“Оорсок уй сааганды” токтотушубуз керек

Элибиздин эзелтен бери айтып келаткан “Обу жок катын оорсок уй саайт” деген акылман сөзү бар. Аны кээде ылайыгы келген жерде айтып жүргөнүбүз жаман болбос эле деп ойлойм. 15-20 жылдан бери турмушубузда эмнелер гана болбоду, эмнелер гана жөнүндө жазбадык. Эми аларды бул жерде эскерип, кайталоонун кереги жок. Бирок маданиятыбызга, тилибизге эч пайда алып келбеген, ошол маселелер боюнча анчалык түшүнүгү, кабары жок адамдардын мээсин айландырып, эки жакка жазып, элдин убактысын алган иштерди жасап жүргөндөргө “оорсок уй сааганды” токтотолу деп айткым келет.

Кечээ жакында бир “депутатыбыз” кылымдар айтылып, традицияга айланган жакшынакай “бейкут” деген сөзүбүздөн “ката” таап, канча талаш-тартыш уюштуруп, аягында араң түшүндүрдүк окшойт, басылды. Болбосо, Гимнибиздин текстин оңдоп, сүйүктүү ырчыбыз Гүлсүн Мамашева тартуулаган “Таалайым сенде” аттуу ырдагы “…Бейкутта наристе сезимге сен, Бүлүктү салдың күйүттү салдың, Үмүттү салдың да кайдагы…” деген биздин жүрөгүбүздөн орун алган саптарды да алмаштырабыз деп отурмак экенбиз. Дагы бир гезит окурманыбыз “Эгемендик дилибизге да, тилибизге да керек” деп макала жазып (ЭТ., 26. 02. 2010), Мамлекетибиздин атын Кыргыз Ата Мекен Мамлекети деп койсок төп келгени турат… Нукура кыргыз сөзү менен облустарды “түмөн”, райондорду “чөлкөм”, айыл округдарын жөн эле “айыл” деп атасак. Же болбосо Президентибизди Кыргыз Ата мекенинин ажосу, мамлекет башчысы, же Премьер-министрди жөн эле Кыргыз Ата мекенинин башкы саркери, вице-премьерди башкы саркердин орун басары, облус башчыларын түмөндүн башкы саркери, …Гимнди – Кыргыз Ата Мекени мамлекетинин туусу деген туура болгону турат”… деп сунуш киргизип жатпайбы. Биринчиден, ушул сунуш-пикирлердин ой токтотуп, ойлонто тургандай бир бүдүрү барбы? Ичиндеги “түмөн” менен “саркер” деген сөздөр эмне деген маанини берерин эле айта кетсек өзүнөн өзү түшүнүктүү болот. “Түмөн” сөзү “он миң”, “укмуштай көп” дегенди билдирип келген: түмөн кошун, “Бирдики миңге, көптүкү түмөнгө”, – деп бекеринен айтылган эмес. Экинчиден, “саркер” деген сөздү сунуш кылып жазарда “Сөздүк” дегендерди карап коюш керек эле да. К.Юдахиндин “Кыргызча-орусча сөздүгүндө” саркер ир. то же, что сардар: “Ошол миң аскердин саркер башчысы – Ысабек” “начальник-командир той тысячи ковалеристов – Ысабек”. Ал эми сардар иран тилинде “начальник”, “аскер отрядынын командири” дегенди билдирет. Мына ушул сөздү облустун жетекчиси дегенге ыйгарабызбы? Бирдеме деп айтарда, сунуш кыларда, ошол ойду он жолу оодарып, тогуз жолу тоголотуп көрүш керек да. Дагы бир замандашыбыз бир гезитке “Тамгаларды тактап, тилибизди өнүктүрсөк” деген макала жазып, эчак эле такталып, талкуулардан өткөн маселеге кайрылып, кыргыздын жаңы алфавитин түзсөк, “Iошкар-Ола, iогурт, уiум, Кызыл-Кыiа, Орусиiа”, – деп жазсак деп сунуш киргизет. Мына, атаңдын көрү. Ал эмес кээде гезиттерде кыргыз тилинин алфавитине “аэ” тыбышын киргизсек туура болот эле дегенди көрүп калабыз. Ал тыбыш оозеки тилинде аны жыш колдонушкан (келле, кесел, кетте) өзбектердин алфавитинде жок. Айланайын, кыргыз тилинин башка проблемалары толуп жатпайбы. Мен атын алыстан угуп, жасап жүргөн иштерине ыраазы болуп жүргөн аксакалыбыз Тайтөрө Батыркулов кыргыз алфавитине Кы, Гы тыбыштарын киргизүү керек деп ар кайсы уюм-мекемелерге кат киргизгенин, ал кат Жогорку Кеңешке чейин берилип, андан тийиштүү жерге карап көрүүнү сурап жиберилгенин уктум. Ал кагазда эмне деген маселелер камтылганын көрбөсөм да, ошондогу негизги өтүнүч боюнча биздин улуу тилчибиз, проф. Х.К.Карасаевдин ою менен жооп берип коюуну туура деп эсептейм. Анткени, бул маселе боюнча андан көп иштеген, андан жакшы билген киши болгон эмес деп айта алам. Проф. Х. К. Карасаев “Дагы бир ирет кыргыз орфографиясы жөнүндө” (СК 7. 03. 90) деген макаласында “… 40 жылдан бери талаш болуп келе жаткан аты чуулуу кы, гы, ки, ги жөнүндө бир аз пикир айтайын. Бул тамгаларды эки бөлүп алабыз деген адамдардын таянган далили: кийинки тукумдун тили бузулуп калат го дейт. Кырк жылдан бери тили бузулбай эле туура айтып келе жатпайбы. Алардын далили эле: “балдарыбыз туура айта албай калды” дейт. Ооба, эне тили орустун тили болуп калган шаардык зиялилердин неберелери “кы” тыбышын айта алышпайт. Андай балдар бир жыл эле тыштагы балдар менен бирге ойносо эле, бул эки тыбышты так айтып калат. Андай балдар элдин бир гана процентин түзөт. Ошол да далил боло алабы?

