Майрамкул АСАНАЛИЕВ, промграфик-дизайнер: “Купулга толгон айкел жок”

Бишкек шаарынын гербинин автору, Көркөм сүрөт академиясынын окутуучусу Майрамкул Асаналиевге биздеги эстеликтер боюнча пикирин билүү үчүн суроо менен кайрылдык.

– Адис катары айтсаңыз, борборубузга, дегеле Кыргызстанга орнотулган эстеликтердин, скульптуралык ансамблдердин кайсынысы сиздин купулуңузга толот?
– Орнотулган эстелик, скульптурадан улам ошол жерде жашаган эл жөнүндө, анын маданияты, дүйнө таанымы туурасында маалымат алууга болот. Мисалы, кыргыз дегенде чет өлкөлүктөр Манасты билишет, ошол аркылуу кыргыздын ички күчүн баамдашат. Бир эле мисал, Кыргызстанга бир жылы кытайлык кыргыздар келип, “Манас айылын” көрөлү деп калышты. Барарын барып алып, ушунчалык жаман абалда болушту. Мен да уялдым. Анткени, булар Манаска абдан терең маани беришет, аны таптакыр башкача элестетип, башкача кабыл алып келишкен. Макелек Өмүрбай да кетээринде каймана түрүндө айткан: “Майрамкул, силерде Жакыптар көп экен, Манастар аз экен” деп. Акылы жетик кеменгер адам Манастын айкелинен эле кыргыз элинин духун, күч-кайратын, деңгээлин билип коюшу керек.

Эгер байкасаңыз, чет өлкөлөрдө ар бир айкелдин жасалышына чоң көңүл бурулат. Алдын ала дыкат ойлонулуп, бышкан кезде гана ишке ашырылат. Бизде, тилекке каршы, ушу кезге чейин тургузулган эстеликтер жасалышы жагынан өзүнүн деңгээлине жетпей калган. Адис катары айтсам, азыр кыргыз элинин күзгүсү болуп бере турган, купулга толуп, көз кубантар айкел же эстелик жок.

– Бул адистердин жоктугуна байланыштуубу?
– Адистер жетиштүү. Буга бир эсе замандын башаламандыгы себепкер болууда. Ыраматылык Амантур Акматалиев айтты эле: “Бул шылуундардын заманы болуп калды” деп. Жада калса искусстводо да шылуундук болуп атат. Бул жерде акча маселеси да чоң роль ойнойт. Аке-үкө, таяке-жээн сыяктуу тааныштык менен эстеликти жасоо иши тигил же бул кишиге берилет да, ортодон акча жеп калуу максаты гана көздөлөт. Ошондон улам эстеликтердин дээрлик көбүнүн деңгээли төмөн, чала-чарпыт жасалып калган. Жасагандардын сыйлык-наамдарын көрсөң – жүрөгүң түшөт. Жасаган ишин көрсөң – жиниң кайнайт. Ал эми мыкты адистердин иштешине шарт жок. Арабыздан суурулуп чыгып келатканын мык менен кагып, ийнине киргизип коебуз. Дагы бир себеби – улуу муундагы скульптор, художниктерибиздин көпчүлүгү Москва, Ленинград сыяктуу шаарлардан окуп келишти. Алар кыргыздын дүйнөсүнөн таптакыр алыстап кеткен, орусча сүйлөп, орусча ойлонот. Ошондон улам алар бизге өздөрүнүн ички дисгармониясын таңуулап жатышат. Кыргыздын боз үйүнө жатпаган, кымызын ичпеген, кыргыз дүйнөсүнө аралашпаган сүрөтчү кантип кыргызды тартат? Кыргыздын өзөгү таптакыр башка да.

Эгер биз Манастын айкелин тургуза турган болсок, ал керек болсо чет элдиктер келип зыярат кыла тургандай болушу керек. Грузин элинин скульптураларын караңызчы, эпос каармандарынын элестери улуттун эр жүрөк баатырлыгынан кабар берип турат. А биздеги азыркы скульптуралар кыргызды бир байкуш көрсөтүп, айдаган жакка баскан элдин элесин берет.

Канышай БЕШБАЕВА, «Көк асаба» (“Кыргыз гезиттер айылы”), 11.05.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.