Кыргыз деп өткөн дүйнөдөн

Д.Садырбаевдин жай башындагы эстелиги
Д.Садырбаевдин жай башындагы эстелиги

Бул күндөрү Кыргызстанда белгилүү коомдук-саясий ишмер, кинорежиссер, жазуучу Дооронбек Садырбаевди эскерүү иш-чаралары өтүүдө. Анын элесин түбөлүк калтыруу аракеттери көрүлүүдө.

Докенин артында калтырган бай адабий-көркөм мурасы кийинки муундар үчүн өз элине чын дилден кызмат кылуунун өрнөгү катары кала бермекчи.

«Азаттыктын» бүгүнкү «бетме-бет» талкуусу улуу инсанды эскерүүгө арналат. Студияга белгилүү жазуучу Токтобай Мүлкүбатов, композитор, публистчи Түгөлбай Казаков, Убактылуу өкмөттүн жооптуу кызматкери Сүйүнбек Касмамбетов чакырылган.

Чачырап тийген нурдун жылуулугу
– Токтобай мырза, Дооронбек Садырбаевди башкалардан өзгөчөлөнтүп турган өзгөчөлүгү эмнеде эле? Анын көркөм өнөрдүн көп түрүнө кайрылганыбы же активдүү коомдук ишмердигиби?

Токтобай Мүлкүбатов: – Өзгөчөлүгү – кыргызга күйгөндүгү, жүрөгү да, миң тамыры да кыргыз деп согуп, кыргыз маселесине келгенде кыргызга кызмат кылып аткандарды көтөрмөлөп, колунан келген көмөгүн көрсөтүп, киришип кеткендигинде. Ал кайсы жанрга кайрылса да таланты көрүнүп, башкалардан айырмалап турчу. 2005-жылкы революцияга Докем деле активдүү катышкан. Бирок башкаларчылап ал революционермин деп төшүн кагып чыккан эмес. Аны уурдатып ийдик деп да айтпады. Өзгөрүүнү дурус жагына алып кетүүнүн аракетин көбүрөөк ойлонду.

– Түгөлбай мырза, Д.Садырбаев көп жанрларда иштеди, ошолордун кайсынынсында анын таланты көбүрөөк ачылды деп айтат элеңиз?
Түгөлбай Казаков: – Бир кезде Салижан Жигитов Докеге айтыптыр: “Ой, чачырап тийген нурдун табы болбойт. Бир өнөрдү аркаласаңчы” деп. 1989-жылы спорт сарайында Докенин 50 жылдыгы өтүп калбадыбы. Ошондо Салижан агай залдан туруп: “Ой, Доке, бир кезде мен ушинтип айттым эле. Бир өнөрдү аркала деп. Бирок бүгүнкү кечеңди көрүп отуруп ошол сөзүмдү кайра алдым”, деди. Ал киши чоң сынчы, анан кежир киши болчу. Мындай сөздү оңой менен айтпайт болчу. Ага эмне түрткү болуп атат? Доке кайсы өнөрдү аркаласа да ошондон майнап чыгарып атпайбы. Кинорежиссер катары ал Т.Океевди пир тутат эле. Аны менен атаандашчы эмес. Ал өз жолу менен сексенден ашуун документалдуу, 15 көркөм кино тартты. Анысы аркылуу кыргыз дегени, кыргыздын намысы, кыргыздын туусу темасы кызыл сызык менен өтүп турду. Кара сөзү. Алыкулга аналган романын эмнеге орусча жазды? Кыргыздар көңүлкош экен, орустар болсо кыргызча чыгарып анан алып кел деп айтып атпайбы дейт. Анын түп максаты Алыкулдун ырларын орус тилине мыкты которуп Союзга, анан дүйнөгө таанытуу болчу. Ырларын өзү которгон. Радиодо канча телпостановкалар бар. Бу киши көркөм окуунун да чоң чебери болчу. Докең биринчи болуп “Махабат дастаны” деген музыкалу фильм тарткан. Аңгеме жагынан да ал алдыда турду. Башка аңгемечилер деле бар эле. “Күтүү” деген аңгемелер жыйнагын окурмандар тытып кетишти го.

