Минип жүрүп атын жоготкон кыргызым ай!

Кыргыз элин кылым кыйырынан, доорлордун бүктөмүнөн бүгүнкү күнгө жеткирген баарыдан мурда алдындагы карабайыр аты болду окшойт. Бир жагынан астындагы тулпарын ушунчалык сүймөнчүлүк, көркөмдүк менен эпикалык деңгээлге жеткире ырдаган (Аккула, Тайтору ж.б.) кыргыздай эл барбы деп сыймыктанып да кетесиң. Кыргыздын “ат, аттан кийин жат”, “аттай арка, тоодой медер” деген ылакап сөзүнүн ар жагында “атка теңдеп алчу” улуу ойдун учугу жатпайбы.

“Саяк” жылкылар санатынан
Бүгүнкү күндө деле кыргыз ат үстүндө. Дубанды бузган күлүк-жорголордон уучубуз кур эмес. Атургай айылдык аткаминерлерден тартып, Ак үй, Көк үйдүн төрүндөгү лөктөргө чейин алкынтып күлүк, жулкунтуп жорго күткөндү кадимкидей каада катары көрүп калган. Бирок, кыргыздар туурасы жоон, бою пас, бир караганда көзгө комсоо көрүнгөн, жал куйругу төгүлгөн, тоого-түзгө бирдей жүргөн, көкүрөктүү, бука моюн, буура сан, бөкөн таноо, бедөө аттарыбызды минип жүрүп эле жоготуп коюптурбуз. Ата мурасын кадырлап, асылдын баркын билген элде мындай болбош керек эле. Али да болсо тоолуу айылдарда сакталып калган, “саяк” жылкы дешип айрымдар мурдун чүйрө караган, жапыз, маңызы пас аттар бар. Байыркы кыргыз атын издеп кыйла жылдан бери Кыргызстанда жүргөн француз чабандеси Жаклин Рипарддын аныктамасында булар бар болгону кыргыз аты тибиндеги гана аттар болуп саналышат.

Тулпардын тукуму кайда?
Жаклин Рипард кыргыз атына кызыккандардын алгачкысы эмес. Кыргыз кылычын колдон түшүрө элек жоокерчилик мезгилде, тагыраагы 1834-жылы кайдан жайдан кыргыз атына көзү түшкөн доктор Л.Лимонов жана М.Ж.Моэр деген окумуштуулар минтип жазышыптыр: “Кыргыз жылкысынын сырткы келбети сулуу эмес. Ал күчтүүлүгү, ачка-токко чыдамдуулугу менен айырмаланат. Бир канча күн тамаксыз жашай алат. 75-106 чакырымды орто эсеп менен 8,5-16 саатта басып өтөт. Ал бардык климатка чыдап, мингич жана жүк ташыгыч аттын кызматын аткарат…” Бул кишилер тегин жазбайт. Кылым кыргыз жылкысынын мүмкүнчүлүгүн айтып жатышат. Ушуга байланыштуу легендарлуу кыргыз тулпарларынан бир-эки мисал келтирейин. Тулпардын соңу эсептелген кадимки Байтиктин Керкашкасы Канат хандын атасы Ыбыкенин ашында ыраак чыгып келген. (Тоңдун Ак-Өлөңүнөн Кочкордун Талаа-Булак айлынын Ийри-Суусуна чейинки аралык. Болжолу 80-100 чакырым). Белгилүү болгондой, бүтүндөй түрк журтунун соңку тарыхында байгеге миң жылкы сайылган эки аш өткөн. Бири алман казагы Кененсарынын ашы, (хан Кене эмес), экинчиси бугу Солтонкулдун ашы. Экөөндө тең аттар коного чабылып (орточо аралык 60-70 км), биринчисинде кадимки Кыдырдын Тайкашкасы, экинчисинде Чыныбайдын Торкашкасы чыгып келген. Бул тарыхый факт. Эми ушул тулпарлардын тукуму кайда? Дагы бир Г. Денио деген француз “1889-жылы 4 миллион кыргыз жылкысы бар эле” деген маалымат калтырган. Капырай, мынча жылкынын түбүнө кантип жетип койдук?

