Олжобай Шакир. “Жыт”

ңгеме)

Бөкчөйгөн бечара кемпирдин заарканганы – жыт. Ал жыт өзүнүкү, бирок өзүнө кайдан жыттансын, аны эшиктен кирери менен уул-келини, неберелери сезет. Алар босогону аттаары менен кемпирге жийиркеничтүү карап, терезе, балконду ачканга шашат. Үйгө жагымсыз жыт толуп кеткенин мурда эч кимиси ачык билдирчү эмес эле, азыр босогону аттары менен «өф-фи-иий» деп турушат. Башкасы башка го, «апа, терезелерди ачып отурсаңыз боло!» дегенди өз жанынан чыккан уулу Медер баштайт. Бечара кемпир кийинчерек ушул кепти көп уккандан жазганчаак болуп бүттү. Медердин энесине жасаган мамилесин көргөн үчүнбү, ыймандуу деген келини да акыркы күндөрү кайненесин кагып-силккенге өтүп алды. «Кел, өптүрүп кой» дегенди уккан неберелери болсо «чоң эне, сиз сасып атасыз» деп кача турган болушту. Балдарынын андай мамилесин тыйып койчу Медер азыр таптакыр дудук немедей. А түгүл алар чоң энесин «андай отур, мындай отур» дегенин көрүп турса да үндөбөгөн адатты таап алды.

Үй эки бөлмөлү. Биринде Үпөл кемпир жалгыз уктайт. Мурда үч небереси менен бир бөлмөдө чогуу укташчу. Алар чоң энелерин талашып, кезектешип койнуна жатканды жакшы көрүшчү. А кемпир неберелерин «сасыктарым» деп эркелетер эле. Кийин «чоң энебиз сасык» дегенди көп айтышчу болду. Түгөткүрлөр эми Медер менен келини Жанаранын айткандарын кайталаганы кандай… «Чоң энем жаткан бөлмөгө жатпайм» дегенди эң биринчи улуу небереси айтары менен кийинки экөө да «силер жаткан бөлмөгө жатам» дегенди айтып чыкты. Медер менен Жанара да балдардын айтканы менен болуп, чоң бөлмөдө чогуу уктоону макул көрүштү.

Үпөл бечаранын турмушта таянары – бир уул, бир кыз. Кырчындайында баш кошкон жолдошу 1941-жылкы согуштан кайткан эмес. Солкулдап турган кезинде жесир калса да, өмүрү жол карап жүргөн немедей өттү. Турмуш курган жок. Уул-кызым өгөй атадан бозала болбосун деп, колун сураган далай жигиттин шагын сындырганын эстейт. Экөөнү жер каратпайын деп, бөксөсүнө эт, сүйрүсүнө сүт тололек кездеринен кем-карчысыз чоңойткон эле. Уул-кызы үчүн каруусун казык, билегин токмок кылып иштеп жүрүп, колхоздун алдыңкы саанчысы болуп чыга келди. Аларды бирөөгө жетим дедирткен жок. Тапкан-тергенин үйрүлүп түшүп, экөөнө тең бөлүп өстүргөнүчү. Эми минтип, үйдө керээлдин-кечке камалып отуруп, балдарынын балалыгын эстегенди жакшы көрөт. Кээде шоргологон жашы да төгүлүп кетет. Уул-кызы Медер менен Зейнептин кенедейдегисин эстеген сайын жүрөгү зырп этип алат. «Балдарың маңдайыңда туруп, бирок ошолордун балалыгын сагынткан эңсөө кыйын окшойт» дейт өзүнчө. Ар бир күн менен зар какшап коштошкон карылык күнү келгенде уул-келини менен неберелери ар бир саатта үйдү желдетип, терезе, балконду ачкан сайын жазмышына кейийт. «Бул эмне болгон жыт?» – өзүнө-өзү берген суроого жооп таппайт. Ар жума сайын кызы Зейнеп келип жууп-тарап, ич кийимдерин которуп бергендин эртесиле неберелери «чоң эне, сизден жыт чыгып атат» дегенди башташат. Күнүгө жыт жөнүндө уккан сайын, эмне кылар айласын таппай ойлончу болду. «Куру дегенде сыртка чыгып, ары-бери басып желдесем, жыт кетип калат беле?» дейт, бирок сыртка барып-келиш кайда. Колу-буту ооругандыктан тогуз кабаттуу үйгө кайра көтөрүлүп чыгалбайт. Лифтиден да коркот. Ага түшсөле жүрөгү айныйт. Анын үстүнө энесинин сыртка чыгам дегенин уккан Медер да бир сапар «кыштын кыраан чилдесинде эшикти эмне кыласыз» деп тилдеп койгону бар. Колунан келгени – ваннага саат сайын кирип коюн-колтугун чайкамыш болот. Бирок оорукчан колдору көтөрүлбөгөндүктөн, оң колу сол колтугуна жетпейт, сол колу оң колтугуна. Элетке кетип калат эле, шаарда багар-көгөр уул-кызы турганда кантип барат. Медер менен Зейнепти жаманаттыга калтырабы. Бул анын эл арасында уул-кызыма кеп тийбесин дегени.

