Бишкектеги жазгы көргөзмөлөр

06BE0650-9A52-431E-9C4A-D3ECFC4A0341_mw800_mh600_sЖаздын келиши менен борбордогу музейлер көргөзмөлөрдү байма-бай уюштура баштады.

Ушул күндөрү “Колдо-Арт” борбору, “Кыргыз-Артекс” сүрөтчүлөр шаарчасы жаңы көргөзмөлөрдү уюштурса, Чуйков музейи кол өнөрчүлөрдүн эмгектерин көрсөтүүнү ниет кылууда.

Борбор Азия сүрөтчүлөрүнүн эмгектери менен сүрөт күйөрмандары “Колдо-Арт” борборунан тааныша алышат. Долбоордун негизги максаты – сүрөттөрдүн жаңы экспозициялык формасын иштеп чыгуу. Аталган борбордун кызматкери Миргүл Болоталиеванын айтуусунда, көрүүчүлөр үчүн бул көргөзмөдө көп маалыматтар камтылган.
Көргөзмөдө кыргыз, казак, өзбек фотосүрөтчүлөрүнүн иштери коюлган. Экспозицияда ошондой эле 2 фототасма камтылган. Ал тасмаларда 43 автордун 180 эмгеги чагылдырылган. Бул эмгектерде сүрөтчүлөрдүн ар кыл көз караштары берилген. Мындан сырткары инсталяциялык да иштер бар.

Гапар Айтиев атындагы Улуттук сүрөт музейинде “Өзгөрүлүп жаткан дүйнө – эсте каларлык мезгил” деген фотосүрөттөрдүн жана видеонун көргөзмөсү ачылды. Көргөзмө Орусия, Украинада, Беларусия, Германия, Казакстан, Өзбекстан, жана Кыргызстандан алынган 200 сүрөттөрдү жана тасмаларды камтыйт.

Фрунзе атындагы музей Жеңиштин 65 жылдыгына карата көргөзмө ачууга даярданууда. Бул маалыматты музей жетекчиси Жибек Орозова тастыктады.
Экспозицияда биздин музейдин фондунда сакталган буюмдарды коебуз. Анда согуш учурунда кийген кийимдер, сыйланган орден, медалдар да бар. Негизги максаты – ошол берилген сыйлыктарга кененирээк токтолуп, жаш муундарга чечмелеп берүү.

“Табияттагы сулуулук” деген аталыштагы көргөзмө Чуйков атындагы музейде ачылат. Ага келген көрөрмандар Людмила Тумышева, Мадина Кусаинова баштаган кол өнөрчүлөрдүн иштери менен таанышат.

Борбор Азиялык көркөм өнөр жана маданият уюмунун музейинде Юлия Черкашина, Калыбек Рахимжанов, Сергей Пашков, Жумгалбек Бейшебаев сыяктуу жаш кыл калем чеберлеринин иштери көрсөтүлүүдө. Ал эмгектердин арасында колго жасалган куурчактар, оюн-зооктордо кийчү бет каптар, графика жанрындагы иштер жана гобелендер бар. М галереясында өтүп жаткан, кыргыздын белгилүү сүрөтчүлөрүнүн башын кошкон көргөзмө тууралуу Чолпон Исаева баяндады.
Бул жерде ар түрдүү сүрөттөр коюлган. Алсак графика, живопись жана прикладдык жанрдагы эмгектер. Ал эми авторлордун катарында Каменский, Кадыр Беков, Халида Шимова, Гулнара Мусабай, Турар Тургуналиев сыяктуу кыл калем чеберлери бар.

Айжан Шаботоева, “Азаттык”, 20.04.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.