Асылдандырам деп аягына чыгуу
К.С. Дмитриев деген орус 1879-жылы Ысык-Көлдө эң алгачкы жылкы заводун уюштуруп, жергиликтүү жылкыларды асылдандыруу иштерин баштаптыр. Анын канчалык деңгээлде ийгиликке жетишкендигин биле алалбадык. Бирок, кийинки совет мезгилинде уюштурулган жылкы заводдору “асылдандырам” деп отуруп акыры кыргыз жылкысынын түбүнө жетип тынгандыгы анык. Натыйжада 1919-1949-жылдардын аралыгында кыргыз жылкысынын зээринин бийиктиги 1,34 метрден 1,64 метрге, салмагы 200-225 кг.дан 500 килого чейин жетип, жергиликтүү шартка анча ылайыгы жок жаңы “монстр” келип чыккан.
Мындай, “монстрлар”, тагыраагы келбети келишкен, буту колу узун, сулуу кыздай “суйкайган” жаңы кыргыз аргымактары согуштун алдында Буденный келгенде көрсөтүлүп, ак таңдай акындарыбыз Калык, Осмонкулдар:
Жалпайган аттар жоголду,
Жалпы жылкы оңолду… же
Күйпүйгөн аттар жоголду,
Күлүктүн баары оңолду, – деп жар салып ырдап чыгышкан. Бирок, алиги ай чапчыган аргымактар спорт мелдештерине эле жарабаса күндөлүк турмушка, тоо-ташка ылайык эмес эле. Ошентип аргындаштырып, чабыштырып отуруп, акыры таза кандуу кыргыз жылкылары тыптыйпыл болду.

Эшек мингизген система
Баарыдан мурда кыргызга ат күттүрбөй, колунда болгон жалгыз бээсинин кулун, тайын жылда шыпырып алып этке төгүп турган советтик теңдемечилик саясаттын кесепети катуу тийген. Мындай саясат айрыкча Н.Хрущевдин тушунда гүлдөп, аталарыбыздын атын тартып алып, эшек мингизген. (Бул көрүнүш союз “согум” болгонго чейин эле улантылып турду). 40-50-жылдары кыргыз аттарынын тукуму үзүлө элек болчу. Бирок, кайран жылкыларды байыркы порода катары өстүрүп-өнүктүрмөк турсун, түз эле эт комбинаттарына айдап тукумун курутуп турушкан. Кыргыз атына күйгөн илимий мекеме, мамлекеттик жетекчилер болгон эмес. Аны сактап калууга улуттук маданиятыбыз, аң-сезимибиз жетпеди. Ага күйгөн инсандарыбыз да болбоду. Баягы эле кайсы заманда болбосун “бөрк ал десе баш алган” жер-жерлердеги “ляппай” бийлик балтанын сабындай болуп кыргыз атынын тамырын кыйып турду.

Кыргыз атынын каны бар
Жаклин Рипард кыйла убакыттан бери карай нукура кыргыз атын таап чыгуу максатында (аралык 45-50 км) ат чабыш уюштуруп келет. Дүйнөлүк ат спортунда мындай узакка чабуу андрюнас ат чабышы деп аталат. Мындан эки жыл мурда Барскоондо өткөн ат чабыш учурунда Жаклин Рипард бир кызыктуу фактыны айтып берген эле “2001-жылы 47 чакырым алыстыктан чыгып келген кыргыз атын текшерип көргөнүбүздө чабылганга чейинки жүрөк кагымы секундасына 31ди көрсөтсө, чыгып келгенден кийинкиси 34тү көрсөттү. Адистин тили менен айтканда, бул аттын жаңы кызыгандыгынын гана белгиси. Демек, бул аттардын дагы кыйла аралыкка чуркаганга мүмкүнчүлүгү бар”. Байкап атасыздарбы, бир тамчы болсо да байыркы кыргыз атынын каны бар, айыл-апаларда мингич катары колдонуп жүргөн боз жалпак тарткан, көзгө комсоо, бирок кең көөдөн, буттары чымыр аттарыбыздан али да болсо бирдеме чыкчудай көрүнүп турат.