Зейнеп шартына жараша бир жумада бир келип жуунтуп-тарап турат. Өзү келалбаса кызы Жибекти жөнөтөт. Тегинен Жанара деле жаман бүлөдөн чыккан жан эмес. Кээде чын пейлинен «сизди мен деле жуунтуп-тарайын» дегенине ичинен ыраазы болгону менен кайнене эмеспи, тартынат. «Зейнеп өзү келсин» деген шылтоосу бар. Шылтоосун айтат. Ошондо деле ичинен сызып, келини жөн гана жыттан кутулуш үчүн айткандай сезилет. Кайта мындай сөздү оор кабыл алып, ааламга батпай кетет. Ошол замат өз бөлмөсүнө кирип, каалганы жабат да, керебет турган бурчуна корголойт.

Мурда дасторконго уул-келини, неберелери менен чогу отурушчу, кийин эле үйдө жыт пайда болгондон баштап кемпирди бөлө башташты. Тамак даярбы, бүттү, кызыгы болбосо деле баары телевизор көрөбүз деген шылтоо менен кухняга кемпирди жалгыз отургузуп коюшат. Ошентип ал жалгыз олтуруп тамактанат. Кемпир тамагын жеп, бөлмөсүнө кирери менен баары кухняга жабыла чуркайт. Кемпирди ушул көбүрөк ардантат. Жашы токсонго таяса да колу-буттан башка дени-карды таза. Курбуларынын баары өтүп кеткен. «Мениле эмне кудай албады» деп күнүгө кейийт. «Адамдын эң ташбоор душманы – карылык турбайбы» деген сөзүн басса-турса күбүрөнмөй адаты бар. Күнүгө аткан таң менен баткан күндү карап, «мени алып кеткен күнүң болобу!» дегенди келмедей кайталай.

Мүмкүн дагы канча жашайт эле ким билет, бир күнү катуу ыза болду. Жумушунан кеч келген Медерин аяп, кухняда тамак жеп отурганын жанына отурду. Тамакты үн-сөзү жок жеп аткан Медердин маңдайында отурган кайненесине Жанара тамак куюп, үстөлгө койду. Кемпир деле тамак жемек эмес, эне-баладай сүйлөшкүсү келген ниет  менен уулуна жакындаган. Уулунун кыялынан жалтактаган байкуш сөздү адегенде кызы жөнүндө баштады:

– Бүгүн Зейнеп келип, жуунтуп-тарап кетти.

– Жакшы болуптур.

– Уруксат берсең, бираз күнчө Зейнептикине жүрүп келейин деп атам…

Медери үндөбөдү. Эне байкуш бул учурда өзүнүн денесинен жыт чыгып турганын сезбеди. А тиги болсо энеси тараптан жыт келгенине ичинен кыжаалаттанып аткан. Табагын көтөрүп барып, башка бөлмөдөн жесемби деп ойдолоктоп калды. Ангыча уулунун карды ачып келгенин байкаган эне өзү ичип аткан тамактагы эттерди терип, уулунун табагына сала коюп балээ басты.

– Өзүңүздүкүн өзүңүз жебейсизби! – деп алдындагы табакты жиркенгенсип түртүп салды.

– Айланайын, сени курсагы ачтыбы деп… – Андан ары эмне дээрин билбей, ызасына муунуп калды. Бирдеңке айтайын деп барып, өз жатынынан чыккан уулунан мурда болуп көрбөгөндөй ичи сууду. Медер болсо ордунан шарт турду да, телевизордун үнүн чоңойтуп, дулдуюп отуруп албаспы. Муун-жүнү калтыраган кемпир ошол замат колуна таягын алып, сыртка жөнөдү. Кемпирдин сыртка кеткен-кетпегени менен эч кимдин иши болгон жок. Жанара кухняны ирээттеп, неберелери да Медер менен телевизор тиктеп отуруп, уктап калышкан.

Жанара таң эрте туруп, күндөгүдөй кайненесинин тамагын жедирмек болуп, бөлмөсүнө башбагары менен кайра чыкты.

– Медер, апам кайда?

– Ваннага киргендир.

– Ваннада киши жок.

Медер кемпир жаткан бөлмөгө өзү кирди. Жыт жок экен. Кемпирдин үйгө түнөбөгөнүн жыттан улам шекшиди. Төшөгүн сыйпалап көрсө, муздак. Кыйсыпыр түшүп кемпирди таппай калышты. Кыштын кыраан чилдесинде кемпирдин кайда кеткени табышмакка айланды. «Кызына кетип калдыбы?» Таң эрте Зейнептин үйүнө телефон чалып, бирок эмне дешти билбей турду. Оюнда эч нерсе жок Зейнеп трубканы алып:

– Апам жакшы элеби? – дегенди биринчи сурады.

