БЕЛГИЛҮҮ ШАЙЛООБЕК ДҮЙШЕЕВ ЖАНА БЕЛГИСИЗ ИСКЕНДЕР ЖУМАБАЕВ

(Уландысы. Башы)

Көптөр Шакемди жөнөкөй деп билишет. Чынында эле ошондой. Ичкен ичимдиги, тарткан тамекиси, жүргөн жүрүмү, турган туруму, кийген кийими, жасаган мамилеси, сүйлөгөн сөзү жөнөкөй. Шакемдин жөнөкөйлүгү ушунда – жыйырма жети жашына чейин кайсы размердеги кийим киерин билчү эмес экен. Колуна тийгенин, жонун жапканын, бутуна батканын кийип жүрө бериптир. Үчүнчү курска көчкөн жылы жайкы каникулда Шакем студенттик курулуш отрядына кошулуп, Орусиянын Ярославль шаарында иштеп, капчыгы толо акча таап, жылыга эле кышкысын жука костюмчан калган Шакемдин чыкылдаган кыш чилдеси көңүлүнө көк таштай тийсе керек, ушул тапкан акчама быйыл бир жакшы пальто сатып алайын деп алдына өтө катуу максат коюп, ичпей-жебей, коротпой, андагы Фрунзе, азыркы Бишкектин кийим саткан дүкөндөрүнүн бирин койбой түрө кыдырып, пальто таппай көпкө убара болду. Ал заманда акча болсо товар жок, товар болсо акча жок, чынында эле тартыш эле. Бирок, Эрик Асаналиев сыяктуу эне-атасы интеллигент, төрт мезгилде төрт башка которуп кычырап кийим кийген курсташтарыбыз да жок эмес эле. Аларга теңелиш кайда?! Эптеп жүрүп эрте жазда алган “Чолпондун” (атыңан айланайын “Чолпонум”! Затыңдан айланайын “Чолпонум!” Ушундай аталыштагы бут кийим фабрикасы болор эле) туфлийин кийип алып, жамгырлуу жаздын нөшөрүн кечип, аптаптуу жайды аралап, тумандуу күздү узатып, бороонду кышта кар малтап, кайрадан жамгырлуу жазга жеткиче жыл бою эс албаган “Чолпондун” туфлийинин таш таманы кат-катынан ажырап, апкыты очорулуп, №5 студенттик жатакананын маңдайындагы акыр-чикир салчу челегине “эми жакшы бар, досум” деп кош колдоп коштошуп ыргытаар элек. Жеке бут кийим эле эмес, башка кийимдерибиз деле түгөйү жок жалкы, жалаңкат, бир түрдүү болор эле. ВЛКСМ, 1-Май, Октябрдын 40 жылдыгы кийим тигүү фабрикаларынан тигилип чыккан карапайым көйнөк-кече, костюм-шым жыл бою жонубуздан түшчү эмес. Жамгырлуу жаздан аптаптуу жайга өткөндө костюмун чечип ыргытып, көйнөк-шымчан калчубуз. Күз келгенде кайрадан костюмубузду кийгенибизде, жай бою күн жеген шымыбыз эскирип, көлөкөдө илинип турган костюмубуз жаңы сыяктанып жарашпай, анан бат эле кыш келип, “жаңы” костюмубузду эски пальтобуз үстүнөн жаап калып, шым менен костюмдун бирин-бири жериген “эски-жаңы” деген акыйнеги токтоп, билинбей калчу.

