Чыгармачыл союздар Маданият министрлигин калыбына келтирүүнү өтүнүшүүдө

Кыргызстандын чыгармачыл союздары Убактылуу өкмөткө Маданият министрлигин калыбына келтирүү өтүнүчү менен кайрылышууда. Бул туурасында бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында республикнын алты чыгармачыл союздарынын жетекчилери билдирди.

Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаевага жолдонгон кайрылууда мындай деп айтылат: “Маданият кайсы гана өлкө болбосун анын жашоосунда маанилүү ролду ойнойт. Ал экономика менен саясаттын гүлдөп өнүгүшү үчүн бардык убакта маанилүү фактор болгон. Ал элдин рухун көтөрүп жана ар бир жарандын улуттук аң-сезимин ойготкон баа жеткис булак болгон. Жогоруда аталган баалуулуктардын жоктугунан өлкөнүн мурдагы жетекчилиги бүгүнкү күндө бийликке тырышууда деп ойлойбуз”.

Республиканын негизги алты чыгармачыл союздары, анын ичинде Кинематографисттер, Жазуучулар, Композиторлор, Театр ишмерлери, Архитекторлор жана Сүрөтчүлөр союздары элдик революцияны чын дили менен колдоп, акыркы жылдары маданият тармагы толук жана олуттуу мамлекеттик колдоого алынбай, министрликтин статусу агенттикке чейин төмөндөтүлгөндүгүн белгилешет.

“Учурда биз үчүн улуттук маданий баалуулуктарды сактап калуу жана дүйнөлүк коомчулукка татыктуу көрүнүү үчүн маданият тармагына министрлик статусту кайтарып келүү башкы маселе болууда. Экинчиден, жетекчи кадрларды дайындоодо чыгармачыл жана кесипкөй адамдарды тандоону суранабыз”, – деп айтылат кайрылууда. Чыгармачыл союздар маданият министринин ордуна белгилүү режиссер Садык Шер-Ниязды көрсөтүп, бул демилгени Убактылуу өкмөттөн колдоп берүүнү өтүнүшүүдө.

«Кабар» МА, 13.04.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.