Кыргыз жаштарынын Нурсултан Назарбаевге кайрылуусу

Казакстан Республикасынын Президенти

Нурсултан Назарбаевге

Казакстан Республикасынын

премьер-министри

Карим Масимовго

“АБЫРОЙ” кыймылына

КАЙРЫЛУУ

Урматтуу Нурсултан Абишевич!

Байыртадан эгиз козудай жанаша турмуш кечирген, каадасы дагы, тарыхы дагы, салт-санаасы дагы куюп койгондой окшош бир тууган кыргыз-казак калкынын ынтымагы ар дайым бекем болуп келген. Аны Алла Тааладан башка эч ким буза алган эмес жана буза албайт дагы. Мунун бирден-бир далили катары өткөн кылымда, тагыраак айтканда 1916-жылы падышалык Россиядан запкы көргөн кыргыз элинин башына түшкөн кайгыны бир тууган казак боордошторубуз гана болушуп, жалгыз гана тирек болгон. Ал эми 1932-жылы «Актабан шубырынды» деген ат менен белгилүү болгон ачкачылык заманда кыргыз эли казак калкына тирек болгон. Андан бери карай турган болсок 1986-жылы Алматы калаасында болуп өткөн казак жаштарынын улуттук боштондук кыймылы катары Желтоксон деген ат менен тарыхта калган калабалуу окуяда бир гана кыргыз жаштары көмөктөшүүгө барганы айкын далил боло алат. Ошондой эле 1990-жылы Ош шаарында болуп өткөн кыргыз-өзбек жаңжалында кыргыз боордошторуна көмөк берүү үчүн казак жаштары жардамга аттанган эле. Мунун баары кыргыз менен казак жөн гана дос эмес, боордош, кандаш, ага-ини калк экенин далилдейт.

Урматуу Нурсултан Абишевич!

Сиз ар дайым кыргыздар менен кезиккен кезде жогорудагы баалуу тарыхыбызды мисалга тартып, бир туугандык сөзүңүздү айтып келесиз. Бирок тилекке каршы бүгүнкүдөй оор кырдаалды башынан кечирип жаткан Кыргызстандагы оор акыбалды түшүнүп туруп боордоштук сезимиңизди курулай таарынычка алмаштырып жибергениңиз абдан таң калыштуу. Болбосо Бишкекте болуп өткөн кандуу окуядан кийин мамлекет башчы катары бир ооз көңүл айтуу телеграммасын жиберип койбогонуңузга биз кыргыз жаштары нааразыбыз!

Мындан тышкары 2010-жылдын 7-апрелинде болуп өткөн окуяга бүгүн тура 40 күн болсо дагы мамлекеттер аралык чек араны бир тараптуу жаап алганыңыз абдан өкүнүчтүү. Бул нерсе бир гана Кыргызстанга эмес, биздин аймагыбызга келип соода-сатык кылып жүргөн казак ишкерлерине дагы зыян берип жатат. Муну менен эки мамлекетти тең экономикалык кыйынчылыктар курчоодо.

Нурсултан Абишевич, кыргыз калкынын башындагы кыйынчылык, кедейликтин баары убактылуу көрүнүш. Биздин көчөгө дагы майрам келет. Алла Таала бизди убактылуу сынап жатат. Биз бул күндөрдөн да чыгабыз. Ачка курсак тоюнат, жакыр мамлекетибиз өнүгөт.

Ошондуктан бир тууган калкыңызга сын көз менен эмес, боордоштук менен мамиле жасап, кыргыз-казак чек арасын ачат деп ишенебиз. Сиздердин ишиңиздерге ийгилик каалайбыз, казак калына мындан аркы руханий өнүгүүлордү каалайбыз.

Сизди терең урматтоо менен:

«Ак-Шумкар» саясий партиясынын жаштар канаты,

«Манас-1000» коомдук фонду,

«Манас-Байрагы» юридикалык жактар бирикмеси,

«Келечек» жаштар партиясы,

«Адилет» саясий партиясы,

«Кыргыз Эл Биримдиги» коому,

«Ак-Шумкар Кут» жаштар бирикмеси.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.