“Жаңы Ала-Тоонун” жазгы саны

Журналдын жазгы – март айынын №3(11)-саны жарык көрдү. Анда Кыргыз эл жазуучусу Э.Турсуновдун “Хан Теңир” жаңы романынын уландысы, Т.Абдиеванын “Ача жол” жаңы повести, жазуучу А.Көлбаевдин “Каркыралар кайтканда”. М.Сыдыковдун «Жоокер» аттуу аңгемелери, поэзиядан айтылуу акын Турар Кожомбердиевдин өмүрүнүн соңку күндөрү жазган учкундуу ырлары, Б.Салгаманинин жаңы ыр түрмөктөрү жарыяланган. Журнал жарыялаган конкурска Эдигей Боронлынын ырлары сунуш кылынса, тажик акындары Л.Шерали менен М.Каноаттын ыр саптары Н.Жаркынбайдын котормосунда жарык көргөн.

Эл аралык журнал кыргызстандыктардын чет өлкөлөрдөгү, анын ичинде Россиядагы баштан кечирип жаткан турмушу тууралуу жазган А.Супрундун “Кодекс для обезьяны” повестинин жана Эзоптун тамсилдеринин уландыларын. 1900-жылдардын башында жер кыдырып, Орто Азияга, анын ичинде Кыргыз-Кытай чек арасына чейин келип, кылым башындагы Үркүндө кыргыздарга жолугуп, көмөктөшкөн беш түрк жигитинин кызыктуу окуялары тууралуу жазган Адил Хикметтин “Азиядагы беш түрк” аттуу китебинин кыргызча котормосу окурмандарды гана эмес, жалпы коомчулукту кызыктырбай койбойт. Анда бир кылым илгерки кыргыз турмушу, салт-санаасы, руху ошол кездеги күбөнүн көзү менен берилген.

Кийинки кездери журналга жазылып да, почта, күркөлөрдөн да көп алынып жатышы тегин жерден эмес – журнал уламдан улам жаңы, көркөмдүгү мыкты, ар кыл жанрлардагы чыгармаларды жарыялап, окурмандарынын купулуна толуп келет.

“Кыргызстандын жаңы адабияты”, 09.04.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.