“Доке, депутаттын бирисиң”
– Сүйүнбек мырза, сиз Докенин төкмөлүк өнөрүн жакшы билесиз. Айтышып жүрдүңүз. Ошого токтоло кетсеңиз.
Сүйүнбек Касмамбетов: – Бир күнү коридордо келатсам, мен өзүм толмоч кишимин: “Зордоп тыккан чучуктун акыркы учундай жылтырабай, чечек, кичине арыктап албайсыңбы” деди. Кызарып-татарып мойнуман тер кетти. Неге толуп алып Докеме көрүндүм деп. “Жубарымбек эки жумадан бери атым чыкпай жатат. Гезиттен мени жөөлөп койчу. Эл унутуп калбасын” деди. Анан Докеми тамашалап: “Сизден таяк жеп калбаймбы? Ушул жерден эле жөөлөйүнбү?” десем, “Сага окшогон чечектердин гезиттери бар. Ошолордун бетинен жайлай бер. Анан жооп берермин” деп калды. Анан эле “Чабышып күндө көнүшкөн. Чалчыкта мыктап өнүшкөн. Обу жок орус катындай, Шалп этип ооздон өбүшкөн. Доке депутаттын бирисиң. Көрүнгөндү койгулап, Эптеп иштеп жүрүсүң”, десем эле. “Атаңын оозун урайын жубарымбек, мени алып келип өбүштүрүп койгон турбайбы. Эркектер менен кучакташканымды көрүштүрүп койгон турбайбы”, деп теңтуштары тамашалап калды. “Ушу балага да алдырасыңбы” деп. Анан Докем айтып атат. “Чоңдордун түбүн көп ичип, Кекирип калган турбайбы. Акындык тушоо кесмейи, Кечигип калган турбайбы. Ошондуктан бул чычым, Дооронбекке тап берип, Секирип калган турбайбы” деп. Докем экөөбүз ушинтип майда-чүйдө тамашаларды көп айтчу элек. Докем сессиядан кыргыздын эски сөздөрүн мыкты айтчу эле. “Мыйзамды бүкүлү бойдон эле алалык. Жүйөөлүү кеп болуп калды”. Болбосо чочуганда: “Капырай, кантесиңер, мен маселенин аягына чыгайынчы” дечү. 10 жыл мурун Докем тирүү басып жүргөндө ушул сөздөр залда жаңырып турчу. Азыр бул сөздөр жок, айтылбай калды. Ошол эски сөздөр: “Чыбык кыркар, чертер жигиттериңер болсо, алдынан кишилер келатат. Жүйөөлөп тосуп алгыла” дегенди азыр эч ким түшүнбөйт. Эски сөздөрдү, архаикалык сөздөрдү мыйзамга киргизип: “Мен деле жыргаткан мыйзамгер эмесмин, сен деле тарыхчы болсоң кайдан мыйзамгер чыкмак эле” дечү. “Экөөбүз көрүнгөндү койгулаштырып, бир иттин куйругун бир итке байлап, биттин ичегисине кан куюп жүрсөк, ошондо булар чыңыраак турат” деп койчу. Ушундай жорго сөздөр, мыкты сөздөрү калды. Биздин залда бир чоң үн, чоң добуш жок болуп калды. Өз орду, дүбүртү бар эле.

