АЛТАЙГА ЖҮРҮШ ЖЕ ТЫНЧТЫККА КАРАЙ ЖОЛ

Жакындан бери “Алтайга жүрүш”, “Манас жолу” деген сөздөр көп угулуп, кызуу талаш-тартыштар болууда. Айрымдар мистика дешсе, айрымдар Манас атанын руху колдооруна ишенишип, Алтай жүрүшүнө барууну көксөп жатышат. Долбоордун уюштуруучусу, жазуучу, тарыхчы Асыкбек Оморов бул тууралуу кызык маек куруп берди.

АЯН КЕЛДИ!
Кыргыз эли кыйын күнгө туш болуп турган учурда Манас атабыз жарыкка келип, кыргыз журтчулугун сактап калганы чындык эмеспи. Бир эмес, эки революцияны башынан өткөргөн кыргыз эли кайрадан оор күндөрдү башынан өткөрүп жатканы кимге сыр? Бул жүрүштүн түпкү мааниси да дал ушунда. Асыкбек Оморов апрель айларынын аягында “Манас” коомунун иштери боюнча Алтайга барып калат. Ал жактан философ, алдын ала билүүчү касиетке эгедер табып, Алтай Республикасынын дин башкармалыгынын башчысы, алтайлык кыргыз Акай Кине аттуу адамга жолугат. Ал адамдын айтуусунда, ага аян берилген.

“Элиңерде эки төңкөрүш болуп өттү, эми үчүнчүсүнөн чоң согуш чыгып кетиши мүмкүн. Анда кыргыз эли жоголуп кетүү коркунучу бар. Мен мурун үч жолу Кыргызстанга барып келгем. Мурунку хан Акаевге да, кийинки Бакиевге да Алтай жеринен чыныдай таш алып барып берип, ташты ыйык сактап, жылына бир жолу элдин көйгөйүн угуп жыл сайын Элдик курултай өткөргүлө, болбосо, арты жаман болот дегем. Экөө тең айтканыма кулак салышпады. Эми элди сактап кала турган бир жол бар. Ошону аткарсаңар, Кыргызстанды сактап каласыңар”,- деп айткан. Муну уккан Асыкбек Оморов бул долбоорго белсенип киришкен. Мына ушинтип, Алтай жүрүшкө даярдык катуу башталат.

7 ОЗУЙПАНЫ АТКАРУУ
Эми Алтайдагы жүрүштүн озуйпасы тууралуу сөз кылсак. Бул иштин максаты – Манас атанын туулган жери менен кыргыз жерин байланыштыруу. Ал кандай жол менен ишке ашат? Акай Киненин айтуусу боюнча, кыргыздын 40 уруусунун өкүлү Алтайга жол алыш керек. Алар автобус менен барып, ал жактан кырк атты минип, Манас баскан жолду басып Кыргызстанга келиши кажет. Кырк атты Алтайда Акай Кине даярдап турары да дайын болду. Кырк өкүлдүн жети милдети бар. Ал – асман, от, жер, суу, жаныбар, өсүмдүк, дан аркылуу Алтай менен кыргыз жерин байланыштыруу. Анда четинен баштайлы.

  • 40 өкүл Алтайдан келип Каркыра жайлоосуна өтүп, Сары-Жазга түшүп Манас сыйынган Көкө Теңирге сыйынышса, асман менен байланышкан болушат. Бул жер Хан-Теңир тоосу деп айтышууда.
  • Жерди байланыштыруу үчүн 40 өкүл Алтай жеринен кырк куржунга топурак салып келип, Манас атанын күмбөзүнө салышат.
  • Үчүнчү озуйпа менен сууну байланыштырышат. Алтайда “Манас көлү” аталган көлдөн суу ала келип, 40 жигит Ысык-Көлгө куюу керек.
  • Алтай жеринде биздин жерде өспөгөн кедр дарагы бар. Өсүмдүктү байланыштыруу үчүн ошол дарактын көчөтүн алып келип, кыргыз токойлоруна тигүү шарт.
  • Ал эми бешинчи озуйпаны кырк өкүл минип келген жылкылар аткарат. Ал жылкыларды учурда Акай Кине таптап, даярдап жатат. Кырк аргымак Кыргызстанда калып, жергиликтүү жылкылар менен аргындашып, асыл тукум жылкылар жаралат. Бул жылкыларды Манастын Аккуласынын урматына Аккула деп аташат.
  • От менен байланыштыруу үчүн ал жактан от жагып, оттун чычаласын алып келип, калганын Кыргызстанда күйгүзүү керек.
  • Алтайдан дан өсүмдүгү катары арпа же буудайдын үрөнүн алып келип, бул жактын үрөнүнө кошуп себүү керек.

7-003

ЖҮРҮШКӨ КИМДЕР ТАНДАЛАТ?
Асыкбек мырзанын айтуусунда, Алтай жүрүшүнө бара турган 40 өкүл кылдат тандалат. Бул ыйык милдетти аткарууга көрүнгөн адам бара бербеси анык болду. Өкүлдү алгач жер-жерлерден уруу башчылар бирден адамды өздөрү шайлап жиберишет. Ар бир адам кошуунга кошулуу үчүн 80 миң сом каражат ала келиши керек. Өкүлдөрдүн ар бири билүүсү керек болгон шарттар бар.

