Маданият тармагында кандай реформа жүрүүдө?

Маданият тармагындагы өзгөрүүлөр боюнча маданият министринин милдетин аткаруучу Рыскелди Момбеков кеп салат.

– Рыскелди мырза, Маданият министрлигинде реформа жүргүзүлөт деген маалымат чыкты эле. Бул тармакта реформа кандай өңүттө жүргүзүлүүдө?
– Маданият министрлигинде реформанын жүргүзүлүшүн башатында агенттиктин министрлик статусуна ээ болушун айтсам болот. Себеби баарыбызга белгилүү, былтыркы жылдын октябрында башкаруу системасындагы реформанын негизинде бир канча жылдан бери министрлик статусуна ээ болуп келген Маданият министрлиги агенттик болуп калган. Убактылуу өкмөт бийликке келгенден кийин мен бул тармакка директор болуп дайындалгам. Бир жуманын ичинде министрлик декрет долбоорун даярдап берди. Мен ойлойм, бул министрликтеги реформанын башаты болду десем болот. Ошентип мурда Маданият жана маалымат министрлиги болсо, азыр бир гана Маданият министрлиги болуп калдык. Себеби маалымат министрлиги болгону менен бизде бул багытта эч кандай иш болгон эмес, алардын баарын мурдагы президенттик катчылык өзүнө алган, ошол эле облустук радиотелекомпанияларды.

– Бүгүн Кыргызстанда китепканалар күнү . Буга байланыштуу кандай иш чара өткөрүлөт жана китепканалардын абалы кандай?
– Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 1041 китепкана иштеп жатат. Эгемендик алган күндөн бери китепканалардын таланып-тонолуп, сатылып, менчиктештирилип кетпей иштеп жатышы китепканачылардын кыргыз маданиятына кошкон зор салымы деп эсептейм. Кечээ Улуттук китепканада Кыргызстандагы китепканачылардын кесиптик майрамын белгилеп, мен өзүмдүн биринчи буйругум менен узак жылдан бери иштеп келген 30 адамга Кыргызстандын маданиятынын мыкты кызматкери деген төш белги, дипломдорун тапшырдым. Андан башка дагы 18 кишиге Ардак грамота тапшырдык.

– Маданият министрлиги алдыда кандай маданий иш чараларды өткөрөт?
– Белгилүү саясатчы, коомдук ишмер, көп кырдуу талант Дооронбек Садырбаевди эскерүү кечечи эртең саат төрттө филармонияда, бүрсүгүнү Ошто музыкалык драмтеатрында, анан 30-майда өзүнүн төрөлүп өскөн кичи мекени – Ноокенде өткөрүлөт. Анткени баарыбыз билебиз, мындан эки жыл мурун 28-майда Дооронбек Садырбаев дүйнө салып, отузунда сөөгү жерге берилген эле. Мына ушул иш чарага өкмөттүн башчылары, жетекчилери баары катышканы жатат.

– Улуттук кыргыз драма театры, Жаштар театрынын оңдоп түзөө иштери качан бүтүп, качан көрүүчүлөргө чыгармаларын тартуулайт.
– Мен бул жака келгенде көп нерсеге күбө болдум, бул министрликте мен билбеген көп нерсе бар экен. Көбүнесе маданиятка тиешелүү имараттарды ремонттоп келишкен экен, алар же бүткөн эмес. Чынын айтканда көп каражат каралганы менен, ал каражат мыйзамдуу пайдаланган эмес. Ошонун эсебинен токтоп келиптир. Мен азыр Каржы министрлигине кат жазып кайрылдым, Кыргыз драмтеатрынын ремонтун бүткөрүү боюнча, 2 жылдан бери ремонт болуп келиптир. Анан мурунку жумшалган каражат боюнча азыр аудиттик текшерүү жүргүздүрүп атам.

– Министрликке жаш кадрларды тартуу маселеси кандай чечилүүдө?
– Албетте жаштарды тартышыбыз керек. Менин орунбасарым 28 жаштагы Улан Түркмөнов экен, бирок маданият министрлигинде биздин аппарат болобу, башка театрларды карасак, бардыгы эле пенсия жашындагы адамдар иштешип, жаштарга орун бербей келет. Булар менен чогулуштарды өткөрүп сүйлөшүп, жаштарды көбүрөк тартыш керек. Диплому бар маданият кызматкерлери бүгүнкү күндө жумуш таппай, тапса дагы айлык маянасы 2-3 миң сомдук ишке иштешпейт экен да.

– Айылдык маданият үйлөрүнө кандай көңүл бурулмакчы?
– Айыл маданий үйлөрүнө, маданиятка көңүл бөлүш үчүн мамлекет башчысынын маданиятка көңүлү түз болсо, тиешелүү жардамдар берилип турса. Маданият мамлекетти сактап келген. Ошон үчүн биз бардык райондук китепканаларды, маданият үйлөрдүн бардыгын азыр карап жатабыз, бир жуманын ичинде бүтөт. Анда ал имараттар кайсы жылы салынганы, кандай ремонт керектигин тактайбыз. Бул жакын арада бүтө турган жумуш.

– Рахмат маегиңизге.

Аманбек Жапаров, «Азаттык», 27.05.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.