Көркөм адабияттын көчү бузулдубу?

Коом өзгөрүп, жашоо жаңы нукка багыт алып, адамдын жан-дүйнөсү тарыган заманда, руханий байлыгыбызды, аң-сезимди өстүрүүчү китептердин ордуна, турмушту тереңден аңдай билбеген жаш өспүрүмдөрдүн аң-сезимин терс жакка бурган, жеңил-желпи тарбиялык мааниси жок, “жылаңач цивилизацияны” жамынган, маңызсыз, супсак, коомго тырмактын агынчалык пайда келтирбеген китептердин саны күн санап өсүп бара жатканына эч бир чара көрүлбөй келет.

Ырасында, үстүртөн караган адамга бул көтөрүлүп жаткан маселе майда маселелердин бири катары көрүнүшү мүмкүн. Сөз – адамдын аң-сезимин өстүрүүчү да, өлтүрүүчү да бирден-бир негизги курал экендигин баамдаган адам козголуп жаткан проблема, учурдун эң актуалдуу көйгөйлөрүнүн бири экендигин айттырбай эле түшүнсө керек. Адам баласынын сөз байлыгынын, аң-сезиминин, түшүнүгүнүн калптанып, өнүгүп-өсүүсү, биринчи булагы – көркөм чыгармалар экендигин эч кимибиз тана албайбыз. Ачыгын айтыш керек, азыркы техника, технология өнүккөн заманда, көркөм чыгарманын артынан кууп окуган адамдарды чанда гана кездештирип калдык. Тескерисинче, көркөм чыгарма эмне экенин билбеген жаштардын саны арбып бара жатат. Чындыгында азыркы учурда китеп окуп, китеп баалаган адамдар жокко эсе.

Китептин көп окулбай жатышына бир чети кендирди кескен кыйын кырдаал, оор жашоо-шарт да өз таасирин берип жатса керек. Эртеден-кечке көр оокат менен алпурушуп, чарчаган адамдын китеп окуганга чамасы да келбей калат эмеспи. Бир жагынан акыркы учурларда акылга-акыл кошуп, аң-сезимди өстүрчү, классикалык багыттагы көркөм чыгармалар сейрек жаралып, жокко эсе болуп жаткандай. Мурда сапаты мыкты чыгармалардын көптүгүнөн кайсы бирин окууруңду билбей, баш айланчу. Азырчы…

Тескерисинче, окуурга чыгарма таппайсың. Буга чейин жазылган чыгармаларды кайра-кайра окуй берип тажап да бүттүк. Мурдагыдай чыгармалардын жазылбай жатканы ачуу чындык. Жазуучуларыбыздын бул жактан аксап жатканын моюнга алууга аргасыз болуп жатабыз. Себеби бир кезде талашып-тартышып окуган мыкты чыгармалардын ордун саны бар, сапаты жок китептер басып кетти. Аталган китептердин атын атоого ооз барбайт. Эптеп-септеп эки сөздүн башын кошуп жазгандар, элди тартыш үчүн эротикалык маанайдагы курч темаларды коюуну адатка айландырып, акча табууну көздөгөндөрдүн чыгармалары жаштардын, ал түгүл, орто жаштагылардын арасында да окурмандарын таап, “популярдуулукка ” жетишти. “Эшегине жараша тушагы” демекчи, ирип-чириген ойлорго жык толгон, психологияны талкалаган базарларда батпай турган китептердин баасы да арзан экен. Китепти колго алып, ичин барактасаң бетиң чымырайт. Мейли, бул нерсенин баарысы бүгүнкү турмуштун ачуу чындыгы экен. Бирок коомдогу үрөй учурган көрүнүштөрдүн баарысын эле коомчулукка жайылта берүү зарыл эмес го?.. Ак-карасын ылгап, жаманын жашырып, жакшысын ашырып берүү керек да. Жаралып жаткан ар бир чыгарма окуган адамга, коомго кандайдыр бир таалим-тарбияны, туура багытты, эң башкысы сөз байлыктын кенчи болууга тийиш го. Чынында азыркы китептердеги сөз байлыкты мындай кой, адабий тилдин жоктугун, маданиятсыз сөздөрдү окуп отуруп тилиң сынат.