  • Кыргыз деп күйө турган, оозунда сөзү бар, Манас дүйнөсүнөн кабары бар адам болуусу зарыл.
  • Манастын чоролорунун аялдарынын ысымын, кырк чоронун ысымдарын жатка билиши, “Манасты” анча-мынча айта алышы керек.
  • Мурун сот жообуна тартылбаган, жашы 20дан 50гө чейинки эр жигиттер өкүлдүккө тандалат. Алар ден соолугу мыкты, ысык- суукка туруштук бере ала турган, эң негизгиси атты токуганды, бакканды билген адам болушу керек.

Тандоонун мындай кыйындыгына карабай, учурда “Манас жолуна” аттангысы келгендер толтура.

ДАЯРДЫКТАР
Азыр даярдыктар катуу жүрүп жаткан учур. Өкүлдөр тандалып, демин ичине алып стартта турушат. Жолдо ар кандай кырсыктын алдын алуу үчүн дарыгерлер, ветеринардык дарыгерлер, журналисттер, кино тартуучу топ да дайындалган. Баса, аргымактар үчүн да өзгөчө кам көрүлгөн. Топтолгон акчага Алтайдан 6 тонна жем, 1 машина чөп, суу ташуучу машинадан бирөө даярдалып, өкүлдөрдүн аркасынан коштоп саксактап келишет.

“МАНАС” ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР

  • “Манас” эпосу дүйнөдөгү чоң эпос делген “Илиада” жана “Одиссеядан” 20 эсе, “Шахнамеден” 5 эсе, индиялыктардын “Махабхаратасынан” 3 эсе чоң. Изилдөөчүлөр болжол менен “Манас” жарым миллион ыр сабынан турарын изилдеп чыгышкан.
  • Саякбай Каралаевдин ысымы Манас дүйнөсүндө баалуу. Анын күнү-түнү тынбай “Манас” айткан учурлары болгон экен. Мындай учур өмүрүндө эки жолу болуптур. Айлап айтканда гана Саякбай ата “мен эми “Манас” айткандай болдум” деген экен.
  • “Манас” деген аталышта дүйнөдө бир канча жер-суу аттары бар. Мисалы, Индияда “Манас” аттуу сейил бак бар. Ал эми Кытайда “Манас” аттуу көл кездешет. Көлгө ар түрдүү ооруларга шыпаа издегендер барышат. Маалыматтарга караганда, Манас кытайларды сүрүп келип токтогон жер “Манас” аталып калган.

“ЭЛДИН ИШЕНИМИ БЕКЕМ”
– Асыкбек агай, чоң ишке белсенген экенсиздер. Эгерде кырк өкүлдүн бири ооруп калса эмне болот?
– Кырк өкүлдүн бири чыдабай кетип калышы мүмкүн эмес. Ошон үчүн аябай тандоодон өткөрүп жатабыз. Ушунча белсенип киришкен ишибизди бирөө ойрон кылышына жол бере албайбыз.

– Ал эми аттар качып кетсе же кырсыкка чалынсачы?
– Аттар күчтүү, дени сак, узак жолго жарамдуу аргымактар. Аны атайын саяпкер таптап жатат. Ал эми качып кетсе, Кудай урбадыбы, отуз тогузубуз укурук салып кармай албай жаныбыз жокпу? Негизи эле атка кам көрө ала турган азаматтар барышат. Тушаганды же күрмөп байлай албаганды “кой, сен жарабайсың” деп эле чыгарып коюп жатабыз.

– Эми келгенден кийинки иш-чаралар боюнча айтып кетсеңиз…
– Келгенден кийин Көлдүн Түп айылынан баштап атчан Кыргызстандын жерлерин кыдырабыз. Көлдөгү “Аалам ордодо” Ташкул Керексизов элди уюштуруп тосуп алмай болду. Ар дубан элге кайрылып, ынтымак-ырашкерликке үндөп, касиеттүү жерлерге Алтайдан алып келген топуракты таштап жүрүп отурабыз. Көлдөн кийин Кочкорго, анан Ат-Башыга барабыз. Ат-Башыда Аскар Салымбеков боз үйлөрдү тиктирип күтүп турат. Андан соң Өтмөктө Табылды Эгембердиев 50 орундук боз үй даярдап турат. Ал жерден Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы да элге кайрылып, милдетибизди түшүндүрүп жүрүп отурабыз. Ошентип, Кыргызстанды кыдырып отуруп акыры Таласка келебиз да, Манас атанын күмбөзүнө сыйынабыз. Бул иштин баарын Эгемендүүлүк күнүнө чейин бүтүрүү керек. Ошол күнү Бишкектеги аянтта кырк уруунун кырк боз үйү тигилип, кыргыздын даамдары элге бекер таркатылат. Андан кийин борборго улуттук фольклордук концерт беребиз. Ошону менен биз ыйык милдетибизди аткарып бүткөн болобуз. Бул жүрүш боюнча китеп жазылып, документалдуу тасма жана телефильм тартылат.

– Бул мистика деп ишенбей жаткандар да барбы?
– Эл ичинде андайлар да бар экен. Бирок элдин арасында патриоттор көп экенине, эл үчүн күйгөн азаматтар бар экенине ынанып турабыз.

Ушундай окурман, акыры ишеним жеңет демекчи, Манас атанын арбагы колдоп, ишенимибиз туу болуп, элибиз бейпил турмушта жашаса экен деген аруу тилекти биз да тиледик. Ал эми эл жүгүн көтөргөн азаматтарга ак жол демекчибиз.

Нуржамал Жийдебаева, koom@super.kg,
«Супер инфо», №403 23-29-июль, 2010-ж.

Нуржамал Жийдебаева, koom@super.kg, «Супер инфо», №403 23-29-июль, 2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.