“Аргасыз абал болбойт, туура эмес багыт болот!”

Кыргыздар эркиндикте төрөлгөн, эркиндикте миң жылдар бою жашаган. Кыргыз элинин улуттук мүнөзү ушул эркиндикте жаралган. Алар кулчулукту көргөн эмес жана бул мүнөзү менен кулчулукта, басмырлоодо таптакыр жашай албайт. Кыргыз эли байыртан эле өзүн өзү өз башчылары аркылуу башкарчу…

Кыргыз организминин сыры
Улут деген жөн эле көп адамдардын жыйыны эмес, бул өзүнчө тирүү организм. Ар бир кыргыз ошол кыргыз улут организминин клеткасы. Кыргыз элинин салттары – бул кыргыз улут организминин жашоо программасы. Ар бир организм өз ата-бабасынан калган салттары, мыйзамдары менен өсөт, гүлдөйт, мөмөлөйт, утат, жеңет. Организм өз куту, өз коду, өз мыйзамдары менен жашаса, ал оорубайт, ден соолугу чың, кубаты күчтүү, акылдуу, бай болот. Согушпу, экономикабы, илимби, маданиятпы – бүт жерде бүт нерседен утат. Организм өз кодун өзгөртсө, башка, чоочун организмдердин кодун туураса, анда ал сыркоолойт, ар кандай жаралар, оорулар жугат.

Түрмөгө камалгандардын арасында кыргыздар 90%дан ашат, ошондой эле сойкулардын, аракечтердин, ташталган наристелердин, өзүн-өзү өлтүргөндөрдүн, оорулуулардын арасында Манастын урпактары басымдуу көпчүлүктү түзөт. Эмне үчүн мындай болуп калган деп ойлойсуз? Бул – кыргыздар өз улут организминин кодун таштап, бөлөк, чоочун элдердин коду менен, алардын чоочун максаттары менен жашагандыктан.

Эмне кылыш керек? – Өз кыргыз улуттук организмдин мурунку системасын кайра жаратыш керек! Ал үчүн кыргыз организмдин мурунку структура-түзүлүшүн куруу зарыл. Эл башчыларын мурунку кыргыз ирети, адаты, тартиби менен эле көтөрүп-шайлап, кыргыз элинин ичиндеги мамилени мурункуга келтирүү керек. Кыскача айтканда, кыргыз организмди, кыргыз эл жашоосун мурунку программага келтирүү. Өз мамлекетин түзүү. Азыр Кыргыз республикасы деген кыргыздын мамлекети боло элек. Кыргызстан качан кыргыз мамлекети болот? Кыргызстанда кыргыз программасы өнүккөндө, өлкөнү кыргыз мыйзамдары, кыргыз салттары, кыргыз идеологиясы башкарганда.

Улутчулдук кылмышпы?
Ар бир өнүккөн улуттарда өзүнүн улуттук идеологиясы бар. Бир сөз менен айтканда, бул улутчулдук. Биз кыргыз улуттук идеологияны издеп, табалбай жүргөнүбүздүн себеби – Совет доорундагы “Улутчулдук – өтө жаман, бу кылмыш иш” деп бизге берилген тескери тарбиянын кесепети. Ал эми улутчулдук деген – бул өз элин сүйүү, сыйлоо, урматтоо, тарбиялоо, өз эли менен сыймыктануу. Өз элин сүйүү – бул өзүн, өз балдарын, өз урпактарын, өз келечегин сүйүү. Еврей, япон, кытай, корей, армян, түрк жана башка өнүккөн улуттарга окшоп өз улутун бийикке, Кудайга чейин көтөрүү.

Мисалы, Түркиядагы көрүнүктүү жерлерде чоң аска-таштардан чегилген тамгалар менен “Бул дүйнөдө эң чоң бакыт – түрк болуп төрөлүү!”, “Бир түрк бүт ааламга барабар!” деген сыяктуу ураандар жазылган. Еврейлер болсо, “Биз – Кудай тандаган элбиз” деп, калгандарды малга теңеп коюшат. “Ар бир еврей ар бир еврейге жооптуу!” – бул, бүт дүйнөдөгү еврейлердин урааны. Япондор, кытайлар жана көп башка өнүккөн улуттар булардан калган жок. Биз эле “Кыргызстан – жалпыбыздын үйүбүз” деп кошуналарга да, алыскы элдерге да уят болуп атабыз.

