Айланат асманда бир бүркүт

(Памфлет)

Дайырбек Казакбаев акыркы жылдары Бишкекти таштап: “Мен Талас Университетине көбүрөөк керек окшойм, – жылда эле чакырышат” – деп келишим жолу менен Талас Университетинде иштеп жүргөн.

Билимин элге жайылтып, студенттерге өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин дарс окуп, колунан калеми түшпөй келген эле. Ал төбөсү элге көрүнгөн жазуучу, педагогикага да эмгеги сиңген белгилүү инсан, калыс, өмүрү үлгү болоорлук жашоону жашап өттү.

Казакбаевдин элине берейин дегендери, асыл-ой максаттары көп болчу. Аброю артып, чыгармачылыктын туу чокусуна келген кезде капысынан дүйнөдөн өтүп кетти.

Таласта иштеп жүргөнүндө “Айланат асманда бир бүркүт” аттуу памфлетин жазып, аны убагында “Талас турмушу” гезитине 2008- жылдын 23-июунунда, жарыялаган экен. Бул чыгармасында сезимине дүрбөлөң түшүп, “бу заман кайда барат?” дегендей, ички ой-туюмдарын билдирген экен. Таланттуу жазуучуну эскерүү ирээтинде ошол чыгармасын бүгүн биз да гезитибизге кайрадан сунуштап олтурабыз.

* * *
Көрдүм мен мелмилдеген көк асмандан
таң менен ойгонгон бир бүркүттү.
Айланып тоо үстүндө учуп жүрдү,
учуп жүрдү…
Акыры таппады окшойт: аска-зоодон,
жыш токойдон, белестерден эчтемкени,
айланды да каалгып көк асманды
бир ирет – кең мейкинге сүңгүдү.

* * *
Таң каламын;
Мекеним ушунчалык жарды беле?
Баалабай турмуш шартын, жашоо заңын, -байыртадан берешен мейман дос эл –
азыр жарды.

* * *
Жүрөгүм кайчы тийбей кескиленип,
өзөгүм өт жуткандай ачуу иренжип.
Ойлорум: суу жеген колоттордой ыдыр-быдыр,
жылгадан агып жаткан кызыл жошо
аппак жошо – ал эмине
каныбы?
Же мен ооруп, ак кан болуп баратамбы?

* * *
Калкым иштеп, терин төгөт,
бирок да –
кара пальто бизнесмендер чыкчырылат,
чиновник мерседесте –
ага бирөө кол салчудай күзөт менен –
да бирөөлөр сөөмөйүн кесеп сүйлөйт: “демократ”.
Аларды көргөн элим ичтен сөгөт,
сөгөт, сөгөт…

* * *
Эртең менен тыңшадым үналгыны,
кечте көрдүм сыналгыны –
Экономист сүйлөдү: “Чарбабыздын түшүмү мол”,
дагы бирөө такылдады: “Кумтөр-гейт” тонналап алып жатат сары алтынды,
“МВБ” гарант кылды он миллион, жүз миллион долларларды,
гум жардам медиктерге, мектептерге:
Трактор, комбайн алчуларга жер-жерлерге.
ГЭС курулат,
жумушсуздук жоюлат, эл тоюнат,
болбойт жарды-жалчы.
Жакшы болот бардыгы!” –
а долларлар алынган кайда кетти,
ким алды?
Же “МВБ” бизди алдады,
же ортодон чоң курсактар жалмап салды?!
“МВБ” берген сом да эмес, доллар болчу,
а баягы…
Бул жолу да элибизге буюрбады…
Куюлду экен кимдердин карынына?
Издөө барбы?

* * *
Ал ортодо заарын чачкан –
анаконда тилиндей:
Чыга келди миллиарддаган карыздар –
ата-теги билинбей.
Калктын шору, журттун шору.
Кан тамырда,
жылгаларда,колоттордо –
агып жатат кызыл жошо, аппак жошо…
Бардыгын кылып коюп,
Кыл жип менен бууп коюп.
Эч эчтемке болбогонсуп –
“Джип” минген чиндер,
мэрлер,акимдер.
Чиренишет, менменсинген көнүмүштү качан коет?
Койгону не,кудайым буларга нысап
бербей – ыйман бербей?…

* * *
Түшүнбөй, башым катат:
Калпы кайда, чыны кайда?
Жөргөмүштүн желесине чаташтымбы?
же түштүмбү капканга?
кыйкырсам – үнүм каргыл.
Көкүрөгүм букка толуп, муңга батат.
Ушул ырды жазып жатам, сөзүм камдап,
собол таштайм өзүмө-өзүм:
– Бу заманым кайда барат?
Согуш болуп, кан төгүлүп кетпейби?
“Боевик”, “бандит”, “террорист”, “коррупция”, “криминал”…
Кабылган катуу ооруга бөйрөгүмдүн сол жагындай,
жүрөгүм жаралуу,
Туюлат “Мекен чеги” ыйыктын ыйыгындай!
Карегиңдей коргой гөр жоокер деги
жаныңдай көр, АтаМекенди!

* * *
Бетегедей кулпурган жерим сонун,
күн чайкаган алтындай көлүм сонун.
Көз жоосун алган Ала-Тоо –
айланайын Кыргызым
сапаты улук, салты улук,
айткылачы, дүйнөдө эл барбы сендей деги?
Угам бүгүн баарыңарды,
турам неге бүгүн
тукулжурап, айлам куруп?
Мага эмне үчүн суроо келет түгөнбөгөн,
улам-улам жарга урулуп?

* * *
Айланайын акылмандар, өкүмдарлар,
өргө сүрөөр адилет башчы барбы?
Бар болсоңор айткылачы
угалы!
Оңолуунун жолу барбы?
Жарааттан айыксын
жан-жаныбар түгөл баары…
Теңирим – сактай гөр коркунучтан Мекенимди!
Касиеттүү Бакай Ата,
Манас баба келгилечи –
батаңарды бергилечи!

* * *
А чаңкайган, көз жетпеген
көк асманда мелжиген-
жалгыз бүркүт кайрадан калкып жүрөт дале…

«Форум» (Кыргыз гезиттер айылы), 15.06.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.