Ошентип Шакем пальто таппай кыштын кап ортосуна кирип барды. Жанагы жакшынакай кийим кийген курсташтарыбыз жайкы кийимди кышта, кышкы кийимди жайда камдаган камбыл эргулдар экен. Алар жергиликтүү фабрикалардын тиккен кийимдерин жанына жакын жуутпай, чоң-чоң универмагдардан, базарлардан тааныш күтүп, жалаң чет элдик кийимдерди ошол жактан алышарын о кийин-кийин билдик. Шакем экөөбүзгө эмне шам, же колубузда такай акча болбосо, же кийимдин жакшы-жаманын так ажыратып тааныбасак…

Бир күнү сабактан жатаканага кеч келсем барбалаңдап сүйүнүп алган Шакем баягы издеген пальтомду бүгүн таптым деп ойда төгүлүп-чачылып жууп жатыптыр. Өзүм пальтолуу болгондой мен да катуу сүйүндүм. Анткени өткөн кышта Шакем башында тумагы, жонунда пальтосу жок калып, менин жаман пальтом менен жаман тумагымды экөөбүз алмак-салмак кийип, кыштан эптеп аман-эсен чыкканбыз. Шакем кийинип кетсе мен жылаңач калып, мен кийинип кетсем Шакем жылаңач калган күндөр аяктап, менин пальтомдун кучагынан Шакем өзүнчө “түтүн булатып”, өзүнүн пальтосунун кучагына өтүп жатканына кантип сүйүнбөй коебуз.

“Кана, Шаке, жаңы пальтоңду кие салчы, көрөйүн” десем эле, шамдагай Шакем жаңы пальтосун кие салганда, катуу сүйүнгөндөн койкоңдоп турган колу, мойну, атыгүл тыным билбей тыбырап турган буту да көк тумандын ичине кирип кеткендей көрүнбөй, жаңы алган пальтосунун койнуна көмүлүп “чөгүп” кетсе болобу. Калп айтпасам, заманыбыздын опол тоодой залкар акыны Турар Кожомбердиевди көөмп калгыдай размердеги пальто сатып алыптыр.

“Шаке, мунуң бир аз чоңураак го” десем, “жок-жок, чапчак эле” деп ары басса ары чайпалып, бери басса бери чайпалып, боз үйдүн ордундай жер шыпырган чоң пальтосун чак деп мулжуңдап моюн бербей, эчен ай табылбай жүрүп табылган немени окууну бүтөр бүткүчө жонунан түшүрбөй, эсесин чыгарып жеңинен колу, этегинен буту чыкпай, сүйрөлтүп кийип жүрүп жыртты.

Шакем таптакыр эле жарашыксыз кийинчү деген ойдон да алысмын. Ат-Башыда редакцияда кабарчы, Фрунзеде айыл чарба заводунда жумушчу болуп иштеп жүргөндө сатып алган бир аз эскире түшкөн жакшынакай көйнөктөрү, костюм-шымдары, галстуктары болор эле. Таза жуунуп, сакал-мурутун алып, чачын жарашыктуу тарап, галстук тагынып, чыкыйып кийинип алганда, жөн күндөрү шампалаңдап жүргөн жөнөкөй Шакемден из калбай, интеллигент Шакеге айланып чыга келчү. Андай жарашыктуу кийимди жөн кийбей, атыр куюнуп кийгенди жакшы көрөр эле. Атыр десе Шакем жантыгынан жата калма жайы бар эле. Кай жакка кирбесин, кай жакта болбосун, терезенин кырбусунда, шкафтын текчесинде, шифонердин үстүндө турган атыр анын көзүнө биринчи урунчу. Ал атыр аялдыкы болобу, эркектики болобу, ажыратып тактабай, айлантып карабай, үй ээсине билгизбей, терезе жакты, дубал жакты карамыш болуп атырга акырын жакын барып, ыгы келе калганда моментин кетирбей шып ала коюп, алакандын отуна толтура куя салып, төбөсүнөн мойнуна чейин шыбанып жиберер эле. Ээси жок атырды көргөндө көздөрү кымыңдап, таноолору дердеңдей түшчү. Ал бир жакка мейманчылап барып келгенде чөнтөгүнөн акча да, алтын да, арак да чыкпай, жарымы бөксө атыр чыгар эле.