Дегеле муну жактаган адамдар макала аңгемелерин ошол өзү жактаган “орфография” менен жазып, аларды ошондой эреже менен гезит бетине чыгарып, тажрыйба кылып көрөлү. Сабаттуу адамдар ошону жактап калса, анда ошого өтөлү. Ошол эки тамганы жасаш үчүн канчалык убара, толгон каражат кетет. Ал эмес, кыргыз мектептери үчүн араб тилинин алиппээсин жазып бергениме 4 жыл болду. Ошол араб ариптерин алдыра алышпайт. Так эле ошол “куйруктуу” ариптерди жасатуу үчүн бир нече жыл өтөт. Андан көрө ошого кеткен каражатка самын, байпак жасатсак боло! Ошол куйруктуу тамгаларды алганда, ката жазуу деген жайнап кетерине менин көзүм жетет. Анткени, ушул орфография менен өмүр бою алпурушуп келе жатамын.

Чатак ырбай бергенде, баягы бир жылдары, ыраматылык Болот Юнусалиев министр болуп турганда, ушул куйруктуу ариптерден канча ката кетет болду экен деп, Тянь-Шанга кишилер жиберип, мектеп балдарына диктант жаздырган. Бир да ката таппай коюшкан. Жок немеден да ката чыкчу беле. Коммисия “ката чыкпайт экен” деп келген.

1946-жылы кыргыз орфографиясынын эрежелерин оңдоп жатканда бир жазуучу: “Биз кыргызча керебет деп албайбыз. Орусча эле карабат деп алабыз”, деп туурадан чыккан. Мына ушундай туурадан чыгып кийлигишкен адамдар тилибиздин түбүнө жетти. Дегеле орус “карабат” деп жазбайт, “кровать” деп эле жазат.

1936-жылы Москвада проф. Ушаковдун жетекчилиги менен орус орфографиясын жаңылап, турмушта сиңбегендерин чыгарып, башка улуттарды эске алып, тилдин жаңы эрежелер жыйнагы иштелсин деп тапшырган. Комиссия ошондон бери иштеп, эрежелерди жаңылап, “Известия” гезитине толук жарыялады. Эми эртең Указ чыгат деп билдирди. Указ чыкпай эле Мариэтта Шагиняндын үзүктөй макаласы “Правдага” чыкты. Анда: “Нечен жүз жылдан бери колдонуп келе жаткан орфографияны өзгөртүүнүн кандай кажаты бар”, – деген пикир айтылган. Шагиняндын туурадан чыккан пикири басым кылды да, орфографиянын эрежелери ошо бойдон оңдолбой калды. Туурадан чыккан далилсиз пикирлер элди дүүлүктүрүп коёт. Адамдар билсе-билбесе деле коштоп кетмей адат болот. Орфография кылдат маселе. Аны кыргызча жазган, сүйлөгөн киши эле биле бербейт.

“Куйруктуу” ариптерди жактаган кишилер эле кыргызды сүйгөн, анын келечегин ойлогон киши болмок беле. Мен деле кыргызымды өтө жакшы көрөм, ошо кыргызымдын камын, келечегин ойлоп толгоном. Өмүр бою тилимдин камын ойлоп, анын лексикасын колдон келишинче текшерип келе жатам. Ал жагынан кээ бир адамдар шек санабай эле койсун”, – деп жазган.

Хусейин Карасаевич дагы бир “Мамлекеттик тил жөнүндө менин сунуштарым” деген макаласында “Орфографиянын бир эле эрежесин же болбосо алфавиттин бир эле тамгасын өзгөртсөк, окууда да, басмада да аябагандай чоң бүлүк түшөт”, – деп айткан.

Өз убагында кыргыз алфавити түрк тилинде сүйлөгөн республикалардагы алфавиттердин эң мыктысы, үлгүсү катары баа алгандыгы белгилүү. Атактуу советтик тилчи-түрколог Н.А.Баскаков аны эң жогору баалаган экен. Казактар алфавитине куйруктуу Кны, белинде куру бар Гны жана i, и тамгаларын киргизип алып, эми өкүнүп жүрүшкөнүн айтышат. Колдо бар алтынды барктай албай, чыгаша дегдетет болбойлу. Оорсок уй сааганды токтотолу!

Четин Жумагулов, Кыргыз улуттук энциклопедиясынын башкы редакторунун орун басары,
Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты,
тилчи-түрколог,
“Кыргыз туусу” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 30.04.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.