Учурда жазуучулар орус тилин аралаштырып, заманбап адамдардын образын берүүгө аракеттенишип жатышат. Мурдагы жазуучулардын учурунда деле орусча сүйлөгөн каармандар арбын болгон. Алар азыркы жазуучулардай болуп, тантытып орусчасын орусча берип, чыгарманын көркөмдүүлүгүн бузган эмес. Жеңил-желпи чыгарма жазган жазмакерлердин дагы бир кемчилдиги каармандарды орусча сүйлөтүү менен өздөрүн маданияттуу көрсөткүлөрү келишет. Бирок болбогон эле окуяны көбүртүп-жабыртып, көчө тили менен урдуруп жаткандарын анчейин капарга алышпайт. Жалпы коомго тийиштүү, жалпыга түшүнүктүү болгон адабий тилде, этика-эстетиканын нормаларынын алкагында жазууну көпчүлүгү биле беришпейт. Ошондон улам, бүгүнкү күндө жарыкка чыгып жаткан китептердин көпчүлүгүн бир ай окусаң, тантып каларыңа шек жок. Анткени учурдагы жазмакерлердин чыгармаларындагы колдонулган орой жаргон сөздөр, сүйүү жаатындагы төшөк маданиятынын өтө ачык берилиши, жылаңач цивилизацияны даңазалоо, ал аз келгенсип, адабий тилдик нормадан четте калганы буга далил десек болот. Албетте, ушунун баары көркөм адабиятка болгон цензуранын жоктугунан чыгып жатканын танууга болбойт.

Ооба, бир нерсени жазуу түгүл, эки сөздүн башын кошуп айтуу кыйын. Бул үчүн талант керек. Чыгарма жазуу – бул өзгөчө улуу өнөр. Көрүнгөндүн эле колунан келе бербей турган иш. Муну танууга мүмкүн эмес. Бирок ар бир нерсенин чеги болоорун эстен чыгарбай, улуу нерселерди булгоодон абайлаш абзел эмеспи… Ырас, учурда жаралып жаткан чыгармалардын баарысы эле жаман деген ойдон алысмын. Арасында мыкты чыгармалар да жок эмес. Аларга сөз тийгизүүгө акым жок. Бирок “Бир карын майды бир кумалак чиритет”-демекчи, жазуучулук улуу өнөрдү бизнес кылып акча тапкан адамдардын саны арбып, алардын калеминен жаралган китептер базарларда кыдырата тизилип, ансыз да жан-дүйнөсү жакырланып бара жаткан жаштарды жарга алып барып такаганга эле тете болуп турат.

“Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери Шекспир, Бальзак жаза турган окуялар болуп өттү. Бирок биздин жазуучулар эскиликтен көтөрүлө алган жок” – деп ыраматылык Салижан Жигитов агай айтмакчы, чынында эле акыркы 10 жыл аралыгында эле өлкөбүздө эмне деген гана окуялар болуп өткөн жок. Эгемендүүлүккө ээ болгондон бери адамдын зээнин кейиткен көрүнүштөр болуп, бир эмес, эки жолу кыргыз жигиттеринин каны төгүлүп, баатырларча курман болушту. Эгер мыкты жазуучу болсо, Бекназар, Кубат бий сыяктуу каармандардын ону жаралмак. Тилекке каршы, жазуучуларыбыз орчундуу окуяларды көркөм табитке ылайыктап чагылдырып бере алышпай жатышканынан күнүмдүк базар деңгээлиндеги “Атасынан тууган кыз”, “Тынымсыз кумар” сыяктуу чыгармалар жарык көрүүдө. Мындай көрүнүштөргө учурунда чектөө коюп, жаман менен жакшыны ылгабасак болбойт. Маалымат – адамдын аң-сезимин талкалоочу эң коркунучтуу курал. Эгер ушул темп менен кете турган болсок, 10 жылдан кийин келечек муундар “төшөктү” гана сөз кылып калышы толук мүмкүн. Ал эми көркөм чыгармалардын ордун бүгүнкү бузулган замандын ириген чыгармалары толуктап каларына да шек жок.

