Андрей Вознесенский

Үстөлдө отуруунун эрежеси
Аянбастан жей бергиниң четинен,
Суусундукту ичип коюп дембе-дем.
Бир нерсени гана сенден өтүнөм,
Кармабачы музыканы кол менен.

Бадыраңды алып чыгып түбүнөн,
Чайнай бергин сүйлөшпөстөн эл менен.
Коркпосоң да ток урат деп сүрүнөн,
Тие көрбө музыкага кол менен.

Ал чынында жүрөк менен барабар,
Ыргактары үчүн дайым жол кенен.
Колуң таза болсо дагы, кападар –
Кармабагын музыканы кол менен.

Отургандар эмне гана дешпесин,
Жесең мейли тамак-ашты кол менен.
Колуңду тарт, бекер жулуп кетпесин,
Тие көрбө музыкага кол менен.

(Которгон Догдурбек Юсупов)

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.