Кочкордогу Тибет жазуусу

Биздин заманга чейинки 3-кылымда Түндүк Индияда Шакья Муни (кийин Будда) деген ханзада (муну Сак элинен чыккан Муни деп караган да версия бар) буддизм окуусун (философиялык-этикалык окуу) негиздеген. Анын бул окуусу биздин замандын 3-кылымынан Орто Азияга да таралат. Бухара, Самарканд анын очоктору болот. “Бухара” деген шаар аты буддисттердин сыйына турган жайын билдирген “бихар” деген сөздөн чыгары болжолдонот. Буддисттердин молдолорун “бхикшу” (бакшы) дешкен. Буддизм окуусу андан ары Кашкар, Турпан аймактарына, андан ары Кытайга, Борбордук Азияга таралат. Кээ бир пикирлерге караганда, бул окуунун түп учугу биздин заманга чейинки 6-кылым чамасында эле Орто Азияда зороастризмдин курсагынан бөртүп чыгып, түштүгүндөгү Индияга ооп кеткен. Зороастризм – биздин заманга чейинки 12-кылымда шаманизм менен катарлаш структурасы түптөлүп бүткөн, биздин заманга чейинки 7-6-кылымдарда Зороастранын окуусу катары өркүндөтүлгөн ишеним. Бул ишеним кийин христианчылык менен исламдын келип чыгышына база болуп берген.

Азыркы Түндүк Кыргызстанда 574-584-жылдары Кытайдан келип катуу үгүт жүргүзгөн индус Жинагуптанын аракети менен буддизм кагандан калайыкка чейин рухий көрөңгө түзөт. 7-кылымдан тартып христианчылыктын бир агымы нестория менен катар жайылат. Булардын үстүнө 893-жылы мусулманчылык жакындап, 940-жылдан ал дин дагы терең тамыр ала баштайт. 1354-жылдан ислам дини басымчылык кылып калат.

Ар бир динге жараша жергиликтүү эл жазуу-сызуу да колдонуп келишкен. 1643-1758-жылдары будда дининдеги калмак коңтаажысынын Түндүк Кыргызстандагы бийлиги күч алып турган. Ага чейин эле, 1472-жылдан эле буддизм ошол динде жүргөн жана Түндүк Кыргызстанга биротоло турук алып келип калган кыргыздар аркылуу да кайрадан жайылышы мүмкүн. Манас баатырды да бутпарас болгон деп көрсөтүү тарыхый мезгилден кабар берет. Кийинки манасчылар аны мусулман кылып көрсөтүүгө аракеттенишкен. Мисалы Балыкооз, Сагымбай. “Манас” дастанынын өзүндө да намаз үйрөтүп жаткан Абу Насирге “Ай, ай, кожо! Ай, кожо! Кечке керээленип каласың, намазыңды өзүң ал, менин арстаным Чубак келатат” деп, намазды таштай салып, чоң бир уруштан кийин көпкө дайыны жок болуп, жаңы келе жаткан Чубактын алдынан барбалактап тосо чуркап жатпайбы. Көкөтайдын Каркырадагы ашында “Мен турганда, ашты сен тейлемек белең! Тур, мындай, жер соккон Көкчө!” деп камчысы менен тартып жиберсе, Көкчөнүн тебетейи башынан учуп түшүп, чекесинен кан жая берип, ошондо эл көзүнчө намысы күйгөн Көкчө Манастын таш боор, зулумдугунан каары башына чыгып айтып жатпайбы: “Сен, тетиги Самаркандын сарт Манас! Сары кулак ит Манас, Алдың жерге жит Манас. Анжиандын тоң алмасын кемирген, Чийки нанга семирген!.. Бүгүнкү күндө Жакаңдан күбүлгөн экен бит, Манас! Атасы – кыргыз, эне – сарт, Арам сийдик, бутпарас, Манас!..” (Сагымбай. 1986-жыл, 2-том, Чокан Валиханов).

