Кыргыздын ал каада-салттары

1. Жаш балдарга байланыштуу каада-салттар:
– киндик эне болуу;
– ымыркайды оозантуу;
– сүйүнчүлөө;
– наристеге ат коюу;
– жентек той берүү;
– көрүндүк берүү;
– кыркын чыгаруу;
– карын чачын алдыруу;
– тырмагын алдыруу;
– бешикке салуу;
– кас-кас тургузуу;
– тушоосун кесүү;
– сүннөт тою (эркек бала үчүн);
– мүчөл чыгаруу;
– кулагын көзөө (кыз бала үчүн);
– чачын өрүү;
– бала асыроо;
– баланы качыруу;
– эмчектеш кылуу;
– баланы эмчектен чыгаруу;
– баланы жентектөө;
– бармак тиштетүү;
– оозуна түкүртүү;
– көкүл коюу;
– мал энчилөө;
– энчи бөлүү;
– бата тилөө;
– бата берүү.

2) Бойго жеткен кыз жана эркек балдарга карата өткөрүлүүчү каада-салттар:
– сөйкө салуу;
– жуучу болуу;
– куда түшүү;
– жар көрүү;
– келин алуу;
– кыз узатуу;
– куда тосуу;
– үйлөнүү үлпөтү;
– келин көрүү;
– күйөө баланы жүгүнтүү;
– нике кыюу;
– өкүл ата шайлоо;
– төркүлөө;
– ачуу басар;
– отко киргизүү;
– аркан тосуу;
– ак чачуу (дан чачуу);
– чачыла чачуу;
– сөз айттыруу;
– куданын алдына түшүү;
– калың төлөө;
– кийит көрүү;
– кыз ала качуу;
– куугунга баруу;
– сеп берүү;
– күйөө баштык берүү;
– сүт акы берүү;
– тасмал акы берүү;
– кийит көрүү;
– кийит кийгизүү;
– бүчү боо берүү;
– кошумча суроо (ыража);
-эненин этегине таш бастыруу.

3) Меймандостукка байланыштуу:
– конок айттыруу;
– конок күтүү (тосуу);
– конок алуу;
– ат алуу;
– атказуу;
– колго суу куюу;
– сый тартуу берүү;
– конок каадасы кылуу;
– малга бата кылуу;
– мал союу;
– мууздоо ооз тийүү;
– устукандоо;
– эт тартуу;
– устукан берүү;
– уча тартуу;
– ат токуу.

4) Той каадалары:
– тойго кеңешке чакыруу;
– мүчө берүү;
– мүчө коюу;
– тойдон кешик берүү;
– устукан берүү;
– түп коюу;
– үй көтөрүү;
– там түптөө;
– устун тартуу;
– жээн табак кармоо;
– табак тартуу;
– улуулата устукан берүү;
– маараке той өткөрүү;
– куттук айтуу;
– таякени күтүү (тосуу);
– досту күтүү.

5) Ырым-жырым каадалары:
– ысырыктоо;
– киринелөө;
– ай көрүү;
– дарындоо;
– тил буу;
– жайчынын көзүн куйкалоо;
– дем салуу;
– “ап-аптоо”;
– түлөө өткөрүү;
– “сук-суктоо”;
– суу айлантып чачуу;
– түш жоруу (түш жорутуу)
– жүрөгүн көтөрүү;
– канат чабуу;
– өпкө чабуу, жүрөк чабуу;
– тумар тагуу;
– бертик суроо;
– адалдоо;
– кыт куйдуруу;
– төлгө тарттыруу;
– күн күркүрөгөндөгү айтым;
– өткүн өткөндөгү айтым.

6) Көчкө байланыштуу жасалган каада-салттар:
– журт чалуу;
– көчүү;
– журт жалгоо;
– өрүлүктөө;
– түндүк көтөрүү;
– журт которуу;
– желе байлоо;
– “көкала” ооз тийүү;
– ширге жыяр ооз тийүү;
– үлүш берүү;
– ажырашар аяк берүү;
– эшик-төрүн көрүү.

7) Өз ара түрдүү мамиле адебине байланыштуу каада-салттар:
– салам айтуу;
– саламга келүү;
– ашарга чакыруу;
– шеринелеш болуу;
– ыражалаш болуу;
– жээнтабак кармоо;
– алдыга түшүү;
– күбөгө өтүү;
– базарлык берүү;
– чучу кулакка тартуу;
– кечип салуу;
– арачалоо;
– ачуусун суроо;
– ортомчулук кылуу;
– чагым салуу;
– айыпка жыгуу;
– салык салуу;
– жараштыруу, элдештирүү;
– топко береке айтуу;
– ант берүү;
– касам ичүү;
– кепилдикке өтүү;
– жолдугун жасоо;
– алыс жолго узатуу;
– кун төлөө;
– үстөк берүү;
– достоштуруу;
– “баш таңмай”;
– шыралга берүү;
– талак айтуу;
– соопчулук кылуу;
– топко береке айтуу;
– ыроолоо.

8  ) Мал-жанга, байланыштуу ырым, каадалар:
– музоону кылоолоо;
– малга эн салуу;
– телүү;
– мал биттөө;
– жылкы кылдоо;
– көкүл куттуктоо;
– шырылдаң айтуу;

9) Эмгекке байланыштуу:
– “Ашарга” чакыруу;
– “Чечкор” майрамын өткөрүү;
– “Шырылдаң” айтуу;
– “Оп майда” айтуу;
– “Бекбекей” айтуу;
– “Кырманга береке” айтуу;
– “Чечке береке” айтуу;
– “Үлүш” майрамын өткөрүү;
– “Учук салуу” ж.б.

С. Рысбаев,
п.и.д., КББАнын кыргыз тили, адабияты бөлүмүнүн башчысы,
“Кутбилим” гезитинен алынды

Соц тармактар:

2 thoughts on “Кыргыздын ал каада-салттары

  • 30.01.2011 at 11:09
    Permalink

    СОйкО салуу, келин алуу жана уйлонуу улпот тюнун тушундурмосун беруунуздорду суранам?

    Reply
  • 02.04.2014 at 07:14
    Permalink

    munun bardygyna da9rdyk kerek! Kyrgyzdyn kaada salttaryn sakta! Salt menen kyl baryn!

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.