“ТӨРТ ОКТОН КАЛЫП ТИПТИРҮҮ, ОЛТУРАМ МИНТИП, БУЛ АНЫК…”

Алмаш Чойбекова, акын, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер

Алмаш Чойбекова кыргыз калкынын кымбат кызы, ал азыр да канаттуу ырларды жаратканын токтоткон жок. Жадыраган күндүн илебин, түркүн куштардын сайрашын, жашоонун өзүн сүйөрүн айтат.

Эженин өктөм, эрктүү, күчтүү мүнөзүнөн сабак алса да болот. Чоң кайгыда отурса да “өмүрдөн тажадым” дегенин укпадым. “Мен эң узак-узак жашасам экен” деген тилегин угуп, (калп айтканда эмне) таңгалдым. Акын Алмаш Чойбекованын өмүр баяны эң таттуу, эң кызыктуу анан… эң ачуу окуяларга абдан бай. Кудай буюрса, кези келгенде китеп болуп чыкса, ичип аткан чайын таштай коюп, окула турган китеп болору турган иш. “Азыркы жашооңуз жөнүндө айтпайсызбы” десем, андан баш тартты. “Аздектеген сырларымды болочоктогу китебиме сактап жүрөм” деди.

Кандай болуп атылганым жөнүндө баян

(Башы өткөн санда)
Ырайым күтүп, чыңырып,
“Жардамга!” дедим коңшуму.
Дармансыз гана болбосом,
Билбедим недир коркууну.

Коңшума качып киргенче,
Тапанчасын оңдоду.
Үй ээси кары Мария:
“Кой, кой” десе болбоду.

“Сени да жайлайм!” дегенде,
Жүгүрдү үйдөн ал атып.
Буттарын керип фашистче,
А жырткыч турду мени атып.

Эки жолу атканда,
Экөө тең тийди ичиме.
Жыгыла жаздап теңселип,
Кан толду дароо ичине.

Үчүнчү ок башка тийгенде,
“Тырп” дей түштүм, куланып.
Бир канча жерден кан агып,
Жерде жаттым суналып.

Бул жумшаган октору,
Мыкаачыга аз экен.
Чагымчыга ишенген,
Акылы анын пас экен.

Төртүнчү огун аянбай,
Сол колума атыптыр.
Кан тамырга тийбестен,
Жанына барып батыптыр.

Каргыш тийген үчүнчү ок,
Көз тушуна тийиптир.
Каш үстүнөн жол таап
Кайгыны мындай үйүптүр.

Каш үстүндө маңдай сөөк,
Карс жарыла сыныптыр.
Мээге тийбей аярлап,
Кайып учуп чыгыптыр.

Ушинтип мага канкордон,
Ок тийди, октор уланып.
Төрт октон калып, типтирүү
Олтурам минтип бул анык.

Бүлбүлдөп өмүр чырагы,
Бир жанып, бир өчкөнчө.
Дал эле ошол сааттан,
Азыраак мүнөт өткөнчө.

Асыл жан тигил дүйнөнүн,
Оозунан кайтып келгенче.
Мени эмес, өзүн аянбай,
Болуптур “курман эрлерче”.

Бирде келип, бир кетип,
Жанталашып жаткамын.
Билбегенмин таптакыр,
Өзүн-өзү атканын.

Кулагандай аскадан,
Ач-кыйкырык укканмын.
Ошол замат сезбегем,
Кыйкырып жаны чыкканын.

Экөөбүздү мүрзөгө,
Бир коёт деп ойлогон.
Жеп коё жаздап сүйүп ал,
Өмүрүм менен ойногон.

Ал жердеги коңшулар,
Коркконунан кирген жок.
“Тез жардамга” чалышып,
Чакырышты билген жок.

“Кантсе да алы-күчүмдү,
Акыркы жолу салайын.
Көрүшсүн үчүн коңшулар,
Эптеп жылып барайын”.

Дедим да оор башымды,
Ийниме койдум араңдан.
Эх, Чиркин! Мынча адамзат,
Чыдамдуу болуп жаралган.

Канча аракет кылсам да,
Ачалбай койдум көзүмдү.
Тапшырыпмын төрт окко,
Баштагы сопсоо кезимди.

Калак кылып оң колум,
Олтуруп жылып жөнөдүм.
Таянган жердин баарысын,
Кызыл канга бөлөдүм.

Ашкананын тушуна,
Жеткенде кеттим жыгылып.
Кыйкырышкан “Алма-аш!” деп,
Жаныман ачуу үн угуп.