Атаңдын көрү! 20-30-жылдардан эгемендүүлүктү алганга чейинки акын-жазуучулар: Чыңгыз Айтматов, Төлөгөн Касымбеков, Алыкул Осмонов сыяктуу залкар акын -жазуучулар эмне деген шедевр чыгармаларды жаратышкан жок. Улуу жазуучулар менен бүгүнкү жеңил-желпи жазмакерлердин чыгармаларын салыштырсаң зээниң кейип, заманаң куурулат. Учурда кайдагы тарбиялык мааниси жок, менталитетке туура келбеген чыгармалар гана жарык көрүп, коомго зыян алып келчү багытты түптөп жатат. Ооба, замандын талабы, ар бир нерсенин учуру бар. Бирок ар бир элдин каада-салт, үрп-адаты, менталитети да бар экенин эстен чыгарбоо зарыл. Бөтөн элдин жоруктарын туурап жүрүп эмне таап, эмнеге жетиштик. Алардын маданиятын туурайбыз деп ыйманыбыздан ажырап, жан дүйнөбүз жакыр болуп баратат. Ошондуктан мындай нерседен эртерээк кутулуунун жолун караштырып, совет доорундагы Көркөм кеңешти кайра түзүп, цензураны киргизүү учурдун бирден-бир талабы болуп турат.

Даярдаган Жаркынай КАДЫРКУЛОВА


Учурда жаралып жаткан чыгармалар көркөм табитке туура келеби?
Абдрахман Алымбаев,
Жазуучулар Союзунун төрагасы:

Совет мезгилинде сын жанры аябай күчтүү болчу. Бүтүндөй акын-жазуучулардын чыгармалары сынчылардын сынынан өтүп турчу. Азыр сын жанры жок болуп калды. Акыркы учурларда бир дагы жазуучунун чыгармасына жогорку деңгээлде сын жазылган жок. Чынында азыркы жазуучулар окурмандарды ээрчитпей, окурмандар жазуучуларды ээрчитип калды. Бул базар экономикасынын бизге тийгизген терс таасири. Базарда сатылып жаткан чыгармаларды биздин жаштар кууп окушкандыктан, орто муундагы жазуучулар да базар жолуна түшүп кетишти. Жеңил-желпи жазуучулардын чыгармалары көркөм адабиятка терс таасирин тийгизип, көркөм табитти бузууга көбүрөөк салым кошуп жатышат. Бирок биз аларды жазуучу катары санабайбыз. Алар күнүмдүк оокатын өткөргөн соодагерлер. Мындай проблемаларды жоюу үчүн чыгармачыл адамдардан турган комиссия түзүлүп, жазылган китептер комиссиянын сынынан өткөндөн кийин коомчулукка сунушталуусу шарт.

Акбар Рыскулов,
акын:

Журналистикадабы, көркөм адабияттабы, айтор, чыгарма – коомдун күзгүсү. Азыр көп акын-жазуучулар убактылуу нерселерди жазуу менен гана чектелип жатышат. Чыгармачыл адам убактылуу нерседен алыс болушу зарыл. Себеби алар алган багыттар бир айлык, бир жылдык эмес,10догон жылдык мезгилди камтышы керек. Кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун бир сыры, убакыттан озуп кеткендегиси менен бааланат. Анын чыгармаларын замандаштары да, кийинки муун да тамшанып окубадыбы. Ошондон улам чыгармачыл адамдар да, аргымактар, күлүктөр сыяктуу айрымдары алыска, кээ бирлери жакынкы аралыкка чуркайт. Ал эми учурдагы базарда сатылган китептер боюнча айтсам, алар чыкты калды деген китептер да. Коомчулук кабылдайт, эртеси кереги жок болот. Бирок бул чыгармалар көркөм табиттин төмөндөшүнө, жакшы менен жаманды айырмалап билбей калуубузга өз таасирин тийгизбей койбойт.

Майрамкан Абылкасымова,
Кыргыз Эл акын:
Базарда сатылган жеңил-желпи жазмакерлердин чыгармаларынын сюжети ошол базарда соода кылган, бирин-бири алдагандар, бузулган кыздар, алкаштар, урушкан-мушташкан адамдардын турмушун камтып, элдин көркөм адабиятка болгон табитин бузуп жатат. Мындай чыгармалар руханий жактан жакыр болуп бара жаткан жаштардын аң-сезимин тескери жолго бурат. Кайдагы тарбиялык мааниси жок китептердин кесепетинен, биздин жаштар көркөм адабиятты окубай калды. Коомго терс таасирин тийгизе турган чыгармаларды чыгарууга тыюу салыш керек.

«Форум» (Кыргыз гезиттер айылы), 15.06.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.