Бөкөнбай Боркеев, теле-журналист: “Кыргыз тарыхын үч кылына сыйдырган комуз”

Кыргыз телекөрсөтүүсүндө “Кылым карыткан кыргыз күүлөрү” деген көрсөтүү берилип жүргөнү жалпыбызга маалим. Эми анын өтөөсүнө чыгыш үчүн он жыл мурда токтоп калган комузчулар таймашын кайра жандандыруу максатын көздөп жатышканы кубандырбай койбойт. Иштин чоо-жайын билүү үчүн телесынактын көркөм жетекчиси, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бөкөнбай Боркеевге кайрылдык.

Бөкөнбай Курманалиевич, заман кыйчалыш болуп турганда, жаңы саамалык баштапсыңар, “бороондуу күнү” кычап жаткан жоксуңарбы?
– 7-апрель кылым портрети, кыргыз насили эмес, Ал – улуу көчтү бара-бара түзөтүүчү бир урунттуу окуя. Албетте, ошо дүйнөнү солк эттирген окуя Манастын руху алиге жашап жатканын, урпактары аны бир ирет козгоп ийгенин айгинелеп отурат. Бирок тирилик улана берет. Турмуш мыйзамы ошондой. Нечен кылымдардан бери эркин жашоо үчүн күрөш ушундай карама-каршылыктар менен коштолуп келген эмеспи. Ырас, Манастын 87 урпагы, алардын үй-бүлөсү үчүн жеке трагедия болгону менен, ошо курмандыгы аркылуу жалпы элибизге алып берген эркиндиги, мен Бакиевдин кордугунан кийинки турмушту ушинтип баалайт элем, бизге алар алып берген бийиктикти багындырууга милдеттендирет. Ошонун бири – көркөм дөөлөттөрүбүздү жандандыруу. Совет доорунда улуу акебиздин амири менен аз жерден улут катары жоюлуп кете жаздап (өнөрүң менен тилиң советтеше баштагандан кийин улут катары жоюлат деген ошо да) эгемендигибиз колго тийгенден бери боюбузду түзөп келаттык эле, дуңган экенин билгизбей, кой терисин жамынган Курманбектин куйруктары улуттук жүзүбүз болгон өнөр шааларын шыла чапты. Дегеним, силер “аферист”, “хамелеон”, “еврей” Эшимканов депсиңер го, ошол жердин битиндей кедеңдеп алып, арактан өлгөн атасы Асекти Манас өлтүргөнсүп, нечен жылдан бери келаткан “Манас феномени” деген көрсөтүүмдү жаап, манасчы, акын, комузчу, ырчылардын эл аралык таймашы болгон “Талас таңшыйт” телефестивалына уруксат бербей койгон. Анысы аз келгенсип, пенсияга бир жыл калганда, кызматтан бейкүнөө айдап, мени жүрөк оору кылды. Бул – мен аны “Курманбектин куйругу” деген сын макала менен ашмалтайын чыгаргандан кийинки өчү. Манастын арбагына койдум, ошол эшейген Эшимкановду! Анан “битке теңелип көйнөгүмдү ыргытпайын” деп, Айза Ибраимова “Кылым карыткан кыргыз күүлөрү” деген көрсөтүүсүн “Тогуз кайрык” деген телесынак менен жыйынтыктайын деген эчаккы оюн ишке ашырууга кол кабыш кылайын дедим. Эми бул телесынак август айынын аяк ченинде болот. Ага чейин жарааттар бир аз айыгып, жаңы турмушка жаңыча, улуттук бир дем берели деп, тирүүлүктүн арбайын согуп жатабыз.

Эмне үчүн телесынактын аты “Тогуз кайрык”? Ал башка сынактардан эмнеси менен айырмаланат?
– Мындан чейрек кылым мурда телеберүүдө Сатар Жумабаев деген кыргыз фольклорунун билерманы иштечү. Ал уюштурган “Тогуз кайрык” тим эле майрамга айланып кетер эле. Майда улуттарды “советтик” деген жалпы ат менен жүзүнөн ажыратабыз деген Сусловдун тымызын саясаты улуттук өнөрлөрдү түбүнөн кырча чаап жаткан мезгилде, элдик өнөрдүн уюткусу болгон “Тогуз кайрык” телесынагын жалпы элдик салтанатка айландырып жиберүү өзүнчө бир эрдик болчу. Андан кийин телекөрсөтүү “Ыр кесе” менен алек болуп, комузчулардын сынагы “Сайра комуз” деген ат менен бутуна туруп келатканда, манасчы, акын, комузчу, ырчылардын башын кошкон “Талас таңшыйт” деген телефестиваль элдик өнөрдүн салтанаты боло баштаганда, телекөрсөтүүгө Акаевдердин куйругу болгон Токтош Айтикеева деген физик жетекчи болуп келип, “Манас” менен комузуңардан башка эчтекеңер жок, кыргыздар тупой эл экенсиңер” деп, фольклор жанрынын каалгасын кулпулап, батышты карап чокунган эстраданын эшигин дардайтып ачып ийди эле, азыр колунан келген-келбегени деле, качырга окшогон ат эмес, же эшек эмес ыр чыгарып, чымчыктын үнүндөй болгон жагымсыз үндөрүн кулак-мурун жарган эстрадалык аспаптар менен жаап, мазмунуна туура келбеген кычыраган машине же заңгыраган сарайларларда клип тарттырып, кыргыздын нукура музыкасын көкжеле баскандай муунта басып жатып калды. Мындай көрүнүш айрыкча Эшимкановдун тушунда ээ-жаа бербей, азыр шапкеңди ыргытсаң эле монстр “жылдыздарга” тие турган заман келди. Дал ушундай шартта – текстти кара сөз кылып сүйлөөгө жарабаган, обонун ар кайсы кошунадан өөнөп, аранжировкасын “сарт кайрыктар” менен шөкөттөгөн, сахна менен телекөрсөтүүгө чыгыш үчүн, силер жазгандай, Орозгүл Токторбаевага окшоп, көпөстөрдүн токолу болуп иштөөдөн да кайра тартпаган алешем ырчылар жазгы жамгырдан кийин жамырап чыккан кодура козукарын сымал жайнай баштаган заманда, алардын оозун нукура элдик өнөр менен ооздуктайлы дедик. “Эл ичи – өнөр кенчи” деген, андай өнөрпоздор элетте огеле көп. Ошондуктан ушу опол тоодой демилгени коолтуктап алып, маданият министри Рыскелди Момбековго барсак, кагаздарыбызга көз ачып-жумгуча кол коюп, ар тарапатан колдоо көрсөтөрүн айтып, кубандырып койбодубу. Анан өзүң билесиң, ошол олчойгон иш чаранын көбү маданий очогубуз болгон Бишкекте өтөт.

