Литвада төрөлүп, Кыргызстанга өмүрүн арнаган режиссер

Кыргыз кинематографиясын түптөөгө жана бир кездеги “кыргыз кереметин” жаратууга салым кошкондордун бири, белгилүү кинорежиссер жана оператор, жазуучу, публицист, окумуштуу Альгимантас Видугирис узакка созулган катуу оорудан улам 25-июнда, 75 жаш курагында дүйнө салды.

Альгимантас Видугиристин “Көз айнекчен бала”, “Күнгө кайрылуу”, “ПСП”, “Кумдагы чептер”, “Нарын күндөлүгү”, “Аялдарсыз эркектер”жана башка тасмалары Кыргыз киносунун алтын казынасына кирген.

1936-жылы Литванын Каунас шаарында жарык дүйнөгө келген Альгимантас Видугирис 1962-жылы Москвадагы кинематография (ВГИК) институтун аяктаган соң Кыргызстанга келип, ошондон кийинки өмүрү “Кыргызфильм” менен тыгыз байланышта болгон.

Дал ушул жерде ал ар тараптуу образдарды камтыган тасмаларды жараткан. Анын каармандары ар бир адамга жакын да, түшүнүктүү да болгон. Альгимантас Видугиристин тасмаларында өскөн муун ынтымак, достук, улууга урмат өңдүү сапаттарды өзүнө сиңирген.

Альгимантас Видугирис жакшы психолог да болгон. Муну анын “Көз айнекчен бала”, “Аялдарсыз эркектер” деген тасмаларынан байкоого болот. Режиссер Темир Бирназаров Альгимантас Видугиристи эскерип жатып, “ал мыкты гана сүрөтчү эмес, ошондой эле боорукер адам да болгон” деген пикирин айтты:
– Бул киши абдан боорукер болчу. Билесиңер, анын абдан көрүнүктүү тасмасы – союз убагында тартылган “Көз айнекчен бала” аттуу тасма. Өсүп келаткан жаш муундарга абдан чоң таасирин калтырып, аларды гумандуулукка үгүттөгөн абдан сонун тасма болгон. Дагы бир тасмасы бар – “Кумдагы чептер” деген. Бул даректүү тасма абдан көп сыйлыктарга татыктуу болгон. Бул тасмада жаратылыш маселеси жакшы көрсөтүлгөн. Бул режиссердун “Аялдарсыз эркектер” деген тасмасы Токтогул ГЭСинин курулушу жөнүндө болгон.

Режиссер Темир Бирназаровдун айтымында, Альгимантас Видугирис соңку жылдары кино тармагынан алыстап кеткен. Бирок чыгармачыл иштери муну менен токтоп калган эмес.
– Альгимантас Видугирис абдан жакшы сүрөтчү болгон. Ал кыргыз киносунда даректүү тасмалардын өнүгүүсү үчүн чоң салым кошкон. Бирок акыркы жылдары ал кино тартпай калды. Бирок ошого карабастан Борбор Азиядагы улуттардын кийимдери, салт-санаасы тууралуу материалдарды чогултуп, китеп жазып жүргөн. Ошондой эле бул кишинин жаштарга болгон камкордугу күчтүү болчу.

Кыргыз киносуна арбалып калган…
Альгимантас Видугирис 1962-жылы Кыргызстанга келген. Мындай чечим кокусунан эле пайда болгон. Ал 1955-жылы Литванын Каунас шаарындагы Политехникалык институтка тапшырат. Бирок 3-курстан кийин институттан чыгып, өмүрүн киного арноону чечет. Бул үчүн Москвадагы кинематография институтунун (ВГИК) оператордук факультетине тапшырат.

Бир күнү жаш режиссер кыргыз тасмалары көрсөтүлүп жаткан бөлмөгө баш багып калат. Ошондо Кыргызстанга барып, тасма тартууну чечет. Ошентип 1962-жылы Альгимантас Видугирис Кыргызстанга келип, бул өлкөдө орун алып калган.

Кино таануучу Гүлбара Төлөмүшова маркум режиссерду мындайча эскерет:
– Биринчиден, ал абдан билимдүү адам болгон. Ал өз тасмаларында алдына чоң максатты коюп, ага умтулуп, ийгиликке жеткен адамдарды көрсөткөн. Бул режиссер Сүймөнкул Чокморовго абдан жакшы ролду берген. Чокморов социалисттик замандын татыктуу адамын ойногон. Режиссер өз тасмаларында советтик мезгилдин эң жакшы көрүнүшүн чагылдырчу. Альгимантас Видугирис мыкты оператор болчу. Ал мурда эч кимдин оюна келбеген кадрларды жараткан. Мыкты психолог да болуп, каармандарынын ички дүйнөсүн абдан жакшы ачып берген.

Чындыгында эле Альгимантас Видугирис олуттуу окуянын ичинен конкреттүү бир адамды көрө билген. Өз сөзүндө режиссер кандай гана ири окуя болбосун, ар бир адамдын жан дүйнөсүндө болуп жаткан өзгөрүүлөр андан да маанилүү деп эсептечү.

“Азаттыктын” угармандары үчүн да Альгимантас Видугиристин дүйнө салышы оор жоготуу болду. “Азаттыкка” телефон чалган Насыр аттуу окурман буларды айтты:

Бул режиссердун тасмаларын абдан жакшы көрчүмүн. Өзгөчө көз айнекчен бала жөнүндө тасмасы абдан жакчу. Анткени мектепте окуп жүргөн кезде бул тасманы көрсөткөндө эс алуу башталды деп түшүнчүмүн. Көз айнекчен бала тууралуу тасма менен чоңойдум десем болот. Ошондон улам Альгимантас Видугиристин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Муну менен “кыргыз кереметин” жаратууга салым кошкон улуу режиссерлордун мууну үзүлүп баратканын сезип атам. Бул – өтө кейиштүү.

А. Видугирис кыргыз искусствосуна кошкон салымы үчүн “Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” (1974), “Кыргызстандын эл артисти” (1982) наамдарына татыган. 2006-жылы болсо “Даңк” медалы менен сыйланган.

Альгимантас Видугирис менен түбөлүккө коштошуу жөрөлгөсү 27-июнь күнү, эртең мененки саат 10до Бишкектеги Кыргыз кино үйүндө башталат.

Зейнеп Мартбек кызы, “Азаттык”, 26.06.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.