“Жоболоңдуу окуя жомок эмес, чын эле…”

almash_choibekovaАлмаш Чойбекова кыргыз калкынын кымбат кызы. Шыңгыраган поэзия жаратып, Рыспай Абдыкадыров өзү эжени “Жарк деп дайым жанга сүйкүм мүнөзүң,” деп ырга кошкондой, мүнөзү, жамалы менен элге жагып жүргөн 33 жаштагы кырчындай кезинде көралбастар колдуу болуп, тагдырга аргасыз моюн сунган. Гезитибиздин 20-апрелдеги санында “Жан курбулар” деген теманын алдында жазылган эженин берген интервьюсундагы, “күйөөм мени атып кеткенде” деп жазылып калганы үчүн эжеден кечирим сурайбыз. Себеби, ал киши аткандан кийин кетпей эле, ошол эле мүнөттө өзүн-өзү атып каза болгон. Андан бери 30 жыл өтсө дагы, ал окуя жөнүндө ММКларга маек бербептир. Эмесе, таланттын ачуу тагдыры, астейдил сыры назарыңыздарда.

– Эже, алгач кепти элдин бүйүрүн кызыткан суроодон баштасак. Рыспай Абдыкадыровдун “Алмашынын” чыныгы каарманы сиз деп жүрүшөт?
– Ооба. 1966-жылдагы июндун башы эле. Мен Ошко музыкалык окуу жайына тапшырганга эрте барып алыптырмын, Оштун радиосунда иштеген режиссер Нурзида Сафина эженин үйүндө жүрүп калдым. Рыспайга мени Калыс деген кыз тааныштырмак болуп, анда таанышалбай, кийин Гүлнара деген кыз тааныштырган. Экөөбүз ээрчишип сейил бакка, гүлзарларга барабыз. Мага бал муздак алперет. Ашканага киребиз, кино көрөбүз. Ошентип бактылуу болуп жүргөндө Токтогулдук Сабира деген эже жолугуп калып мени аябай бузду: “Рыспай эки кызы менен аялынан ажырашып кеткен. өзү кызыл камчы, эгер турмуш куруп калсаңар жыргабайсың. Колуңан келсе жолукпай качып кет” деди. Ичим муздап, жаман боло түштүм.

– Ошентип койсо эле ишендиңизби?
– Кагылайын ай, мен анда он сегизден жаңы эле өткөм, бала экенмин да. Ким эмнени айтса ишенип калчумун. Күндөрдүн биринде белгилүү драматург, жазуучу Мамат Жакыпов кезигип калды. А киши менен Фрунзедеги республикалык эл чыгармачылык үйүндө бирге иштегенбиз.

– А жерде ким болуп иштегенсиз?
– Секретарь-машинистка болуп иштегем. Анан, өзүм да окууга эрте келип алгандыктан, кайра Токтогулга барып, эки-үч жумача жүрүп келейин дедим эле. Мамат Жакыпов аке мени Алай элдик театрына көркөм жетекчиликке чакырып калбаспы. Рыспайдан кутулалбай турган мен, Алайга качкан бойдон кеттим. Рыспай мени таппай калды. Анан эле күзүндө: “Кабарыңды айтып койчу кыйнабай, Алыссыңбы, жакынсыңбы кайдасың?” деп “Алмашым” радиодон тынымсыз бериле баштады.

– Үсөн Сарыбаевге да сиз жөнүндө айткан экен?
– Таланттуу жазуучу, таланттуу художник Үсөнгө “акын кыз Алмаш Чойбековага арнап чыгарылган ыр” деп Рыспай өзү айтыптыр. “Кыргыз туусу” гезитинде Үсөндүн “Алла күбө, мен Рыспайдын өз оозунан уккам” деп жазганы бар. Бул эскерүү алгач сандан-санга берилип, кийин “Эңсеген менин обонум” деген аталыштагы китеп болуп чыкты. Китепте менин маегим, сүрөтүм, Рыспайдын 60 жылдыгына арналган ырым да басылган.