Бул сынактын жоболорунда эмнелер камтылган, кандай кошумча түшүндүрмөңүз бар?
– Биринчиден, ушу телесынак Муратаалы Күрөңкеевдин туулган күнүнүн 150 жылдыгына, Атай Огомбаевдин 110 жылдыгына туш келип жатат. Демек, телесынакты алардын мааракелери менен коштой өткөрүп, чыгармаларын дагы бир ирет даңазалоого мүмкүндүк болуп отуру. Эсиңерде болсо керек, мындан он жыл мурда Атай Огомбаевдин 100 жылдыгына арналган “Талас таңшыйт” деген телесынакта Бакыт Шатенов деген өнөрпоз таластыктар сайган баш байге – “Волга” машинесин утуп алган. Ал эми Шекербектин 100 жылдыгына арналган “Талас таңшыйтта” Толкун Ибраимова деген кызыбыз биринчи байгеге арзыган. Ырас, анда баш байге сайылганы менен, анын сынамдарына эч ким туруштук бере алган эмес. Бу саам да Муратаалы менен Атайдын жердештери алардын чыгармасын билет менен аткарып, баш байгени утуп алгандарды кур кол калтырбаса керек деп ойлойм.

Экинчиден, “Тогуз кайрык” деген атына жараша катышуучуларга тогуз сынамдын негизинде түзүлгөн тогуз тапшырма берилет. Биз мурда жалаң комуз черттирип тим болсок, эми багына туш келген билет боюнча күүнүн тарыхын айтып, комуздун коштоосунда саламдашып, ырдап, комуздун өзүнөн тартып, кылы, тепкегине чейин жасоо, Муратаалынын 15 комуз күүсүн, 15 кыл кыяк күүсүн, Атайдын 11 күүсүн, 7 ырын билет менен милдеттүү түрдө аткаруу шарты менен баш байгеге ат салышат.

Тапшырма өтө оор сыяктанат. Анын баарын аткара албаган мыкты эле комузчулар баш байгеден куру калабы?
– Антпесек, комуздун, анан Муратаалы менен Атайдын баркына жетпейбиз. Тиги Атайдын 100 жылдыгында дал ушундай шарт менен бардык эле күүлөрүн да, ырларын да билет менен так аткарган не бир азаматтарды көрбөдүкпү. Биерден да чыгат. Мисалы, Муратаалынын баш байгесине ат салышкан комузчулар кыл кыяк күүлөрүн аткаралбаса, аны аттап өткөндөгү биринчи байге деген бар. Баса, жободо өз күүлөрү менен келген жаратмандарга артыкчылык берилери айтылган. Муну менен биз күү жаратуу демилгесин колдойлу деген ниетти көздөдүк. Айтор, жободо көрсөтүлгөн тапшырмалар – комузду, анын артынан авторун аздектегендер үчүн чыныгы чыгармачыл сыноо. Биз бир кезде Атай менен Шекербектин мааракелеринде комуздун, анан авторлордун баркын көтөргөн сыңары, мындан аркы “Тогуз кайрык” телесынагы мааракелерге туш келеби же жокпу, ага карабастан, комуз өнөрүн, аткаруучулук чеберчиликти, күү чыгаруу демилгесин өркүндөтүп отуруп, “Манас”, акындык өнөр менен катар комуз кыргыздын улуттук жүзү экенин айгинелейли, даңазалайлы деген ниетибиз бар. Аны жүзөгө ашырууга авторубуз жана уюштуруучубуз Айза Ибраимовага кудай кубат берсе экен, анын жана биздин демилгени дароо колдогон маданият министрлигинин деми акыр аягына чейин жетсе экен, комузду улуттук кенч кылалы деген кыргыздын намыстуу атуулдары демөөрчүлүк кылса экен, “Тогуз кайрык” элдик өнөрдүн салтанаты болуп калса экен деген үмүт менен уюштуруп жатабыз.

Маектешкен Эрнис Балбаков, «Форум» («Кыргыз гезиттер айылы»), 01.06.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.