Асыкбек Оморовдун тарыхый романдары чыгат

2008-жылы “Чыңгыз хан” романын чыгарган тарыхчы Асыкбек Оморовдун алдыда куйрук улаш “Темирлан”, “Атилла” жана “Осмон империясы” тарыхый романдары жарык көрмөкчү. Автор жогорудагы тарыхый каармандардын өмүр жолун кыргыздардын дареги менен байланыштырат.

Асыкбек Оморов “Чыңгыз хан”, “Темирлан”, “Атилла” жана “Осмон империясы” тарыхый романдарын жаратууда – Түркия, Индия, Пакистан, Иран, Сирия, Франция, Греция, Англия өңдүү 16 өлкөдө болуп, ал жактардагы тарыхый изилдөөлөрдү, маалыматтарды иликтеп, мына ошол тарыхый так маалыматтардын негизинде аталган чыгармаларын жазууда.

Асыкбек Оморовдун 2008-жылы басылып чыккан “Чыңгыз хан” романы Түркиянын “Ататүрк” фонду тарабынан “Азиядагы тарых боюнча жазылган мыкты чыгарма” деп бааланып, алтын медаль менен сыйланган.

Кечээ жакында да Асыкбек Оморов Түркияда өткөн дүйнөлүк тарыхчылардын жыйынына катышып, ал жакта “Осмон империясы жана бүгүнкү Түркия” деген темада чыгып сүйлөдү. Ошондой эле ал жактан кыргыздарга тиешелүү дагы жаңы маалыматтарды алып кайткан. Мына ошол маалыматтар тууралу Асыкбек Оморов буларды маалымдады:
1095-жылы кыргыздар Орто Азиядан 30 миң жоокер болуп, өздөрүнүн аттары, өздөрүнүн куралдары менен айлап жол жүрүп, селжуктарга барган. Селжуктар түрктөр эмеспи. Ошондо Византия империясы менен түрктөр урушуп, түрктөр жеңилип кала жаздап турганда, кайдандыр бир армия пайда болот. Ооба, булар кыргыздар болот. Кыргыздар менен түрктөр ошентип, рыцарларды талкалашат. Бүгүнкү күндө кыргыздарга арналып тургузулган эстеликте мындай жазуу сакталып турат:

ХI кылымда Изник шаарында түрктөрдүн византиялыктарды жеңип алышына жана Анадолу-Селжук мамлекетинин борборунун түптөлүшүнө салым кошкон кыргыздардын урматына Султан Орхон Газы тарабынан тургузулган – деп жазылып турат эстелик-күмбөздө.

Асыкбек Оморовдун кыргыз тарыхын изилдөөгө киришип кетишине биринчиден монгол, якут, бурят, тува аймактарына болгон геологиялык экспедициялары жемишин берди. Тарыхчынын 30 жылдык тарыхый, археологиялык иликтөөлөрү – Осмондун, Атилланын, Чыңгыз хандын жана Темирландын түбүндө кыргыз экендиктерине илимий аныктама берет:
1206-жылы Темүчүн, тактап айтканда Темирчың “Жеңгис хан” деген атка конот. Бартолддун тили менен “Чингисхан” болуп калды. Осмон, Атилла, Чыңгыз хан, Темирлан – көчмөндөрдүн тукумдары. Көчмөн элдердин тукумдары болгондо дагы, төртөө тең кыргыздан тарагандар.

Ал эми белгилүү тарыхчы Кыяс Молдокасымовдун пикиринде – кийинки жылдары дүйнөлүк тарыхый инсандардын көбүн “кыргызга” алып келип байланыштыруу “оорусу” пайда болду. Бирок Чыңгыс хан жана дагы башка атактуу адамдар тарыхый инсан катары ар тараптуу жана көп тараптуу изилдене бериши да мыйзам ченемдүү:
Чыңгыз хан жөнүндө документтер ушунчалык көп. Аны ар тараптуу карап, көркөм чыгарма кылып жаза берсе болот. Бирок тарыхка келгенде өтө эле аша чаап, бир гана кыргызга байланыштырып коюу да туура эмес.

Дагы бир тарыхчы жана жазуучу, Кыргызстан жазуучулар союзунун төрагасы Абдрахман Алымбаев “Кыргыз-монгол санжыраларынын паралеллдери” деген илимий изилдөөсүндө монголдордун теги кыргыздар экендигин далилдөөгө алган:
Жалпы кыргыз-монгол тарыхын караганда, монгол эли ХIII кылымда пайда болот. Ал эми ХIII кылымга чейин Алтайдан түндүк-чыгышты карай, түндүк-кытай дубалынан Сары деңизге чейинки аймактарда Кыргыз мамлекети турган.

Фатима Абдалова, «Азаттык», 03.06.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.