Айтып өткөндөй, кыргыз кайсы динге, идеологияга кирсе, ошол динге тиешеси болгон ар кандай жазууну урунуп келишкен. Кочкордо да аска таш боорлорунда буддизмге тиешеси бар жазуу бар экени белгилүү болду. Ал жазууну учурунда көп эле киши көрсө да, таназар алышпаган, негизинен маани беришкен эмес. 1949-жылы туулган Асаналиев Бекташ 1969-жылы апрелдин акыркы он күндүгүндө кыштоодо кой жайып жүрүп, кечке жуук жанындагы таштагы белгисиз жазууну биринчи ирет көрүп, эртеси атасынын тыйганына болбой кагаз, карандаш алып барып көчүрмөлөгөн. Тарыхчыларга, эл-журтка кабарлагысы келген. Андан бери 41 жылга караптыр. 2010-жылдын 3-мартында кыргыз үчүн кызмат кылганды сүйгөн, тарыхтын такталышына көмөкчү болсом деген Кочкор жергесинин жигиттеринин бири, бокс боюнча спорт чебери Байсаков Муктар өзүнүн “Джип” машинасы менен, ага майын өзү куюп, алты сааттай жүрүп тоо коктусун өрдөп, жанагы жазууга чукул алып барып келди. Үчөөлөп ал жазуунун сүрөтүн, так көчүрмөсүн алдык. Жазуу түшкөн, күнгө оңуп карарган аска таштын бети тап-так түштүктү карап, батыштан чыгышка туура бети – 71 см, тигинен ылдый – 91 см. Жазуу – Кара-Тоодо, Буркан жайлоосуна жетпей, Беш-Таш Короодон чыгышта, Арпа-Чыбыр деген кыштоодо. Анын сүрөтүн, жазуунун так чийимин кызыккандарга сундук.

Кабылбек Жумабаев Кочкор району

Дагы бир жолу Кыргызстандагы тибет жазуулары жөнүндө

Четин Жумагулов филология илимдеринин кандидаты

Ала-Тоо аймагы байыркы жазуу эстеликтерге өтө бай экендиги бүгүн дүйнөнүн көп жерине белгилүү болуп калды. Жергебизде табылып, тийиштүү илимий-изилдөөлөргө алынып, коомчулук тарабынан туура бааланып келаткан руникалык, согду, уйгур, несториан, араб, тибет ж.б.эстеликтер элибиздин көп кылымдык тарыхый жолунда кандай калктар, уруулар, этникалык топтор менен мамиле жасап, түрдүү маданияттардын, түркүн тилдердин, диндердин карым-катнашына, кагылышына барганынан, мезгилдин бараасы менен тең айланып, бирде тереңге түшүп, бирде бийикке шаңшып көтөрүлгөн турмушунан кабар берип турат. Ошол өткөн замандардын документалдуу күбөлүгү, белгиси катары алар улам кийинки муундардын объективдүү, илимий жактан туура баасын алышы керек.

Буддизмдин жана будда маданиятынын эстеликтери Орто Азия менен Казакстандан, анын ичинде Кыргызстандын аймагынан архитектуралык, диний ырасмилер өткөрүлчү атайын комплекстер түрүндө жолукканын жана ачылып жатканын билебиз. Археологиялык казуулардын учурунда Токмоктун жогору жагында Ак-Бешим шаар калдыгынан VII-X кылымдардын храмдык курулуштары, Краснореченка шаар калдыгынан VII-VIII кылымдарга таандык будда храмы, байыркы Жул шаарынан IX кылымдын буддалык храмынын урандылары табылды.

Түндүк Кыргызстандын буддалык эстеликтери жөнүндө биринчи кабарды 1886-жылы Орус Археологиялык коомунун Чыгыш Бөлүмүнүн жыйналышында Н.В.Веселовский билдирет. Ага Кокондогу почта станциясынан Каракол багытына баратканда Пишпекке жакын ысык булактар чыккан Расант (азыркы – Арашан) деген жерде эч ким окуй албаган жазуулар бар экен, ошол аймактан акыркы кезде табылган көрүстөн таштар менен (несториан эстеликтери жөнүндө айтылып жатат – Ч.Ж.), кандайдыр бир байланышы барбы дегенди изилдеп көрсө жакшы болор эле деген сөздү айтышат. Андан башка Веселовскийге “Ошол жерде бир чоң ташка жакшы чегилген “алардын кудайы” бар экен, калмактар келишип, аны май менен шыбап кетишет экен”, – деп айтышат. Н.Н.Пантусов ушул боюнча толугураак маалыматтарды чогултуп, 1897-жылы Императордук Казан университетинин илимий запискаларына “Древности Средней Азии”. Каменный бурхан в Токмакском уезде Семиреченской области” деген ат менен макала жарыялаган. Жогоруда Н.И.Веселовскийге айтышкан “алардын кудайы” деген жана Н.Н.Пантусовдун Токмок уездиндеги таш буркан деп жазган эстелик бүгүнкү күнгө чейин сакталып турган, Ысык-Ата курортундагы чоң таштын бетине чегилген Будданын сүрөтү жөнүндө жазылганын тактай кеткенибиз туура болот. Ал эстелик жөнүндө кыргыз окуучуларынын, окумуштууларынын ичинен биринчи болуп биз 1966-жылы макала жазып, сүрөтүн кол менен чийип түшүрүп, “Мугалимдер газетасына” макала жазганбыз (01.02.1966). (1-сүрөт). Андан кийин ал биздин илимий китептерибизге, макалаларыбызга кирди.