Бир партиянын эки төрагасы
– Токтобай мырза, Докенин азил, куйкум сөздөрүнөн бир-экөөн эстей аласызбы азыр?
Токтобай Мүлкүбатов: – Экөөбүз “Кайран эл” деген партияны түзүп, анан ал киши “эки портфель бар экен, ушуну экөөбүз бөлүшүп алалы” деп калды. Бир айдан кийин партиялар жөнүндө китеп чыгып калды. Баарында партия лидери деп бир киши, бизде гана эки төрага жүрөбүз. “Гезиттер чырылдап жазып атат. Партия эки-үчкө, төрткө бөлүнүп кетип жатат” деп. “Мен карап турсам антип бөлүнүш коркунучу башка партияларда жок экен. Аларда лидери да бирөө, мүчөсү да бирөө экен. Коркунуч бизде эле экен. Эки мүчөсү, эки лидери бизде эле экен. Коркунуч бар. Экиге бөлүнүп кетишибиз мүмкүн”, дейт. 5-6 күндөн кийин келиптир да “эми биз үчкө бөлүнүп кетишибиз мүмкүн болуп калды” дейт. Эмнеге десем. “Курманбек бизге мүчө болуп кирди” дейт. Бир жолу бакылдап эле сүйлөп атса биз “сиз артист турбайсызбы” десек, сөзүн бузбай “ болгондо да народныймын” деп улап кетип атпайбы.

– Түгөлбай мырза, сиз Доке менен көп жылдар чогуу иштешип жүрдүңүз. Пенде катары анын өзгөчө таасир калтырган сапаты деп эмнесин айта алат элеңиз?

Түгөлбай Казаков: – Эмгекчилдигин. Токтогулда “Терек канча жыл жашайт?” деген киносун тартып жүргөндө мен бул кишинин бир күндүк режимин көрдүм. Эртең менен саат алты болбой турат экен. Кечке чейин кино тартат. Кечинде келип чала-була бирдемени шам-шум этсе этет, этпесе жок эртеси тарта турган кадрлардын раскадровкасына отурат. Ошондо түнкү саат 10-11 болуп калат. Андан кийин Алыкул жөнүндөгү романына отурат. Түнкү саат бир-экилерге чейин. Анан капкара асфальттай болгон кофесинен ууртап алып, экиден кийин “Куугун” деген толук метраждуу көркөм фильмдин сценарийин жазууга олтурат. Таңкы төрт жарымга чейин. Мен биринчи күнү барганда карап отурдум да. Качан уктайт деп. Төрт жарымда бүттү. Кофесинен бираз ууртады да бираз кыйшайып, чырм этип алды да туруп кетти. Алтыдан кайра киносуна кетти. Кыргызда айтып коет го, жеңин жаздык, этегин төшөк кылып жашады.

“Калемим бар кагаз жок, Апкелип берчи карызга”
– Сүйүнбек мырза, жашыңыз кичине болгону менен Доке менен айтышып, азилдешип, бир өнөрдүн отун өчүрбөй келиңиздер. Ошондон алган таасириңизге токтолсоңуз.
Сүйүнбек Касмамбетов: – Докем жорго сөздү, анан түшүнсөң түшүнөрсүң деп каймана айтканды жакшы көрчү. Ошонун мыкты адиси эле. Бир күнү сессия болгону атат. Ал киши жардамчысынан кагаз жөнөтүп, ыр жазып ийиптир. “Чечек, мен бүгүн жарайын деймин намыска, Түшөмүн бүгүн жарышка. Калемим бар кагаз жок, Апкелип берчи карызга” деп. Ыраматылык апенди киши эле. Кабинетине бир чоң жыгач тактаны илип алыптыр. Быжыратып өзүнө жаккан кишилердин сүрөтүн чаптап алыптыр. “Ушу кишилер менин түбүмө жетет. Мени өстүргөн да ушулар. Мени жок кылчулар да ушулар. Булар менин, мен сүйгөн замандаштарым” деп үстүнө жазыр коюптур. Докемин тамашасы көп эле. Аябай эмгекчил. Чыпкасы жок тамекиси оозунан түшчү эмес. Тартып эле кайра баштачу. Кийин өлөргө жакын таштап койду. Атамдын досу, теңтушу эле. А кишинин көп сөзүн аздектеп жүрөм. Азыр а кишидей сүйлөгөн киши жок сессияда. Баары, “и, только, конечно” деп эле калды. Кыргыздын такыр которулбас сөздөрү бар. “Эмнеге кекчектейсиң?” “Кыйшактайсың”. “Делдектеп эле калыпсың”. “Бирдеме десе эле мурдуң менен бир тиет экенсиң”. Же болбосо “Кул кутурса кудукка кайырмак салат”. “Бузулган элге бучуктан молдо” деп эл укпаган макалдар менен сүйлөп отурганда эле оозунан “булт” этип чыга берчү. Бул кишини ээрчип жүрүп жазыш керек эле. Убакыт болгон жок.