– Апам жакшеле, өзүңдүн абалыңды билейин деп эле чалгам… – деген жоопту оозу бош айтып, трубканы илди.

«Кайда кетти?» Медер оюн бир жерге токтоталбай койду. Жанара экөө сыртка чуркап, подъезддердин баарына кирип, шаар тургундарынын тынчын алып чыгышты. Кемпирди «көрдүм» деген жан табылбады. Айласы кеткен Медердин издөө салбаган жери калбады. Издөө экинчи күнгө уланды. Кошуна-колоңдор «энеңердин сүрөтүн телевизор, гезиттерге берип көргүлө» дегенинен Медер энесинин жалгыз түшкөн сүрөттөрүн алып, маалымат каражаттарына кайрылмай болду. Шаардын маршруттук таксисине отурары менен жанындагы кыздын мобилдик телефону чырылдады.

– Алло, ата… Мен азыр моргдун жанына келип калдым. Беш мүнөт…анан бүттү. – Беш мүнөт өттүбү, өткөн жокпу маршруттук такси тарс-турс, кайч-куйч болуп, катуу күү менен токтоду. Морг деген сөздү угары менен «мүмкүн моргго да кайрылып көрсөмбү?» деп ойлонуп келаткан Медер кулап түштү. Үстүнө салондун артында отуруп, туруп келаткан жүргүнчүлөр кулады. Салон ичи ызы-чууга толуп кетти. Бири онтоп, бири кыңкыстап атса, кээси кызыл-жаян. Автокырсыктан жабыр тартпагандардын арасында Медер да бар эле. Ал майышкан каалга араңдан-зорго ачылгандан кийин сыртка чыгып, эсин жыйган кезде алиги «Ата, мен моргдун жанына келип калдым. Беш мүнөт… анан бүттү» деген кыздын асфальт жолдо жаткан кызыл-жаян денесин көрдү. Кесилиште тургандардын айтымында, анын денеси алдыңкы терезеден сыртка ыргыган бойдон асфальтка сүрүлүп барып жаны үзүлүптүр. Окуя болгон жерди эл бир заматта курчады. Бул учурда кыздын денесинин жанында жаткан мобилдик телефон бир нече жолу чырылдады эле, бирөө басып барып жооп айтканга батынбады. Телефон кайра-кайра чырылдап атты…

Болуп өткөн окуяга котолоп жыйылган элдин арасындагы Медер денесиндеги майда калтырактар тараганын сезгенден кийин энесинин сүрөтүн маалымат каражаттарына таркатканы жөнөдү. Кемпирдин жоголгону жөнүндө бүгүн шаар элине маалымат тарайт. “Зейнеп укса, эмне болор экен?” Медерди ушул суроо кыйнады. Бирде автокырсык көз алдынан кетпей койду. Телекөрсөтүүлөр менен гезиттердин баарына сүрөт таратып, үйүнө келатып, эсине бирдеңке кылт этти. Мындан бир нече саат мурда каргашалу окуя болгон жердеги моргдун тушуна келиптир, кайрыла кетүүнү чечти.

Моргдогу ак халатчан медайым Медерди жаңы келген өлүктөрдү сактачу муздаткычка ээрчитти. Өлүктөрдү аралап келатып, бирөөсүн көргөндө денеси дүр дей түштү. Алиги «Ата, мен моргдун жанына келип калдым. Беш мүнөт… анан бүттү» деген кыздын денеси экен. Бүгүнкү окуя көзалдына элестеп, денеси дүрүлдөп, өлүккө жакын келип тигилди. Мурдуна тааныш жыт бур дей түштү, кудум энесиникиндей. Эки жагын каранды. Кылчаяры менен энесинин бырыш баскан жүзүн таанып, маңдайында селейип турду. Жыты буркурайт. Энесинин жансыз жаткан денеси азыр ордунан козголуп, каргыш айтчудай сезилди. Көзү тирүүсүндө кучактабаган энесинин үстүнө ошондо кулап, бечара буркурап ыйлап жиберди. Мурдуна өмүрүндөгү эң жакын жыт урунганына зар какшап ыйлады. Бул жыт ага балалык күнүнөн бери тааныш сыяктуу сезилди. Жансыз денеге денеси тийгенде бүткөн боюн калтырак басып, өмүрүндө моргдун босогосун аттап көрбөгөн өз денеси муздап кеткендей болду. Негедир «Моргго келдим. Бүттү…» деген сөз өзүнөн-өзү оозунан чыгып кетти.

2007-ж.

 

oshakir1Олжобай Шакирдин башка чыгармалары

Соц тармактар:

One thought on “Олжобай Шакир. “Жыт”

  • 10.12.2014 at 11:20
    Permalink

    абдан укмуш жазылыптыр. Баракелде

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.