Аңгыча ооруканага,
Жөнөдү алып тез жардам.
Дешишет бири-бирине:
“Операцияга тез камдан”.

Жети саат бою союшуп,
Эсен калаар бекен деп.
Алтын кол Адыл Маллаев,
Коюптур жаным бекемдеп.

Сойгондон кийин ойготсо,
Жүрөгүм согот тирүүмүн.
Азабы аккан дайрадай,
Армандуунун биримин.

Баш, колум, ичим таңылуу,
Оозумдан жалын чыккансыйт.
Онтогон алсыз үнүмдү,
Сестра гана уккансыйт.

Коркунучтуу, кайгылуу,
Ойлор келет башыма.
Бүлүктү салдың көралбас,
Отуз үчтө жашыма.

Гезиттин өткөн санында Рыспай Абдыкадыровдун “Алмашым” аттуу ырынын жаралышына акын Алмаш эженин себепкер экенинен учкай айтып өткөнбүз. Ошондон кийин “Рыспайдын Алмашымын деп башка, Алмакан аттуу эже буга чейин эле гезит беттеринде жарыяланып келбеди беле? Кимисине ишенсек болот?” деген суроолор окурмандардан түшүп атканына байланыштуу, Үсөн Сарыбаевдин “Эңсеген менин обонум” аттуу китебиндеги Үсөн Сарыбаев менен Алмаш Чойбекованын өз оозу менен айткандарын жарыялоону туура көрдүк.

Үсөн Сарыбаев:
“2003-жылы жайында ал-акыбалын сурап коёюн деп, Давлет жеңеме Ошко телефон чалгам. Айтайын деп күтүп жүргөнбү, адегенде эле мындай деди: “Алмаш Чойбекова эжең менен кабарлашып, анын айткандарын жазып чыгаргын. Рыспай акең мага ошол Алмаш деп айтчу”. Бул менин акыркы сүйлөшүүм болуп калды. Алмаш Чойбекова менен кийин тааныштым. (Эженин сейрек сулуулардан болгону азыркы турушунан да билинип турат)”.

