Кыргызстандык режиссерлор “Шакен жылдыздары” кинофестивалынын лауреаттары болду

81aef0f28cfe12a4befb21341d6dbdcdКыргызстандык жаш режиссер Элнура Осмоналиева “Алмаз” тасмасы менен “Шакен жылдыздары-2010” Алматы эл аралык кинофестивалынын “Жаш кино” сыйлыгына ээ болду. Бул туурасында “Казахстан” телеканалы билдирген.

Маалыматка ылайык, “Жаш кино” сыйлыгына Э.Осмоналиева менен катар россиялык режиссер Сергей Грознов “Биз сыналгы көрдүк” жана Анна Драницына “Мен миллион утуп алганда” тасмалары менен ээ болушкан. “Шакен жылдыздары-2010” эл аралык кинофестивалынын башкы сыйлыгы Польша режиссеру Катаржин Росланиецага ыйгарылган.

Мындан тышкары Алматы эл аралык кинофестивалынын “Студенттик кино” категориясындагы мыктылардын катарына дагы бир кыргызстандык режиссер Алижан Насиров “Конуш” фильми менен кирген. Бул категориядагы сыйлыктын бирөөсүнө казакстандык Серик Абишев “Май” фильми менен арзыган.

“Шакен жылдыздары” кинофестивалы быйылкы жылы сегизинчи ирет өттү. Кинофестиваль казакстандык белгилүү режиссер жана актер Шакен Аймановдун жаркын элесине арналып, 2003-жылдан бери өткөрүлүп келет. Бул жылы сынакка катышууга 35 фильм тандалып алынган.

“Кабар” МА, 18.05.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.