“Ыя, Шаке, атырды колуңа суу куйгандай эле толтуруп куюп шыбанат экенсиң. Эмне мынча атырды жакшы көрөсүң?” деп суроо салсам, “Нуке, шаардын көчөлөрүнөн айрым кишилер жаныңан жандай чаап өткөндө, артынан атырдын “бур-р” эткен жыты калат го, ошондой жытты жакшы көрөм. Мен да ким-бирөөлөрдүн жанынан жандай чаап өткөндө, артыман “бур-р” эткен атырдын буруксуган жыты калышын тилек кылам” деп жооп берген жагдайы бар. Шакемдин башка мүдөөсү кечигип аткарылса да, бул мүдөөсү тез-тез аткарылып тургандыктан, ал каяка качып кетпесин, буйтап кетпесин, жанагы артынан аргамжыдай чубалжыган “бур-р” эткен атырынын жытынын артынан кууп жүрүп таап алар элек.

Шакемди жөнөкөй дей берген менен, ал жөнөкөй болчу жерде гана жөнөкөй, көпчүлүк учурда көптөрдүн акылы жете бербеген татаал адам. Ал жанындагы адамды алдыртан байкап, жомок айтсаң да, ушак айтсаң да, калп айтсаң да “ооба”, “чын” деп баарына макул болгон байкуштай башын ийкеп жүрө берет. Ошентип жанындагы адамдын жакшы жагын да, жаман жагын да көңүлүнүн түпкүрүнө жыя берип, качан гана агынан карасы көбөйүп баратканда акыркы чыдамы түгөнүп, топ жарылгандай, тоо жарылгандай жарылат. Жумшак, назик, жөнөкөй сүйлөгөн Шайлообек тили заар, ташбоор, кекчил Шайлообекке айланат. Тик карагыс түрү менен да, тызылдатып чаккан тили менен да талкалап, терисин тескери сыйрып ташка жаят.

Ал адеп көргөн кишисин жактырбайт. Жанына жакын жуутпай, алыстап, сактанып турат. Качан гана ал кишинин бир гана жакшы жерин жактырып калса, бүттү, көңүлү сүт менен жуугандай агарып, шилекей алышкан кыйышпас доско айланат.

Бир карасаң ал улуу-кичүүнүн көңүлүн калтырбаган элпек, кичипейил, сыйчыл. Кандай иш тапшырба, өзүн да, өзгөнү да кыйнабай, таза, так, бышык бүтүрөт. Качан, кандай убакта жолукпа, сергек, сезимтал, жеңил. Жанда жок боорукер, жумшак, назик. Кара көңүлү кармаганда, теңирден тескери тээжик, ташбоор, тоңмоюн. Тууган, бир тууган, дос, тилектештик санаа, бир туугандык сезим деген тааныш, жылуу сезимдер көпчүлүк учурда ага жат. “Ой, кызык неме экенсиң, иниң окубай жүрсө анын эмнесине кайгырасың. Тим кой, окуу керек болсо, өзү окуйт. Окубай койсо, өз шору өзүнө” деп Шакем кайнаса каны кошулбаган европалыктарча жооп берет. Жалгыз, жетим өскөн Шакем кез-кез жанда жок өзүмчүл. Көмкөрүлүп кетсең да, көмүлүп калсаң да карабайт. Улуу-кичүүнүн, дос-туугандын ортосунда эч жерде жазылбаган “милдеттер” болорун, кайгыда болобу, кубанычта болобу туугандык, бир туугандык сезим бири-бирине жан тарткан күчтүү сезим экенин ал качан гана үй-бүлө күтүп, бала-чакалуу болгондо гана өз жон териси менен туя баштады көрүнөт. Ошондо да “бар, өзүң бүтүрүп ал” деп мулжуңдап болбойт. Чоң үй-бүлөнүн маселеси Шаке үчүн дагы эле чоң табышмак бойдон калууда. “Нуке, өзүм ата тарбиясын көрбөгөндөн кийин, балдарыма да ата тарбиясын бере албай жаткандай туюлат” деп айрым учурларда даттанып калмайы да бар.

