Аида Касымалиева: Жашасын Интернет ыңкылабы!

88C3C944-0221-44D7-8257-F7D6920B7FE5_mw270_sАида Касымалиева кыргызстандык журналист, учурда Бириккен Араб эмираттарында жашайт. Ал соңку окуяларга байланыштуу «Кыргызстанда революция интернетте да жүрдү» деп эсептейт. Касымалиева бул дигиталдык ыңкылаптан интернетке чыга албаган кыргыздар артта калгандыгына өзү күбө болгон мисалды келтирди. Ал Бакиев сөз эркиндигин камсыздай алганда, азыр анын үзүрүн өзү көрмөк экендигин да белгиледи.

Аида Касымалиева: Биз 6-апрелде Таласта окуялар башталганда Кыргызстан тууралуу эч кандай маалымат ала албай калдык. “Азаттыктан” башка интернет сайттарда да эч кандай маалымат болгон жок. Ошондо бир гана Туиттер, Фейсбук өңдөнгөн коомдук сайттар аркылуу маалымат алып аттык.

Жaңыл Жусубжан: Ушул окуяларда дигиталдык маалымат каражаттары кандай роль ойноду?

Аида Касымалиева: Менимче, абдан чоң роль ойноду. Революция реалдуу турмушта болуп жатты, бирок көбү Туиттерде, интернетте болду. Жаштардын көбү интернетте отурушат. Революция 70 пайыз интернеттин жардамы менен ишке ашты.

ЖЖ: Интернеттеги Фейсбук (Facebook), Туиттер(Twitter) чечүүчү роль ойнодубу же электрондук почтабы?

Аида Касымалиева: Чечүүчү ролду Туиттер жана Ютюб (видео сайт YouTube) ойноду. Видеону соткага тартып эле, ар ким ЮтЮбга коет. К+ өңдөңгөн телеканалдар деле ошол чөнтөк телефон менен тартылган видео-тасмаларды көрсөтүп жатышты.

ЖЖ: Кыргызстанда айыл жерлеринде интернетке чыгыш кыйын. Ушундан улам, чөнтөк телефон болбосо, элеттиктер дигиталдык ыңкылаптан таптакыр артта калмак десек болобу?

Аида Касымалиева: – Ооба, эң туура айтасыз. 8-апрелге чейин Кыргызстанга интернет аркылуу байланышуу мүмкүн болгон жок, соткага гана чалып аттык. Чөнтөк телефону 6-апрелде өчүрүлүү болду, бул да мындай операторлор бийликтен көз карандысыз болуш керек экендигин көрсөттү. Ошко чалып, үйдөгүлөргө Таласта баш-аламан болуп атат десем, ишенбей коюшкан. Аларда интернет жок. Кийин телеканалдар иштей баштаганда гана ишеништи окшойт.

Бул жагынан Бакиевдин режими чоң ката кетирди. Эгер алар маалымат каражаттарын тумчуктуруп салбаганда, элдер мынчалык козголбойт беле. Адамдар такыр маалымат ала албай калганда, чукул кадамдарга барат эмеспи. Баарынан да күлкүлүүсү, мына Максим Бакиев «Живой Журналда» (www.livejournal.com – күндөлүк жазуучу сайт) блог ачып, жаза баштаптыр. Кезегинде Бакиевдин өкмөтү бул сайтын блокировка кылган болчу. Азыр эми маалымат керек экен деп, көзү ачылып калды окшойт.

ЖЖ: Интернет болбогондо, Кыргызстанда соңку окуялардын жүзү кандай болот эле?

Аида Касымалиева: К+ телеканалынан карап отурсам, Ала-Тоо аянтына чыккан адамдар бүт эле (маалыматты) соткадан берип жатышты. Туиттерден деле укук коргоочулар чыгып атышты. Мисалы Эдил Байсалов (редакция: азыр убактылуу өкмөт администрациясынын башчысы болду) Швецияда отуруп алып, сотка менен Туиттерге кабар берип турду. Экинчи жагы, адамдардын өз ара байланышында чөнтөк телефон абдан чоң роль ойноду.

ЖЖ: Демек азыркы окуяларды «чөнтөк телефон» ыңкылабы деп койсок болчудай экен да…

Аида Касымалиева: Интернет ыңкылабы десе болот го, Туиттер, Фейсбоок, чөнтөк телефон, баары болду.

Жаңыл Жусубжан, «Азаттык», 12.04.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.