алып, аны аздектеп сактап койгон акын Алыкулга да абдан ыраазы болдум.

Даярдаган Айгүл Бакеева, “Де-Факто” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 13.12.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.