Алмаш Чойбекова:
“Рыспайга 12 жыл өткөндөн кийин, Бишкекте “Кыргызстан” мейманканасынын жанынан кокусунан жолуктум. Ал мени аябай нааразы болуп тиктеди: “Эмнеге дайның чыкпай кетти такыр? Гезит беттеринен да сени издейм, жоксуң. Эми көрбөй каламбы деп чочуладым эле. Эмне, ырды таштап койдуңбу?” деди. “Турмушка чыкканмын, ыр деле эске келбейт экен” дедим. Экинчи жолу ага 1978-жылы Оштон кездештим. Бишкектен Ошко барып иштеп калышкан эки тааныш кызым бар эле, өзүбүз тосуп алабыз деп мени чакыртышты. Тосуп алуучулардын арасында Рыспай бар экен, ал досу, ОШМУнун деканы, доцент Сүйүнтбек Дүйшөналиевди ээрчитип, бешөөбүз кафеде отурдук. Рыспай адегенде эле айтты: “Мына “Алмашым” деген ырдын ээси ушул”. Ага болбой аз өтүп, акын, декан Сүйүнтбек Дүйшөналиев мага ачыктан-ачык сугун арткан сөздөрүн айта баштады. “Э, Сүкө мунуң кандай? Экөөбүздүн ортобузда урмат-сый калбай калганбы?” деди Рыспай ага карап. Анда Сүйүнтбек “Эми, ырыңды арнаганыңы баардыгыбыз эле билебиз. Аялың эмес да акыры, отурушту кармаш үчүн көңүлдүүрөөк отурганга да болбойбу?” -деди. Ошентип экөө керише түшүштү да, үлпөтүбүз ошону менен бүткөн. Бир жыл өтүп, Бишкекте дагы ага жолуктура турган жагдайга туш болдум. Жазга маал “Саякат” мейманканасынын алдынан өтүп баратсам, Токон Эшпаев, Кудайберген Темиров, Рыспек Тасмаев болуп турушкан экен, мени көрүп, утурлап басып келишип учурашып: “Рыспай аке да бул жерде, кириңиз, жолугуңуз” деп калышты. Концерт койгонго келишкен экен, баардыгы кенен бир бөлмөдөн орун алышыптыр. Чай ичкенден кийин Рыспай аларга: “Эми, азаматтар, силер сыртка чыгып ары-бери басып келгиле, Алмаш экөөбүз зорго беш-он жылда бир жолугуп калып атабыз, бир аз сүйлөшүп алалы” деди. Аларды кетирип Рыспай мени балконго алып чыкты. Анын кырын таянып, экөөбүз бетме-бет туруп, ал-жай сурашкан соң ал: “Эмне баягыда Ошто такыр дайныңы таптырбай кеттиң? Өлсөң өлүп каларсың деп сен ошондо кимге, каякка таштап кеттиң мени? Эмне болот деп ойлободуңбу?” деп эле ( андайын көрбөпмүн да, укпапмын) эркек туруп өксүп-өксүп ыйлап жиберди. Мен аны сооротуп да, сүйлөп да атам: ” Сабира сени ашкан туруксуз, жеңил ой, аялын эки кызына кошуп, уруп жүрүп кетирген” дебедиби десем: “Тиги күйөөсүнүн көзүнө чөп салган эмеби? Тилеги катсын ошонун. Өзү деле оңгон жок, ичкич болуп көчөдө калды го” деп, дагы ыйлады. Сөздөн-сөз уланып дагы кыйла сүйлөштүк. Баары бир жагымсыз сунуш киргизет деп, мен боюмду ала качып, окчун кармадым. Ал да каршы болгон жок. “Чек койсоң коёрсуң да. Бирок, артыман канча кыз чуркап жүрөт билесиң” дегендей мага ары келберсип, кайра жай сыпайы, анан баладай жапакеч карап, кайра ойго түшүп кетип атты. Ал өз колу менен мага дасторкон даярдамак болду эле, мен күтө албасымы айтып жыйырма мүнөттөй гана сүйлөшүп турдук да, кетмек болуп коштоштум. 1982-жылы белгилүү диктор Анаш Кадырова чакырган экен, ага барып, анан экөөбүз Рыспайдын Оштогу базардын үстүндөгү үйүнө да барганбыз. Давлет эстүү жан эмес беле, сыр бербей жакшы тосту. Кийин Бишкектеги кызы Аида турмушка чыгып уулдуу болгондо, Рыспай Оштон келдим деп үйгө телефон чалды. Күйөө баласын ээрчитип алыптыр. Эшиктен “Алмашым, Алмашым” деп кирип келди”.
– Алмаш эже, сизден башка дагы бир айымдын “Рыспайдын Алмашы мен” деп жүргөнүнөн кабардар белеңиз?
– Рыспайдын 60 жылдыгында мени чакыртканынан бардым. Обончулар, аялы Давлет, кызы Сюита баары олтуруптур. Бир убакта ошол Алмакан аттуу аял чыгып, “Рыспайдын Алмашы мен” деп, “Алмашымдын” бир куплетин ырдады. “Жок, ал эмес, менмин” деш мага ыңгайсыз болду. Анын үстүнө Рыспай менен чогуу жүргөн чыгармачыл дүйнөнүн өкүлдөрүнө нукура Алмашы мен экеним дайын болчу. КР Эл артисти Түгөлбай Казаков менин алдымдагы катарымда отурат эле, мени бурулуп карап: “эже, эже, сизди ырдап атат, сизди ырдап атат ” деди. Аңгыча элдин арасынан Давлетке: “Сиз айтыңызчы, атактуу ыр Алмакан эжеге арналганбы же акын Алмаш Чойбековагабы” деген суроо түшсө, Давлет эң алдында жюринин мүчөсү болуп отурган эле: “Туура суроо бердиңер, айтылуу ырдын каарманы Алмаш Чойбекова” деп жооп берди. Конкурс бүткөн соң, Давлет менен кызы Сюита экөө “эжелеп” келип, кучакташып көрүштүк. Элдин баары бизди карап турушту. Давлет мага телефонун жазып берип: “Байланышып туралы, менин иним Бишкекте жашайт, иниме барганда сизди алдырып, аябай сырдашабыз” деген эле, ал тилегине жетпей, көзү өтүп кетти да. Эртеси күнү Филармонияда Рыспайга арналган чоң концерт өттү. Менин “Тили катпас булбулга” деп, Рыспайга арнаган ырыма Аскар Карыбаев музыка жазып, жубайы, эстрадалык ырчы Чолпон Алсеитова ырдап чыгып, грамота менен сыйланды. Чолпон ар жылы Рыспайдын туулган күнүндө өткөрүлгөн концертте ушул ырды аткарып, акчалай сыйлык менен сыйланып жүрөт.

Афина Бакирова, “Обон” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 04.05.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.