Накта кыргыз идеологиясы, накта Манастын идеологиясы – кыргыз улутчулдугу. Манас өз элинин келечеги үчүн кыргыз элинин урууларын бириктирген, төрт тарабындагы чоочун элдер менен согушкан. Демек, биринчиден улуттук идеологияны көтөрүү зарыл. Анын өзөгү – улутчулдук. “Кыргыз куту күн нурунан (табигаттан) жаралган, башкалардын куту топурактан (кулчулуктан) чыккан!”

Айылдардын жашап кетүүсү
Айыл – кыргыз элинин башаты болгондуктан, ошол башатты калыбына келтирүү керек. Ар бир тирүү организмдин башкарган башы, мээси болот. Мурунку кыргыз айылында эл өзү көтөргөн башчысы боло турган. Совет бийлиги аларды жок кылып, алардын ордуна өзү (эл эмес) башкарма, директорлорду отургузган. Ошолор аркылуу өз саясатын, өз идеологиясын сиңирген. Капитализм келгенден кийин Акаев аларды да жоюп, жалпы кыргыз элинин жерин үлүштөргө бөлүп, айылдагы кыргыздарды өзүмчүл эгоисттерге айлантты. Бул иш кыргыз элинин мүнөзүнүн омурткасын сындырганга барабар.

Азыр айылдарда элдин 10-20%ы материалдык жагынан жетиштүү жашаса, калган кыргыздар жакыр болушту. Жер, суу көп айылдарда жетишсиз. Эми мындан ары дагы жаңы кыргыз муундары төрөлүп, чоңоюп, үйлөнүп, айылдыктардын саны көбөйө берет, бирок, жердин аянты, суунун көлөмү көбөйбөйт эмеспи. Алар жерсиз, суусуз калса, айылда эмне кыла алышат? Мурун үч айылды сугарууга жеткен суу, бүгүн бир айылга жетпей калып атат. Бирөөсү өз үлүшүндө жүгөрү өстүрсө, экинчиси кызылча, үчүнчүсү беде, төртүнчүсү башка өсүмдүктөрдү отургузат. Кантип ушунун бардыгын ирети менен сугарууга болсун? Бул мүмкүн эмес. Бир эле Чүйдө жалаң үлүштөрдүн ортосундагы арыктарга 13 миң гектар жер кеткен дешет.

Эмне кылуу керек? Кайра бириктирүү керек! Бирок, буга элдин 10-20%ы каршы болот. Анткени алар жакшы жерлерди, жайыттарды, суунун башын ээлеп, ошол аркылуу байыган. Бирикпесе, бирикпесин. Баарыбир эртеби-кечпи көпчүлүк жеңет. Бириккен айылдарда айыл башчы болушу керек. Алар кайсы жол менен тандалат? Шайлоо жолу мененби же жогору жактан көрсөтүлөбү? Муну мындай кылуу шартка ылайык.

Ар бир кыргыз айылында өзүнчө ынтымактар бар, жакын туугандар – бир атанын (төртүнчү, бешинчи…) тукуму. Аталык деп айтсак болот. Жамандыкта, жакшылыкта алар бардыгы чогулуп, бири-бирине жардам беришет. Ошол аталыктын өз башчысы бар. Анын сөзүн туугандары эки дебейт. Ошол аталык башчылар чогулуп айыл кеңешин түзүшөт. Арасынан кыйыны, эч кандай референдумсуз, шайлоо кампаниясыз, өзүнөн өзү чыгат. Ал айыл башчысы болот. Айылдын ички, сырткы, экономикалык, юридикалык, маданият, жаштарды тарбиялоо жана башка көп иштерин башкарат жана аларга жооп берет. Азыркы көпчүлүк айыл өкмөттөр эки, үч, төрт, беш айылдардан түзүлөт. Ошол айылдардын башчылары чогулуп, бириккен айылдардын кеңешин түзүшөт. Арасынан кыйыны өзүнөн өзү чыгат. Ал азыркы айыл өкмөттүн ордун ээлейт. Бийлик өз элине душман болбосо, буга каршы болбошу керек. Каршы болсо да, эл кааласа, бийлик эч нерсе кыла албайт.