– Анан элдик театрдын көркөм жетекчиси болдуңузбу?
– Ооба. Мамат акенин үйүндө жашап калдым. Театрдын эркеси болуп иштеп жүрөм. Бир күнү чогуу иштеген үч аял мени үйүнө чакырып, дүр-дүйүм тамак менен коноктоду. Мен көркөм жетекчи болгонум үчүн сыйлап атат деп ойлоптурмун. Мамат Жакыповду жамандап: “сен бул жерге иштебей эле кой” деп мени аябай бузушту. “Бизди айтпа, анда жумуштан чыгарып жиберет” дешти. Дагы бузукулардын тилине кирип, аларга аябай ишенип, кете турган болуп калдым. “Апамы, таенеми сагындым, үйгө барып сагынычымы жазып, кышкы кийимдеримди апкелейин” деп тиги аялдардын үйрөтүүсү боюнча айттым. Бирок, Мамат аке билди: “сени бирөө айнытып атат, айт” десе тигилерди сатпайын деп, айткан жокмун. Ошентип, Токтогулга кеттим. Апама, таенеме учурашып, черим жазылып жыргап эле калдым. Бир күнү мал айдап келели деп, апам экөөбүз таекемдерге, өзүмдүн төрөлгөн жерим Ой-Алма тоосуна кеттик. Барсам, таекелерим мени бир жигит менен тааныштырмак болушуп: “Алмашты алып калабыз. Ааламды алты кыдырсаң да андай күйөө таппайсың, макул бол” деп бек айтышты. Тааныштым. Жашы мени менен тең, абдан сулуу, келишкен жаш жигит экен. Бал челекчинин баласы экен. Бир көрүшкөндө эле бири-бирибизди жактырышып калдык. Чекпейт, ичпейт деп макташкан. Чындыгында эле ошондой экен. Эртеси күнү эле жигиттин ата-энеси, тууган-туушкандары келишип: “алтын шилекейиңизди чачыратып, батаңызды берип коюңуз” деп, апама жалынып атып мени алып кетишти. Түн ичинде жолго чыктык. Ай тептегерек болуп, балбылдап туруптур. Жанагы “Барам сага” деген ырымда “Алгачкы биз жолуккан кечтегидей, Алтын ай асмандагы толгон кезде, барам сага” деген саптар ошондон улам жазылган.

– “Барам сага” деген ырыңыз ошо жолдошуңузга арналган турбайбы?
– Ооба. Ошондо жеримдин касиети, түп таята-таенелеримдин арбагы колдоп, бактым ачылган экен. Жөн эле жомоктогудай керемет жылдар өттү го, чиркин. Эл экөөбүздү “эгиз козу” деп коюшчу. 1973-75-жылдары мен Ош театрында, ал атасы менен тоодо бал челекчилик кесиби менен иштеп жүрдү. Театрдын труппасы менен Караколго гастролго барганда аны абдан сагынып, “Барам саганы” жазган элем.

– Кийин ажырашып кетишиңизге эмне себеп болду?
– Ал менен 12 жыл жашадым. Перзенттин айынан ажыраштык да. Балалуу болалбай, Фрунзедеги № 1- төрөт үйүндө бир-эки ай дарыланып жатсам, туугандары менин жогумдан пайдаланып, кыйнап, бир кызды алперишиптир. Ооруканада жатканымда экөөбүз кат алышып турчубуз. Бир күнү “мага аял алперип коюшту, ыйлап отуруп жаздым” деген кат келди… Булардын баарын айтып берип отуруштун өзү бир китептик сөз.

– Отуз жылдан бери сиз жөнүндө түгөнбөгөн аңыз кептер айтылып келет. Чолпондой кезиңизде жайнаган көзүңүздөн айырган адам тууралуу эскерүү оор болсо да, өз оозуңуз менен айтып бераласызбы?
– 1979-жылы “Ак булут” деген ыр жыйнагым чыгып, баш сөзүн Аалы Токомбаев жазган. Ошол бир эле жыйнагым менен СССР жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө өздөрү кабыл алышкан. Ошондон баштап мага аябай ичи тарыган көралбас душмандарым пайда болду. 1979-жылдын 23-ноябры эле. Китебимдин гонорарын алайын десем, редактор кол койбоптур, бербейбиз деп калышты. Редактор Асанбек Иманбаевдин үйүнө кол койдуруп алайын деп барсам, биртууган кайниси отпускага чыгып, досу менен конокко келип отурушуптур. Тааныштык. Ошондон тарта жабышып, бура бастырбай, кайда барсам ошол жакта ээрчип жүрдү. “Төрөбөсөң деле мейли. Ажырашкан аялымдан 4 жашар кызым бар. 11 биртууганбыз, баштан чукак эмеспиз” деди. Мен “кызым бар” дегенинен көңүлдөндүм. Өзү Ысык-Көл областынын, Жети- Өгүз районунун Шалба айылынан болот экен. Ата-энеси, биртуугандары жакшы, билимдүү кишилер экен. Жакшынакай той беришип, кыргызча нике кыйышып, мени жакшы көрүп кабыл алышты. Жолдошум Кордайда аскер кызматчысы болуп иштечү экен, мени көчүрүп кетти.

