“Жаңы Ала-Тоо” журналынын 4-саны жарык көрдү

“Жаңы Ала-Тоо” журналынын жаңы 4-саны жарык көрдү. “Кыргызстандын жаңы адабияты сайты” билдиргендей, журналдын алдыңкы бебтерине “Турар” басмасы жана “Жаңы Ала-Тоо” журналы уюштурган сынакка келип түшкөн “Зилзала” деген повесть чыгарылган. Анын автору “Токтогулий”.

Андан башка журналдан Айдарбек Сарманбетовдун Чыңгызхан жана анын урпактары тууралуу аңгемесин, жаш жазуучулар Олжобай Шакир жана Бакыт Баймырзаевдин аңгемелерин, акындар Болотбек Таштаналиевдин жана Атахан Кожогуловдун ырлары менен таанышса болот.

Тойчубай Субанбековдун “Улуу кыргыз каганаты IХ-Х кылым” тарыхый изилдөөлөрү, Александр Супрундун “Кодекс для обезьяны” деген повести жана Г.Фигейредонун Эзоп “Түлкү менен жүзүм” аттуу драмасы, түрк жазуучусу Адил Хикметтин “Азияда беш түрк” чыгармасы, “Мурас” рубрикасындагы Амана Токтогуловдун ырлары, Жусуп Баласагындын “Кутадку билик” чыгармасынын араб алфавитинен сөзмө сөз которомосу окурмандарды кызыктырбай койбойт.

Белгилеп кетүүчү жагдай, “Кыргызстандын жаңы адабияты сайтына” “Жаңы Ала-Тоо” журналынын 3-саны жайгаштырылган.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.