Мурун кыргыздар өз башчысын көтөргөндө (ал манап, бий деп аталчу), шайлана турган адам өз байлыгын (малын) элге таратчу. Ал эл үчүн кызмат кылчу, эл аны бакчу. Анткени, мындай тартип болбосо, башчы өзүмчүл болот да, өз кызыкчылыгын биринчи орунга коюп, элдин кызыкчылыгын экинчи орунга калтырат. Ошондуктан айыл башчыда көп гектар жеке менчик жери, фермасы, фирмасы, дүкөнү, көп малы болбош керек. Бар болсо өз айылына, өз элине арнашы керек. Ушул системада эле башкаруучу орундарга элине күйгөн, элин сүйгөн, элдин келечегин ойлогон адамдар чыгат. Эгоист-өзүмчүлдөр артта калат.

Ушул системанын эң негизгиси – кыргыз айылы өзүн-өзү башкарат. Жетекчиликке уурулар, кошоматчылар, паракорчулар баралбай калат. Бул системада айыл өз жерин кайтарат, сактайт, гүлдөтөт. Айылдын жерин эч ким ала албайт, уурдай албайт. Ар бир кыргыз ар бир кыргызга жоопкерчиликтүү болот. Мисалы, бир адам бирөөнүн тоогун уурдап алса, ал он эселеп кайтарышы керек. Кедейлигинен бере албаса, уруунун аталыгы кайтарышы зарыл. Башка айылдан жылкы уурдалса, айылы менен жооп бериши керек.

Азыр бирөө бирнерсе уурдаса, туугандарынын, өз айылынын алдында жооп бербейт, милиция менен соттун алдында гана жооп берет. Ал эми сунушталган кыргыз системасында ууру өз туугандарын, өз айылын уятка калтырып, эл алдында уят болуп, өзү эле жазасын тартат. Кыргыз “Уят өлүмдөн катуу” дейт эмеспи. Ошондуктан, чыныгы кыргыз мындай жолго түшпөйт. Ошондо милиция, прокуратура, сот, түрмө да керексиз болуп калат. Мурун бул органдар кыргызда жок болчу. Ушул сыяктуу эле кыргыздарда балдар үйү, ымыркайлар үйү, карылар үйү, жана башка ар кандай “үйлөр” болгон эмес. Мисалы, эгерде бүлөнү баккан атасы көз жумуп кетсе, анын бир туугандары анын милдетин, укугун өздөрү көтөрчү.

Айылдан аймакка өтөлү. Бир аймактагы айыл өкмөттөр чогулуп аймактын Кеңешин түзөт. Алар аймакка тийиштүү ар кандай маселелерди чечет. Арасынан чыккан кыйын акылман аймак башчысы болот. Аймак башчылар биригип кыргыз элинин Жогорку Кеңешин түзөт. Ал кыргыз элин башкарган уюм болот. Кыргыз элинин келечегин, жашоосун пландаштыруу үчүн кыргыз акылмандарынын тобун, институтун ачып, иштетет.

Кыргыз суусу – келечек жашообуз
Илгерки замандагы окумуштуулар тарткан карталарда бейиш жер көрсөтүлгөн. Азыркы карта менен салыштырса, биз, кыргыздар жашаган жерлер экен. Мөңгүлөр, жайлоолор, Ыйык-Көл, жаңгак токойлор, күчтүү дарыялар, ак суулар, кара суулар, кызыл суулар, көк суулар… Келген кылымда дүйнөдөгү эң кымбат нерсе таза суу болот. Өткөн кылымда нефть, газ үчүн согуш болсо, бу кылымда таза суу үчүн болот дешет. Нефть эртең болбосо, бүрсүгүнү түгөнөт. Биздин суулар болсо ушу бойдон ага берет. Дарыялар – бу жөн эле суу эмес. Бул деген – өсүмдүктүн молдугу, малдын көптүгү, эң негизгиси, бу энергиянын, мамлекеттин күчүнүн бар экендиги. Кыргыз дарыялар – бу кыргыз элинин байлыгы, келечеги, күчү!

Кыргыз элинин келечеги – ар бирибиздин келечегибиз. Так ошондой болушу керек. “Жашоодо аргасыз абал болбойт, туура эмес багыт гана болот!”.

Салмоор ДЫЙКАНОВ, коомдук ишмер,
“Көк асаба” («Кыргыз гезиттер айылы»), 27.04.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.