Кеңеш

Бир күнү шакирт өзүнүн суфий-устатынан минтип сурайт:
Устат, менин жыгылып кеткенимди уксаңыз эмне дээр элеңиз?
– “Тур” демекмин, – деп жооп берет устат.
– Дагы жыгылсамчы?
– Дагы эле “тур” демекмин.
– “Тур” дегенди качанкыга чейин тажабай айтар элеңиз?
– Тирүүсүңбү – жыгылгандан кийин турушуң керек. Жыгылып ордунан тура албай калгандар – өлүк жандар, – дейт устат.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.