Жоргону минген жолдо мас
Сөздүн башында айтканымдай, кыргызда ат күтүү азыр жайылып баратат. Ансыз айыл жеринде оокат өтүшү кыйын. Ал эми ак сөөктөрүбүз, айтылуу байларыбыз асыл тукум аргымак күтүү менен алек. Алар карапайым кыргызга карабагандай эле карабайыр кыргыз жылкысына анчалык күйө беришпейт. Байыркы кыргыз породасын калыбына келтирүүнү француз Жаклин Рипардга жүктөп коюп карап тургандайбыз. Арабыздан орустун Орлову чыкпай жатат. Болгон дүнүйө-мүлкүн жылкы чарбасына жумшаган бул киши болбогондо азыркы ааламга таанылган орлов рысагы (таскактуу) чыгат беле, ким билет? Тескерисинче, азыр жорго деп жүргөн буту-колу узун, келишкен аргымактар аныгында ушул таскактуу аттардын тукумдары. Бул аттар бизге жайылып баратат. Алардын жорголоп баратканы (таскагы) чаап баратканга окшоп, көзүң тойбойт. Ал эми анык кыргыз жорголорунун эки жакка термелип, куйрук жалы шамалга сапырылып, төрт аягын тең таштап, жер түтпөчүдөй бөжүп келатканын карап туруунун өзү канчалык ырахат… Чыгаан жоргону беттеп ат чыга албайт. Күүсү менен күмжам кылып кетиши мүмүкүн. Анткени буттары жоон, көкүрөктүү келип, өтө күчтүү. Мындай чаалыкпаган кыргыз жорголору алыскы аралыкка чабылса, алиги таскактуу жорголорду талаага таштаар эле. Азилинде жорго өтө сейрек учурайт. Кеминде жүз аттан бирөө чыкпаса, оңой менен колго тийбеген асыл мал. Атка караганда алдаканча баалуу. Ушундай жорголорду күтүп, тукумун арттыруу учурдун улуттук маанидеги маселеси болуп турганын сезбей жатабыз.

Каректен учкан кайран ат
Ооба, кыргыз атын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик масштабда иш алпармайын майнап чыкпайт. Анткени колдо калган бирин-экин кыргыз аты тибиндеги аттарыбыз менен алыс бара албайбыз. Азыр айрым маалыматтарга таянсак, кыргыз аты тибиндеги жылкылардын саны республикада 7-9 миңге жакын. Таза кандуулары жокко эсе. Ушулардан тандап, иргеп алып атайын адистештирилген кыргыз жылкысы заводдорун уюштуруп, анык кыргыз жылкысын табууга неге болбосун. Ошону менен бирге эле атты айлампага чаппай, илгерки кыргыздардай түз, узакка чабууну (50-60 км) практикага киргизүү керек. Бул үчүн таштак эмес, жери түзөң жерлерди тандап алуу зарыл. Буга айтылуу жерлерден Каркыра, Суусамыр эң ылайыктуу болор эле. Түзөңдүгү, жайыктыгы, келген элдин жайгашышы, ат оюндарын карап турууга ылайыктуу дөбөлөрү, чөбү, суусу, айтор, мындай максатты ишке ашырууга Каркыра, Суусамырга теңдешер жер жок. Мамлекеттик масштабда өткөн мындай ат оюндары кыргыздын башка улуттук оюндарын (кыз куумай, тыйын эңмей, эр эңиш, көк бөрү ж.б.), ошондой эле улуттук өнөрүн (төкмөлүк, манасчылык, ырчы-аткаруучулук) өнүктүрүүгө эбегейсиз салым кошо алар эле. Демек, кылым кыргыз атын таап минбесек, анда ата мурас жылкыбыздан айрылганыбыз жылкыбыздан тарых катмарларынан кыргызды ушу күнгө жеткизген канатыбыздын (ат адамдын канаты да) кыркылганы ошо.

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, тел.: 38-67-73, “Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 30.04.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.