– Токтобай мырза, мына Докенин экинчи өмүрү башталууда. Ал кандай болот деп ойлойсуз?
Токтобай Мүлкүбатов: – Эмки кеп анын китептерин чыгарып, фильмдерин көрсөтүп, аны муундан-мунга кете турган кылып түптөп коюш милдети турат. Түгөлбайды аябай жакшы көрчү. Бир күнү ага таарынып калыптыр. КТРге башкы директор болбоду беле. Мен айттым, ага эмнеге таарынасыз, жумуш да. Анан бир күнү эле келип калды. “Мен Түгөлбайга барып, сен ушундай экенсиң десем. “Доке жумуш да” дейт. Жазылып кеттим, дейт. Мага да таарынып, бирок бат эле жазылып кетчү. Докемин китептерин, кинолорун бир фонд уюштурабызбы, чогултуп койсокпу дейм. Докем десе ал фондго берем деген кишилер четтен эле чыгат. Томдуктарын чыгарып, фильмдерин кассетага көчүрүп элге жайылтабызбы ушул жагын да ойлонуп көрсөк жакшы болор эле.

– Түгөлбай мырза, ошол иштин башталышы мына “Кайран эл” деген китепти чыгарыпсыздар. Бул иш дагы улантылат болуш керек.
Түгөлбай Казаков: – Мен башка бир нерсени айтайын деп жатам. Ушу Доке сыяктуу элге сиңип кеткен, улуттун көрүнүктүү инсандардын экинчи өмүрү мамлекеттин мойнунда турушу керек. Биз дайыма тыңыраак урук-тууганы же күйүмдүү жоро-жолдоштору болсо эскерип, болбосо унутта калтырып келатабыз. Мамлекет жок болуп калбадыбы. Эли жок, ушундайга иши жок болсо ал эмне деген мамлекет? Алар болбосо мамлекет үстөл кучактап отурган чиновниктер гана. Мына ушу күнгө чейин Ч.Айтматовдун эстелиги жок. Ушул сыяктуу чоң маселелерди бийлик, мамлекет ойлонушу керек. Бийлик алтын тизмени түзүш керек. Кыргыздын руханий көрөңгөсү кайсылар? Ошолорду эмне кылышыбыз керек деген программасы болуш керек го. Маданият министрлиги болобу, башкасы болобу. Элдин рухий көрөңгөсүн көбөйтөлү деген шордууларды кийин тууган-уругунан башка эч ким эскербей турган болсо анда бул эмне деген мамлекет! Бул Токоң, Түкөң, Сакең эмес, мамлекеттин мойнундагы иш болушу керек. Жалаң эле Докең эмес. Мына Т.Океев турат. Ч.Айтматов унутулуп кетти. Анан бу кыргызда бет барбы!

– Анда мына бийликтин өкүлү, Сүйүнбек мырза, сиз эмне деп айтсыз?
Сүйүнбек Касмамбетов: – Шак эле кайырмакты иле коет экенсиң, Беке? Чын эле азыр айтыш кыйын болуп турат. Бирок мен болбой эле Докемин сөз өнөрүн баалаган киши катары айткым келет: “Эй билесиңби чечек, эркек баланын төрөлгөндө эле 7 энеси болот. Ушун санап берсең мага салам айтканга укугуң бар” деди. Анан жанына отуруп алып өз энем, чоң энем, кайненем, өкүл энем деп башкасын таппай калдым. Анан Умай энең барбы, дейт. И, Умай энем бар. Докем ушундай укмуш сөздөрдү айтып берчү эле. Эгер Түкөм ушул ишти колго алып баштай турган болсо Докемин көп сөздөрүн көтөрүп чыгат элек.

– Анда кебибизди жыйынтыктасак. Мырзалар, сиздерге ырахмат!

Бекташ Шамшиев, “Азаттык”, 30.05.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.