Тогуз коргоол кантип тогуз кумалак болду?

EF6C0512-AE2C-4A68-BDA3-97FC5436D123_mw800_mh600_s16-18-июль күндөрү Чехияда тогуз коргоол боюнча мелдеш өттү. Кыргыз-казактын акыл оюнуна быйыл Кыргызстандын командасы келген жок. Байгелүү орундар бүт казактардын энчисине тийди. Тогуз коргоолду тогуз кумалак деп атаган казактар аны эл аралык деңгээлде күжүрмөн сүрөөнгө алып жаткандыктан, Пардубицедеги мелдеште оюндун казакча аталышы үстөмдүк кылып кеткени байкалды.

Казакстандын тогуз кумакалчысы Шерхан Пардубицедеги мелдеште, 16-июль, 2010-жыл

Пардубице шаарынын жабык стадионунда ондогон үстөлдөрдө ар башка өлкөлөрдөн келген спортчулар алдындагы такталарга үңүлүп отурушат.

Манкала деп аталган тектеш оюндардын катарында тогуз коргоол боюнча мелдеш Чех Жумуриятында быйыл үчүнчү жыл катары менен өттү.

Шерхан Битимбай тогуз коргоол боюнча чех жергесиндеги мелдеште 5-орунду алды. Казакстандан (Кызыл-Ордо) келген 10 жаштагы спортчу мелдештин алдында сүйөрмандар менен ойноду.

Сүйөрман деген менен, алардын арасында чехиялык өспүрүм балдар Зденек, Яакуб Цасх, орусиялык Татяна Грачева өңдөнгөн бул мелдештерге башынан катышып келаткан, тажрыйбалуу оюнчулар да болду.

«Чех Опен» деп аталган Чехиядагы Акыл оюндарынын кароосунда тогуз коргоолдон тышкары шахмат, шашка, Рубиктин кубиги, бакгамон өңдөнгөн көп түрдүү оюндар боюнча мелдештер өтөт.

Тогуз коргоолду Чех Опен чемпионатына киргизүүгө Давид Котин жубайы Хана Котинова экөө демөөрчү болушкан, үч жылдан бери мелдештерди да ушул жубайлар уюштуруп келе жатышат. Давид Котин теги америкалык, акыл оюндары боюнча эл аралык федерациянын гроссмейстери, ар кыл оюндардын машыктыруучусу.

Анын айтымында, шахмат менен тогуз коргоол эки башка оюн болгон менен, экөө тең стратегия менен тактиканы терең түшүнүүнү талап кылат. Котин тогуз коргоол менен шахматтын тигиниси же мунусу кыйынырак деп айтуудан тайсалдады.
– Тогуз коргоол чындыгында өтө татаал оюн, алысты көрө билген, логикалык ой жүгүртүү керек. Бир нече жүрүштү алдын-ала эсептеп, так ойноо зарыл. Aр бир оюнчуга сегиз «үй», эки «казаны» бар, бардыгы болуп 162 коргоол менен ойношот.

Тогуз коргоолго салыштырмалуу шахматта болгону 32 фигура бар:
Шахмат кээ бир адамдар үчүн татаал. Анда оюн падышахты колго түшүрүүнүн айланасында жүрөт. Тогуз коргоолдо бир да коргоол башкасынан өйдө же төмөн эмес, баарынын макамы бирдей. Бирок коргоолдун саны ушунча көп болгондуктан, көп киши жүрштөрдү алдын ала эсептөөдөн кыйналат. Айтор экөө тең татаал оюндар.

Буга чейинки мелдештерде жалаң кыргыздар менен казактар беттешип, калгандар көчмөндөрдүн байыркы ойнуна суктанып, таалим алышчу. Ал мелдештерде кыргыздар “казактар дүйнөгө тогуз кумалак деп таанытып жиберген бул оюнду тогуз коргоол деп аташ керек” деп талашып келишкен. Ошондуктан бардык жарыяларда оюндун эки аталышы тең, катары менен жазылчу. Быйыл Пардубицедеги оюнда тогуз коргоол деген аталышты эч жерден көрө албадык, мөөрөй талашка кыргыздар келбей калды.

2008-жылы Прагада өткөн мелдеште Кыргызстандын тогуз коргоол федерациясынын вице-президенти Камчыбек Касымов кыргыздар өз укугун талаша берет деп айткан эле:
Казактар бизден озунуп, биздин оюнду тогуз кумалак деп жайып жиберишиптир. Бирок биз бардык жерде биздин оюндун аты тогуз коргоол деп айтып жатабыз.

Айдос Сейитжанов, Казакстан. Тогуз коргоол боюнча чех чемпионатынын жеңүүчүсү, Пардубиве, 16-июл, 2010-жыл

2008-жылдагы алгачкы мелдешти казактар утса, былтыр баш байгенин Кыргызстандан Нурия Султанмуратова жеңил алган. Бул жолку тогуз коргоол же тогуз кумалак оюнуна Казакстандан тышкары, Латвиядан, Орусиядан, Чехиядан оюнчулар катышып, байгелүү орундардын бардыгын казактар жеңип алды. Сеитжанов Айдос биринчи, Тулегенов Бауржан экинчи, Нуржанов Муратбек үчүнчү орунга ээ болду.

Бирок кыргыздар тогуз коргоолдон ушул күздө күч сынай алышат. Казакстанда бул оюн боюнча октябрдын орто ченинде дүйнөлүк чемпионат өткөнү жатат.

Тогуз коргоолдон интернеттен үйрөнсө боло турган оюндун программасын кыргыздар ойлоп чыгышкан. Бирок казактар бул улуттук мураска өзгөчө маани беришүүдө. Алар тогуз кумалак тууралуу казак, орус, англис тилинде окуу китебин чыгарышкан. Оюн Казакстанда орто мектеп программасына киргизилген. Азыр эми эң алгачкы эл аралык чемпионатка камылга көрүп жатышат.

Жаңыл Жусубжан, «Азаттык», 23.07.2010-ж.

Соц тармактар:

One thought on “Тогуз коргоол кантип тогуз кумалак болду?

  • 27.07.2010 at 13:53
    Permalink

    ушул оюнубузду каяктан уйронсок болот?

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.