Акын Кыялбек Урманбетовдун обондуу ырлар жыйнагы чыкты

КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү акын Кыялбек Урманбетовдун “Сүйүүзар” аттуу обондуу ырлар жыйнагы жарыкка чыкты.

Жыйнакта эл-жерге, махабатка жана балдарга арналган ар түркүн мазмундагы ырлары топтолгон. К.Урманбетовдун калемине таандык ырларга обончулар Эркин Мээрканов, Камчыбек Букалаев, Тургуналы Нурматов, Жамила Муратова, Мукан Рыскулбеков жана башкалар обон жаратышкан. Ал эми акындын ырларын белгилүү ырчылар Г. Сатылганова, Г. Тойгонбаева, К. Турапов, А. Ибраев, А. Өзүбеков, А. Исабаев, Ө. Андарбеков, Ы. Осмонкулов жана башкалар аткарып жүрүшөт.

“Сүйүүзар” жыйнагына балдарга арналган ырлар жана котормолор да киргизилген. Котормолорунун арасында россиялык белгилүү композитор А. Зацепин менен В. Шаинскийдин  ырлары бар.

Ошондой эле Кыялбектин “Сүйүүзар” аттуу 73 ырдан турган обондуу ырлары жазылган DVD-диски китеп менен кошо берилет.

М. Ибраева, «Кабар» МА, 26.07.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.