Кыргыз күүлөрүнүн антологиясы иштелип чыгат

Кыргызстанда кыргыз күүлөрүнүн антологиясын түзүү багытында долбоор ишке киргизилди. Мындай маалыматты “Борбордук Азия – Арт Менеджмент” коомдук фондунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Ольга Ниязалиева билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата музыка таануучулар 2 миңге жакын күү бар экенин эсептеп чыгышып, алардын 200гө жакынын маданий мурас катары баалоого болоорун белгилешүүдө. “Бүгүнкү күндө биздин комузчулар 90дон ашпаган күүлөрдү гана чертип жүрүшөт. Кийинки муунга жеткирүү максатында көптөгөн күүлөр жазылып алынган да эмес”, – деп белгиледи О.Ниязалиева.

Анын айтымында, күүлөр антологиясына белгилүү күүлөр менен катар, айрым авторлордун өздүк күүлөрү да камтылат. Долбоордун алкагында алгач ноталаштырылган күүлөр камтылган CD-диск чыгарылат. Бул жыйнак бир эле убакта салттуу музыкага кызыккандар үчүн багытталса, ошол эле учурда окуу куралы катары да пайдаланылат.

М.Ибраева, “Кабар” МА, 07.05.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.