Александр Щуплов

* * *
Келип жатат поезддер,
Кетип жатат поезддер.
Дайым кечте жылдыз жанат,
Көңүл бөлсөң сен эгер.

Учуп келет учактар,
Учуп кетет учактар.
Жамгыр даагы жаап жатат,
Жаап жатат кучак кар.

Достор кетет коштошуп,
Достор бизди табышат.
Алар бизге окшошуп,
Өмүр шамын жагышат.

(Которгон Догдурбек Юсупов),
“Кыргыз туусу”, 30.07.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.