40 уруу өкүлдөрүнөн турган «Алтай-Кыргызстан» ат жүрүшүнүн катышуучулары Алтайга жөнөп кетишти

«Алтай – Ала-Тоо Манастын жолу менен» аттуу жүрүшкө катышуу үчүн 8-августта ат жүрүшү тобу Бишкектен Алтайды көздөй унаалар менен жөнөп кетишти.

Жүрүштүн максаты – кырк уруу кыргыз элин бириктирүү, ынтымагына данакер болуу делет. Алтайдан Ала-Тоону көздөй ат жүрүшкө Кыргызстандагы кырк уруудан бирден өкүл иргелип, тандалып алынып, Алтайга атайын жөнөтүлдү. Аларды алтайлык Акай Кине  тосуп алмакчы. А.Кине унаалар менен бараткан кыргыздар үчүн кырк жылкы даярдап, камылга көрүүдө. Кыргызстандан барган кырк жигит жана аларды коштогон тарыхчы, илимпоз, маданий ишмерлер Алтайдан Кыргызстанды көздөй А.Кине даярдаган аттар менен жүрүшкө чыгышмакчы.

«Кабар» МА

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.