Ал бирөөгө жакшылык кылса, жакшылык кылдым деп догун артпайт, эсептебейт. Ал бирөөнүн жакшылыгын көрсө, өзүн карыздар сезбейт, эстебейт. Жаманчылык кылган кишисин мактап, жакшылык кылган кишисин боктоп жибермейи бар. Ал өткөн-кеткен тарыхын өлүү дүйнөдөй өз башына жыйнап жүрө бербей, өрттөп, талкалап, тазалап, жаңылап, жаңыртып турат. “Баягычы…” десең, “ии, кайсы эле, ошобу” деп эсине жара чыкансып араң эстейт. Ал өзүн-өзү чүнчүтпөй, кордобой, соттобой, катачылыгы менен кемчилигин эстебей, капкачан тарап кеткен кайгы менен санаасын кайырып артка жыйнабай, башын сергек, жүрөгүн жеңил алып жүрөт. Андагы дагы бир улуу касиет – чындыкты сүйөт. Чындык үчүн чыркырап отко да, сууга да түшөт. Анын бул улуу касиети бардык кемчиликтерин жууп, тазалап турат. Ал ушундай жөнөкөй жана татаал адам. Турмуш менен тагдыр аны кенедейинен ташбилекке салып ийлеп отуруп ушундай оң-тетири мүнөз менен жаратты. Ошондуктан ал таланттуу акын, кызыктуу адам.

* * *
Шакем жети жыл кеч окуганы менен ал ошончо узак жылдын аралыгында бир да жолу жогорку окуу жайына тапшырбаптыр жана тапшырайын деген ою да болбоптур. Жаагы катуу совет заманында кадрларды жумушка алуу талабы өтө катуу экенине карабай, диплому жок эле райондук гезитте кабарчы болуп иштеп жүргөн экен. Иштегенде да карандай таланттын күчүнө салып катыра иштеп, кара кыялы кармаган күнү түз эле баш редактордун өзү менен кармашып, эч эбеп-себеби жок калем кармаган кызматынан бошонуп, мен кабарчы болуп иштедим эле деп чычайбай, колоктоп бош жүрбөй, курулуш уюмдарына кирип кара жумушчу болуп иштеп, ал жерде да жөн иштебей катыра иштеп, катардагы бетончудан бригадирликке чейин жетип, кызыл виного тоюп алган күндөрү баягы чогуу иштешкен баш редактор оюна түшүп, эшигин какпай, уруксат сурабай, кончуна чейин цемент болгон өтүгү менен кирип барып салам айтып, ал-жай сурашып, “мына, мен өлбөй-житпей бетончу болуп эле иштеп жүрөм” деп кебетесин бир көрсөтүп кеткенге курсант болуп жүрсө, баягы баш редактор ортого киши салып, редакцияга чакыртып, кайрадан кабарчылык кызматка алчу экен. Менин байкашымда, Шакем бирөөгө кошомат айтпай, артынан ээрчибей, өзүнүн оюн бербей, мулжуңдап моюн толгоп турса, бери тартпай ары тартып, алыс-жакынды төшкө түртүп турган сайын иши алдыга жылат, аброю артат. Ал кантип көбүштү да билет. Бирөөлөр акчасына, дагы бирөөлөр кызматына, жөлөк-таягына, тааныштарына таянып көпсө, Шакем талант-жөндөмүнө таянып көбөт. Шакем көпсө тоодон ойго түшүп, төөдөн жерге түшүп көбөт. Кургуйга түшүп кулай турган жерден да, сулк түшүп сулай турган жерден да көбөт. Бир аз көөп, турмуш менен карсылдашып “сүзүшкөн” сайын мыкты чыгармаларды жазат. Аны көптүргөн да талант, сактаган да талант, ырыскысы да, бакты-таалайы да талант. Анын кадыры да, даңкы да талант! Анын бар байлыгы -талант!

(Уландысы бар)

Нуралы КАПАРОВ, “Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 30.04.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.