Нарында 15-16-сентябрда «Кыргыз шырдагы» фестивалы өтөт

Нарында «Кыргыз шырдагы» фестивалы 15-16-сентябрда өтөт. Мындай маалымат 6-августта Нарын областтык акимчиликтин жыйындар кеңсесинде өткөрүлгөн уюштуруу чогулушунда айтылды.

Маалыматка ылайык, бул биринчи фестивалда элдик кол өнөрчүлүктүн көркөм дөөлөттөрүнүн түрлөрү даңазаланманчы. Фестиваль аталган күндөрү Нарын шаардык спорт стадионунда өткөрүлөт.

Фестиваль областтык акимчиликтин, Нарын шаардык мэриянын, Тышкы иштер министрлигинин, Германиянын техникалык колдоо коомунун, Борбор Азия Университетинин, жергиликтүү ишкерлердин көмөгү аркылуу жүзөгө ашырылат. Бул тууралуу “Баракелде” сайты кабарлады.

“Zpress.kg” МА

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.