А. Ибраимов: Кайсыл тилде сүйлөшүп турса, ошол тил жашайт

Мамлекеттик тил менен тыш дүйнөнүн катышы, чет тилдерден кыргыз тилине которуу иштери Мамлекеттик тил боюнча улуттук комитеттин жетекчиси Азимжан Ибраимов менен болгон маектин негизги темасы болду.

Өзгөчө ушул тапта глобализация доорунда тыш дүйнө менен тыгыз байланышсыз өнүгүп-өсүү болбой турганы айкын эмеспи. Аны менен сиз деле макул болсоңуз керек. Ошол байланыш тил аркылуу жүрөт, жаңы маалыматтарга, жөндөмдөргө ээ болуу үчүн аларды түшүнүү керек эмеспи. Ушул себептен мындай суроо туулат, эмне себептен Кыргызстанда чет тилдерден маалыматтарды которуу маселеси аксап келатат. Эмне үчүн кыргыз тилине акыркы мезгилдерде көркөм адабият, ишкердик, саясат, экономика, ден-соолук жаатындагы болобу, эң мыкты китептери которулбай атат? Эмне себептен ошондой эле көркөм тасмаларды, мыкты документалдык тасмаларды, анимациялык фильмдерди которуу колго алынбайт. Буга эң башкысы мамлекет эмне үчүн көз жумуп атат?
– Негизи бул маселе бүгүн эле келип чыга калган жок. Бул совет доорунан бери келаткан дарт, оору деп эсептесек болот. Чындыгында биз бүгүнкү күнгө чейин совет доорунда даярдалган окуу китептерин мектептерде, бала бакчаларда, жогорку окуу жайларында пайдаланып атабыз. Анткени окуу куралдары жетишпейт экен. Бул биринчи себеби.

Биз маалыматты орус тили аркылуу алганга көнүп калганбыз. Бүт баары тең Орусиянын сайттарына басым жасап, ошолорго шилтеме кылабыз. Бул бүгүнкү күңдө көндүм адаттардын бири. Сиз айтып аткандай котормо маселелерин күчөтүш керек. Мунун түпкү себептери бар, бул билим берүү маселелерине байланышкан.

Экинчиси, мамлекеттик камкордук сиз айтып аткан. Чындыгында котормо маселелери жылда көтөрүлөт, өкмөттүн, президенттин деңгээлине чейин коюлган учурлар болгон. Биз өткөн жылы да сунуш кылып, атайын котормо борборун ачуу, котормочулук иштерди өкмөттүк деңгээлде колго алуу жөнүндө маселелер коюлган. Буюрса муну биз жаңы өкмөт менен дагы кайрадан иштеп, сунуш кылалы деп атабыз.

Анткени сиз айтып аткан көркөм адабияттарды, өзгөчө балдар адабиятын которуп, жакшынакай кылып чыгарып, белек кылып берсек деген тилегибиз бар. Буга акча каражаты каралып, мамлекеттик деңгээлдеги саясат жүрүш керек. Ошонун концепциясын иштеп атабыз.

Чындыгында бүгүнкү күндө фильмдерди которуу маселесин биздин УТРК колго алып атат. Анимациялык фильмдер кыргыз тилинде чыгып атат, бул дагы бүгүнкү күндөгү жакшы көрүнүш деп эсептеш керек. Такыр эле эч нерсебиз жок, кур колбуз деп алаканыбызды ушалаган да болбойт. Бизде көптөгөн окуу китептери жаралды.

Мисал келтирейин, Америка университетинде бир эле мезгилде кыргыз тилин жана немис тилин үйрөнүп башташкан экен. Ошол окуп аткандардын көпчүлүгү дээрлик чет өлкөлүктөр. Ошолор айтып атышат, биз эки тилди бирдей баштадык, бирок кыргыз тили боюнча алда канча алдыга кеттик, немис тили артта калып калды дейт. Демек бул кыргыз тилин үйрөтүүнүн методикасы, усулдары ийине жетилип, жакшы деңгээлде иштетилгени бар экендинин белгилеп турат

Азимжан мырза, айтып атпайсызбы которуу маселесин көтөрүп атабыз деп. Өкмөт, дегеле бийлик өкүлдөрүнөн кайсы тиешелүү орган бар буга каралашкан?
– Бул маселени азырынча даярдап атабыз, кое элекпиз.

Мурда коюлуп келген да?
– Мурда коюлуп келген, бул боюнча атайын комиссия түзгөнбүз. Ал комиссиянын курамына тилчилер, мамлекеттик ишмерлер, депутаттар кирген болчу, ошолор карашкан мындан ары эмне кылабыз деп. Эң негизги көйгөй, мамлекеттик ишти кыргыз тилине которуудан башталган. Ошол биздин мамлекеттик ишти кантип кыргыз тилинде жүргүзө алабыз?

Экинчи маселе, коомдун бардык тармактарында кыргыз тилинде иш жүргүзүү, кыргыз тилинде сүйлөшүү орчундуу милдет болуп келатат. Негизги эле эл кайсы тилде сүйлөп турса, ошол тил жашайт экен. Сүйлөнбөгөн тил ал тил болбой эле илимге аттап кетет экен. Ошондуктан кыргыз тили бүгүн кыргыздардын арасында сүйлөшө турган эле каражат болбостон, мамлекеттик тилдин ролун аткарыш керек болуп атат.

– Рахмат.

Илим Жанузаков, «Азаттык», 25.08.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.