– Сиздин кырсыктап калышыңыздын бирден-бир себеби эмнеде?
– Бир жолу катуу ооруп, Фрунзеде дарыланып жатып калдым. Ошондо менден 10 жаш улуу душман аял ” Алмаш баланча деген кишиге тийип, ал 6 айдан кийин кууп жиберген” деп, күйөөмө тоголок кат жазып, мени шыбаптыр. Мен буга турмушка чыгалекте Чолпон Баекова мени аялы каза болгон, эки кызы бар, аттуу-баштуу сонун адам менен тааныштырган эле. Таанышканымды жанагы душман аялга сырдашып отуруп айткам. Ал экөөбүздүн мамилебиз жакшы болчу. Кучактап жүрүп, бычактап урарын кайдан билейин. Кийин кудай буюрса, тагдырымды китеп кылып чыгарам. Ошондо мага душмандык кылып, канатымды сындырган кимдер экени, аты -жөнү ачык жазылат.

– Күйөөңүздүн жырткычча жамандык кыларын күткөн эмессиз да?
– Ошо каттан кийин спирт ичимдиктерин ичкен сайын мага колу тие баштады. Мен чыдай албай ажырашып, шаардагы өзүмдүн үйүмө көчүп келдим. Анда да тынч койбой, кайра артыман келип, асты-үстүмө түшүп атып жарашып алды. 1981-жылдын 10-январы эле, катуу чыр чыгып экөөбүз биротоло ажыраштык. “Экинчи келбейм” деп, кол коюп берcе ишениптирмин. Арадан эки жума өткөндөн кийин, 25-январда койнуна пистолет катып келиптир. Күндүзгү саат 11, күнгө жекшемби эле. Мен бети-колуму жууп, чай ичип бүтүп, түндө жазган ырымды көчүрүп отургам. Соо кезимдеги эң акыркы ырым ошол болуп калды:
“Эгер турмуш деңиз болсо,
Мен ажайып аралмын.
Толкун жесе жемирилбес,
Граниттен жаралдым” деп башталчу. Ошол кырсыктан кийин менин чыгармачыл атам, устатым Аалы Токомбаевден мага кат келди: “Кайрат кылыңыз, Островскийди эстеңиз. Азыр медицина абдан өнүккөн, бир көзүңүздөн үмүт бар деп уктум. Ырларды токтотпостон жаза бериңиз” дептир. Мен Аалы атама жооп кылып, ошол кандуу окуяны 80 куплет ыр кылып жазып, үкөмөн берип жибердим. Ушул ырды окусаңыз, баары түшүнүктүү болот.

“Кандай болуп атылганым жөнүндө баян”
(үзүндү)
Сезимге жаңы ой топтолуп,
Сексен биринчи жыл эле.
Жоболоңдуу окуя,
Жомок эмес, чын эле.

Январдын онунда,
Канкордон болгом бегене.*
Кутулуп оор азаптан,
Жеңилдей түшкөм дегеле.

Келбеймин десе ишенип,
Ыр жазып үйдө олтургам.
Бүтүртпөй ырды тагдырым,
Бүгүнкү күнгө калтырган.

Жыйырма беши болучу,
Каргаша кырсык тоскон күн.
өлгөнүмчө унутпас,
өмүргө кайгы кошкон күн.

Шек билгизбей келиптир,
Эки жума өткөрүп.
Кайрылгыс жакка алып кетмек.
Ажалга артып бөктөрүп.

Күндүзгү саат он бирде,
Эшикти бузуп ал кирди.
Адамзаат пендеси
Жаралат тура ар түрдүү.

Эшикти бузуп киргенде
Качырбай, айлам кууруду.
Шинелдин көкүрөгүнөн
Тапанчасын сууруду.

Ажырашып кетсек да,
Ичинен мени ээлеген.
“Чык” этип, чаппай калбаспы,
Тапанчасы мээлеген.

Аракет кылдым качууга,
Сырт жакты көздөй жулунуп.
Башыма коюп жиберди,
Тапанча менен бурулуп.

Жарылып башым кетиптир.
Ысык кан акты жайылып.
Басалбайм анда, ден өлүп,
Калгандай кышта кайыгып.

(Уландысы кийинки санда)

Афина Бакирова, “Обон” («Кыргыз гезиттер айылы»), 27.04.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.