Быйыл тогуз китептен турган балдарга арналган китептердин жыйнагы жарык көрөт

Китеп басып чыгаруучулар ассоциациясы, “Раритет” басмасы “Кумтөр” компаниясынын колдоосунда “Окурман Кыргызстан” китеп окууну жайылтуу программасынын алкагында кичинекей окурмандарга арналган кыргыз тилиндеги балдар китептерин басып чыгаруу боюнча долбоорду жүзөгө ашырууда. Бул тууралуу бүгүн  Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында Китеп басып чыгаруучулар жана таратуучулар ассоциациясынын вице-президенти Виктор Кадыров билдирди.

Анын айтымында, долбоордун алкагында быйыл тогуз китептен турган серияны басып чыгаруу болжолдонууда. Май айында бул сериянын алгачкы эки китеби – “Кыргыз жомоктору” жана “Олжобай баатыр менен Кишимжан сулуу баяны” басылып чыккан.

“Кумтөр” компаниясы китепти басууга даярдоодо ар бир китептен 2 миң нускадан сатып алды. Ал китептердин бир бөлүгү Ысык-Көл облусунун мектепке чейинки балдар мекемелерине мектептерге жана китепканаларга акысыз берилмекчи. Экинчи бөлүгү республиканын китепканалар тармагына, ошондой эле адистештирилген балдар мекемелерине жөнөтүлөт”, – деди ал.

“Биздин компаниянын бул долбоорго катышуусунун негизги себеби балдардын китеп окууга, эне тилине жана улуттук фолклорго кызыгуусун өстүрүү.  Биз мамлекеттик тилди жана улуттук маданиятты өнүктүрүүгө, кыргызстандыктардын өсүп келе жаткан муунуна билим берүүгө жана тарбиялоого кичинекей болсо да салым болсун дейбиз”, – деди “Кумтөр” компаниясынын вице-президенти Андрей Сазанов.

Бул жомоктордун биринчи сериясы 2003-жылы эле орус тилинде басылып чыккан. “Жети жыл мурун орус тилинде басылып чыккан жомоктор дагы да болсо сатыла элек, алар дүкөндө текчелерде турат. Республикада китеп сатуу тармагы өнүккөн эмес”, – деди Китеп басып чыгаруучулар жана таратуучулар ассоциациясынын директору Олег Бондаренко.

М.Момуналиева, “Кабар” МА, 02.05.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.