Кийинки мезгилдерде жана биздин күндөрдө Ысык-Көлдүн түштүк жана түндүк жээктеринен ондогон тибет эстеликтери табылды. Атактуу Тамга-Таштан баштап, чоң аска таштарына чегилген, кичине кайрак таштарга чийилгендерине чейин тийиштүү илимий басылмаларда жарыяланып жатат. Ошол тибет жазууларында, эреже катары, буддалык формула “Ом мани падме хум” – “Лотостон жогору турган жыргал жок”, “О, лотостун гүлүндөгү кымбат баалуу таш”, “Кудай бере көр” деген сыяктуу келме сөздөр катары чечмеленет. Тибет формулалары менен катар моңгол-калмак жазуулары табылып жатканы кызыктуу фактылардан. 1936-жылы Ак-Өлөңдөн тарыхчы Б.М.Зима жыйырмадан ашык тибет, калмак жазуулары чегилген кичине, жалпак сланец таштарын тапкан. Алар бүгүн Санкт-Петербургдагы Мамлекеттик Эрмитажда сакталып турат.

А.Н.Бернштам “…бул жазуулар XVI-XVII кылымдарга, жунгар дооруна тиешелүү болуш керек” деп айткан. Тибет жазуулары, негизинен, кербен жолдор өткөн, ысык булактар чыккан жакшы жерлердеги өтүп бараткандарга көрүнүп тургандай таштарга чегилген.

Тибет жазууларынын буга чейин белгилүү болгондорунун, жаңы табылгаларынын дээрлик бардыгы биздин “Эпиграфика Киргизии” деген үч бөлүктөн турган китебибизде жарыяланды.

Улуу саякатчы Н.М.Пржевальскийдин Караколдогу музейинде анын жеке буюмдарынын ичинде козунун оң жаагы менен оң далы сөөгүнө кара тушь менен “Ом мани падме хум” деген тибет формулалары жазылган тумардай болгон бул эстелик сакталып турат. Аны саякатчынын үй-бүлөсү берген. Кыскасы, Николай Михайлович аларды Тибетте саякатта жүргөндө алган болсо керек. Тибет эстеликтерине байланыштуу мага кат жазып, кабарлашып, сүрөттөрүн, чиймелерин жиберип жүргөндөргө (Айбек Токочбаев, Анаркүл Курманалиева, Рыс Саякбаев, Токтомуш Акунов, Жекшен Айтикеев ж.б.) чоң ыраазычылык билдирем. Алардын жибергендеринин кыйласы көп жыл өтсө да, жарыялана элек. Менин алардын алдында күнөөм бар дегендей сезимде жүргөнүмдү жашыра албайм. Ошолордун бир экөөнүн бүгүн эстамп-көчүрмөсүн сунуш кылалы (2-сүрөт). Бул моңгол-калмак жазуусу. Муну көп жыл мурун Рыс Саякбаев жиберген. Анын канчалык так, өзүндөй туура жасалганын айта албайм. 3-сүрөттү Ак-Сайдын Тамга-Ташына Айбек Токочбаев да көп жыл мурун жиберген. Ал эми 4-сүрөттөгү тибет, калмак жазуу эстелиги болсо кечээ жакында эле, 3-мартта Кочкор өрөөнүнөн Асаналиев Бекташ, Байсаков Муктар жана журналист, окумуштуу-тарыхчы Кабылбек Жумабаевдер тарабынан табылып, эстамп-көчүрмөсүн мага жеткиришти. Кочкор ичинен табылган биринчи бул тибет жазуусу алгачкы жана акыркы эстелик дешке болбойт. Артынан дагы жаңы жазуулар, ал эмес будданын сүрөтү чегилген ташты да таап калышыбыз мүмкүн. Анткени, ал жерге жакын жаткан жайлоонун Буркан деп аталганына караганда, анын жөн жерден чыкпагандыгынан кабар берет.

«Заман-Кыргызстан» («Кыргыз гезиттер айылы»), 16.04.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.